whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
16.11.2025
1.1 C
Бишкек

Жасалма акылдын жашоого тийгизген жарыгы… Көлөкө жагы да бар…

25-жылы Кыргызстанда жасалма интеллект (ЖИ) элдин жашоосунда кеңири колдонула баштады. Жасалма интеллект лабораторияларда же IT-компаниялардын ички долбоорлорунда гана эмес — үйдө, окууда жана жумушта чоң жардамчыга айланды. IT- технологиялары мамлекеттик деңгээлде да активдүү киргизилип жатат. Бул боюнча өкмөт башчылары, тиешелүү мамлекеттик кызматкерлер атайын программанын негизинде иш алып барып, жасалма акылды өнүктүрүү үчүн башка мамлекеттерден артта калбоонун аракетин көрүшүүдө. Коңшу Казакстан бул тармак боюнча атайын министрлик ачууга жетишти. Ал эми Кыргызстанда билим берүү түзүмүнө же  мектептеги окуу программасына кошуу каралып жаткан чагы. Учурда интернетте жасалма акылдын программалары абдан көбөйдү. Алардын көбү акысыз жана арзан, бирок туура колдонсоңуз — абдан пайдалуу.ЖИден өткөн  жардамчы  жок

Добуш менен башкарылуучу жардамчылар — азыркы жашоонун кадимки бөлүгү. “Алиса” (“Яндекс”) жана “Салют” (“Сбер”) жардамчылары аба ырайын айтып берет, маанайга жараша музыка табат, тамаша айтат, жарыкты күйгүзөт, эскертмелерди коюп, тиричилик техникасын башкарат, такси же тамак буюртма кылат. Башкысы интернет болгону жетиштүү.

“Акылдуу үй” түзүмү да, адаттагы көрүнүшкө айланды. Камералар жана сенсорлор адамдын өңүн тааныйт,
кооптуу жагдайларды байкап, эскертет. Робот – чаң соргучтар да акылдуу болуп калды – алар үйдүн картасын эстеп, тос-коолдуктарды айланып өтөт жана добуш буйруктарын аткара алат.

Которот, текст жазат, ката оңдойт

Ал эми жумушта тексттик жардамчылар — эң жеткиликтүү жасалма акылдын формаларынын бири. ChatGPT, GigaChat, YandexGPT жана DeepSeek каттарды, отчетторду, документтерди түзүүгө, текст жазып, аларды которуп жана текшерүүгө жардам берет. Бардыгы Кыргызстанда иштейт жана акысыз жеткиликтүү. Бирок маанилүү документтерди сөзсүз кол менен кайра текшерип чыгуу талап кылынат.

Бул нейротармактар каталарды оңдоп, тыныш белгилерин коюп, текст түзүп чыгат же стилин өзгөртүп берет – негизгиси, тапшырманы так койсоңуз, баарын ойдогудай аткарат.

Визуал менен иштегендер үчүн Kandinsky жана Шедеврум кызматтары бар – сүрөттөрдү жана анимацияларды текст аркылуу түзөт. Visper видеону жасалма аватарлар менен үн
коштоп берет.

Аудио менен иштөө үчүн Speechpad пайдалуу – сүйлөгөн сөздү текстке айлантат. Бул маектер, лекциялар, жыйындар үчүн ыңгайлуу. Telegramдагы SaluteSpeech боту да үн жазууну автоматтык түрдө транскрипция кылат.

Презентацияны SlidesAI же Gamma аркылуу тез эле жасоого болот – текст берсеңиз, система өзү слайддарды түзөт.

Чыгармачылыкта жана окууда

Мubert — тексттик тапшырма боюнча электрондук музыка түзөт. Видео же подкаст үчүн фондук обон жаратууга ылайыктуу. Үн менен иштеген инсандар колдонушса болот.

Kandinsky жана Шедеврум дизайнерлер жана сүрөтчүлөр үчүн — идея, интерьер, пейзаж же принт үлгүлөрүн түзүүдө жардам берет. Бул архитектура же интерьер дизайнерлердин ишин жеңлдетип, жаңы чыгармачылык идеяларды берип турат.

GigaChat, YandexGPT жана DeepSeek жазуучуларга жана сценаристтерге сюжет, диалог жана чыгармачылык идея берет. Кантип десеңиз акырындап, сиз өз оюңузду жазып жөнөтсөңүз сиздин ой жана интеллектуалдык деңгээлиңизге ылайыктап өнүгө баштайт.

Кызыктуу баарлашуу же тил үйрөнүү үчүн Character. AI колдонсо болот – виртуалдык каармандар менен сүйлөшүү мүмкүн. Эгерде чет тилин үйрөнүүнү
каалап жатсаңыз анда, сөзсүз ушул жасалма акыл менен иштешиңиз.

Студенттер жана окуучулар үчүн ЖИ темаларды түшүндүрүп, конспект түзүп, тесттерди даярдайт. Ошондой эле тил үйрөнүүдө грамматика, котормо жана сүйлөшүү көнүгүүлөрүн жүргүзүүгө жардам берет. ЖИге орусча жазуу керек, ал кыргызча түшүнбөйт деген жалган. Ал кыргыз тилин укмуш жакшы түшүнүп, кыргызча кайра жазып бере алат.

Коркунучтары дагы бар

Бул жеке маалыматтардын жыйналышы, биометриялык маалыматтардын чогултулушу жана сыртка чыгып кетүү коркунучу. Жакында эле, жасалма интеллекти ойлоп чыгарган белгилүү окумуштуу “ЖИни өзүңөрдүн психологуңар кылып албагыла, бул келечекте зыянын тийгизип калат” деген билдирүүсүн таратты.

Жоопкерчилик. ЖИ катасы үчүн ким жооп берет деген суроо ачык бойдон калууда. Андыктан алган натыйжаны же маалыматты сөзсүз текшерүү талап кылынат.

Киберчабуулдар. Хакерлер ЖИни зыяндуу код жана фишинг түзүү үчүн колдонушат. Бул коомдо ар кандай жалган
маалыматтарды, алдамчыларды көбөй-түүгө алып келип жатат.

Дипфейктер. Синтетикалык видео жана үн аркылуу жалган маалыматтар тарайт. Кайсы бир белгилүү инсан же саясатчынын атынан ар түрдүү фейк
маалыматтарды да жасап бере алат, бул коомго коркунучтуу.

Этикалык жана социалдык тобокелдиктер

Дискриминация. Алгоритмдер маалыматтагы алдын ала көз караштарды кайталап коюшу мүмкүн. Кайсы бир башка инсандын же этностук топтун кызыкчылыгына көбүрөөк таянып коюу коркунучу бар.

Жумушсуздук. Автоматташтыруу 30% жумуш ордун жоготууга алып келиши ыктымал. Айрым технологиялар же программалар жумушчу орундарын азайтат. Өзгөчө программистер, IT тармагындагылар жумушсуз калуу ыктымалдуулугу көбүрөөк.

Ой жүгүртүүнүн төмөндөшү. ЖИге ашыкча ишенүү адамдардын өз алдынча ойлонуу жөндөмүн азайтат жана жаштарда жалкоолукту көбөйтөт. Адамдар үй-тиричиликтен тартып, чыгармачылыкка чейин ойлонуудан баш тартып, баарын ЖИге жүктөп жатып, өздөрүнүн эс тутумунун жакшы иштебей калуусуна алып келип жатканын билбей калышууда.

Технологиялык жана экзистенциалдык жактары

Автономдук системалар. Аскердик роботтор жана дрондор адам көзөмөлүнөн чыгып кетиши мүмкүн. Учурда бул тармактар үчүн да ЖИ активдүү роль ойноодо. Айрыкча акыркы мезгилдерде согуш учурларында деле, учкучсуз же аскерсиз эле технологиялар атышып жатканы баарыбызга белгилүү. Ушул жагдайлардын дагы өнүгүүсү, ондогон жылдардан соң кайрадан адамзатка зыянын тийгизиши мүмкүн экенин адистер белгилешет.

Супер акыл. Адамдан акылдуу ЖИнин пайда болуу коркунучу бар экенин илимпоздор айтып жатышат. Кытайда роботту жасаган окумуштууну кайра ошол робот өлтүрүп салган факт дагы кайталануусу толук мүмкүн.

Окутуудагы каталар. ЖИнин чечимдерин түшүнүү кыйын – бул медицина, каржы жана транспорт тармагында
кооптуу. Медицина тармагы боюнча дагы жардам сураган бейтаптар бар. Бирок бул жаатта ЖИнин жообу толук жетиштүү делбейт. Анын берген рецебин пайдаланып жабыркагандар бир канча.

Коомго жана экономикага таасири

Санарип теңсиздик. ЖИни колдоно билгендер артыкчылыкка ээ болот. Албетте эң биринчи убакыттан утат. Эгерде ЖИни жакшы окуп, туура пайдаланса, мыкты жыйынтык ала алат.

Экологиялык көйгөй. Ири нейротармактар көп энергия сарптайт. Бул ансыз деле электр энергиясы жетишсиз убакта, көп өлкө үчүн коркунуч жаратпай койбойт.

Манипуляция жана фейктер. ЖИ коомдук пикирге таасир этүүчү жасалма маалыматтарды түзө алат. ММК үчүн же өлкө үчүн ар кандай пропагандалык маалыматтарды тез жайылтуу мүмкүнчүлүгү бар.

ЖИ менен иштөөдө эмнени эстен чыгарбоо керек

ЖИ жаңылышы мүмкүн – ар дайым текшериңиз. Өзгөчө жакшы өнүкпөгөн өлкө жарандары толук жана так маалымат ала албайт.

Купуя документтерди ачык ЖИге жүктөбөңүз. Түзүмдө дайыма сакталып калат. Кайсы бир учурда сизге кедергисин толук тийгизиши мүмкүн.

ЖИ – жардамчы, бирок адамдын толук акыл эсиндей болуп иштей албайт. Андан сиз болгону жакшы идеяларды, дагы жетишсиз маалыматтарды алып турсаңыз болот.

Кандай гана ЖИ программасы болбосун, так жана түшүнүктүү тапшырма коюңуз – ошондо сизге натыйжалуу
жооп берет.

Бир кадамдан баштаңыз

Жогорудагы кызматтардын көбү акысыз жана азыр эле колдонууга даяр. Бирөөсүн тандап, өз муктаждыгыңызга ылайыктаңыз. Башында бир аз убакыт талап кылынат, бирок түзүмдөр тез өнүгүп жатат. Бүгүн жөнөкөй жооп берген ЖИ эртең эле сүрөт, видео, аналитика жасай алышат. ЖИ бул сиздин эле акыл-эсиңиздин негизинде, убакыт өткөн сайын сиз ойлоп, каалагандай боло баштайт.

Жасалма интеллект — сыйкыр эмес, жөн гана курал.

2025-жылы бул курал — баарыбыз ишенип, пайдаланып калган куралга айланууда.

Гүлмайрам РАХМАНБЕРДИЕВА,
“Кыргыз Туусу”

 

Акыркы гезиттер

Диана Талгартбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика жана менеджмент кесиби...

Сартбаевдердин династиясы: педагог, дизайнер, химик-биотехнолог

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракелик иш-чарасынын алкагында жана Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө карата профессор Каратай Сартбаевдин 95 жылдыгына, академик Болот Каратаевич Сартбаевдин 70...

Узак жашоонун сыры

Адистердин айтымында, узак жашоонун төмөндөшүнө экономикалык оор шарт, сапаттуу медициналык тейлөөнүн жетишсиздиги, туура эмес тамактануу, стресс жана экологиялык көйгөйлөр таасирин тийгизет. Айрыкча, жүрөк-кан тамыр оорулары, диабет жана...

Таштанды — көйгөй эмес, мүмкүнчүлүк

Кыргызстан — тоолуу, суусу мол өлкө. Бирок акыркы жылдары электр энергиясынын жетишсиздиги түйшүккө салып келет. Айрыкча кыш күндөрүндөгү абал баарына белгилүү. Мындай учурда альтернативдүү энергия булактарын издөө...