Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомдор федерациясынын башчысы Севаль Гузелкилинч менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.
Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Федерациянын кызматташуусунун негизги багыттарын жана өлкөдө жүрүп жаткан гуманитардык долбоорлорду талкуулашты.
Федерация 2026–2027-жылдарга карата жаңы стратегиясын сунуштап, анын негизги максаттары катары:
улуттук Кызыл Крест коомунун мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу,
кризистик кырдаалдарга даярдыкты күчөтүү,
медициналык жана эмдөө программаларын өнүктүрүү,
калктын муктаж катмарына социалдык жардам көрсөтүү багыттары белгиленди.
2026-жылы Кыргызстан Кызыл Жарым Ай коомунун 100 жылдыгы белгиленери да өзүнчө айтылды.
Мындан тышкары, тараптар жугуштуу оорулардын алдын алуу, аймактарда эмдөө иштерин күчөтүү жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жакшыртуу маселелерин талкуулашты. Кыргызстанды өзгөчө кырдаалдарда адамдарды коргоо боюнча Глобалдык келишимге кошуу мүмкүнчүлүгү да каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап мындан ары да кызматташууну кеңейтүүгө жана гуманитардык демилгелерди колдоого даяр экенин билдиришти.

