Башкы беткеМаанилүүБишкекте "Art-Ordo – 2025" эл аралык театр фестивалы өтөт

Бишкекте «Art-Ordo – 2025» эл аралык театр фестивалы өтөт

Бишкекте 20–24-октябрь күндөрү өтө турган «Art-Ordo – 2025» эл аралык театр фестивалында жалпысынан 9 спектакль коюлат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, быйылкы фестивалга Кыргызстандын театрлары менен бирге Өзбекстан, Казакстан, Каракалпакстан жана Түркмөнстандан келген театр труппалары катышат.

Фестивалдын алкагында Токтоболот Абдумомунов атындагы улуттук драма театры, Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры, Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театры, ошондой эле башка сахналарда спектаклдер көрсөтүлөт.

Программага “Эне”, “Где родина моя”, “Каракөз”, “Улпан”, “Илегилек”, “Страдание двух сердец”, “Чиркин өмүр”, “Найзагай” жана “Три сестры” аттуу чыгармалар кирет.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар