VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 500 млн сомдон ашык каражат жумшалаары айтылды

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 1–6-сентябрда Бишкектеги жаңы «Бишкек Арена» стадионунда өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев журналисттерге билдирди.

Министрдин айтымында, оюндарды уюштурууга 500 миллион сомдон ашык каражат бөлүү пландалууда. Маанилүү эл аралык иш-чара президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө өтүп, уюштуруу жумушчу тобун президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев жетектейт.

Көчмөндөр оюндарынын алкагында этникалык айыл курулуп, ипподромдо улуттук ат оюндары өткөрүлөт. Ошондой эле Өрнөк айылындагы Көчмөндөр цивилизациясынын борбору жана «Рух Ордо» комплекси пайдаланылат. Оюндарга 89 өлкөдөн коноктордун келиши күтүлүүдө.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз