whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
12.11.2025
8.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүБишкекте жугуштуу оорулар бейтапканасында жаңы балдар имараты ачылды

Бишкекте жугуштуу оорулар бейтапканасында жаңы балдар имараты ачылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев борбор калаадагы Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар бейтапканасынын жаңы балдар имаратынын ачылыш аземине катышты.

Өз сөзүндө ал өлкөнүн эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылууда инфекциялык кызматтардын маанисин белгилеп, COVID-19 пандемиясы учурунда бул оорукана эң оор бейтаптарды кабыл алып, системанын ишин координациялаганын эске салды.

Касымалиев медицина кызматкерлерине эмгеги жана кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Жаңы үч кабаттуу имарат жугуштуу оорулар менен жабыркаган балдарды дарылоого ылайыкташтырылган. Ал жерде изоляцияланган жана жарым изоляцияланган палаталар, аба чыпкалоо жана желдетүү системалары, бейтаптар жана ата-энелер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

МинКаб Төрагасынын айтымында, бул долбоор саламаттыкты сактоо системасы үчүн өзгөчө мааниге ээ. Ал Президент Садыр Жапаровдун атынан оорукананын жамаатын куттуктап, долбоорго салым кошкондорго ыраазычылык билдирди.

Касымалиев белгилегендей, Министрлер Кабинети саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууда:

  • 2025-жылы мамлекеттик каржылоонун эсебинен 3 миңден ашуун объект курулат, анын 32си — медициналык мекемелер;

  • Соңку эки жылда саламаттыкты сактоонун бюджети 22 млрд сомдон 49 млрд сомго чейин өстү;

  • Гемодиализге 2025-жылы 2,5 млрд сом бөлүнөт (2022-жылы — 300 млн сом);

  • 2030-жылга чейин тармакты каржылоону 130 млрд сомго жеткирүү пландалууда.

Ал саламаттыкты сактоодогу системалуу иш жарандардын ден соолугун чыңдоого, адамдык капиталды өнүктүрүүгө жана өлкөнүн туруктуу келечегин камсыздоого багытталганын кошумчалады.

“Өлкөдө канчалык дени сак адамдар көп болсо, экономика ошончолук күчтүү болот. Балдарыбыз дени сак болуп чоңоюп, Кыргызстандын ар бир жараны тынчтыкта жана бакубат жашасын”, — деп жыйынтыктады Адылбек Касымалиев.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар