Май майрамдарында Чүй облусундагы Кегети токойчулугунда 5 гектар жерге 2000 түп тянь-шань карагайынын көчөтү отургузулду. Табиятты сактоого багытталган иш-чарага Кызыл Ай коому жана ыктыярчылар жигердүү катышты.
Белгилүү болгондой, “Жашыл мурас” долбоору токойлорду көбөйтүү, климаттык шарттарды жакшыртуу жана келечек муундар үчүн таза айлана-чөйрө түзүү максатын көздөйт.
Ошондой эле майрам күндөрү Жумгал районунун Таш-Дөбө айылында жаштар демилге көтөрүп, 1 гектар суу баскан жердин тегерегин тосуп, 550 түп ийне жалбырактуу көчөт отургузулду. Иш-чара жеке ишкер Акматов Сталбектин каржылык колдоосу менен “Жашыл мурас” кампаниясынын алкагында уюштурулду.
Көчөттөр Жумгал токой чарбасынан алынып, атайын даярдалган аянтка отургузулду.
Кошумчалай кетсек, май майрамдарынын алдында Талас районунун Чоң-Кошой өрөөнүндө «Жашыл мурас» улуттук кампаниясынын алкагында көчөт отургузуу иш-чарасы өткөрүлгөн болчу.
Иш-чарага Талас токой чарбасынын кызматкерлери, Талас райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары, Кызыл Ай коомунун ыктыярчылары жана жергиликтүү тургундар катышып, атайын планга ылайык 1 гектар жерге ийне жалбырактуу карагайдын көчөттөрү, ал эми 1,5 гектар аянтка жазы жалбырактуу ак кайың отургузулган.
Андан бир аз мурдараак Жети-Өгүз токой чарбасынын Кызыл-Суу токойчулугунда атайын даярдалган көчөтканада карагай, туя жана карагат сыяктуу бак-дарак көчөттөрү отургузулса, «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында Ош токой чарбасында 30 гектар аянтка экме токой отургузуу иштери жүрдү.
Кыргызстанда климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана жашыл экономиканы өнүктүрүүгө багытталган “Жашыл мурас” экологиялык долбоору ишке кирген. Бул долбоор президент Садыр Жапаровдун «жашыл экономиканы» өнүктүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында ишке ашырылууда.
Бул багытта британиялык «Valor Carbon» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өтүп, анда Ысык-Көл облусунда 25 миң гектар жерге 10 миллиондон ашык көчөт отургузуу үчүн климаттык каржылоого 180 миллион долларга чейин тартуу долбоору сунушталган.
Valor Carbon — Улуу Британияда жайгашкан компания. Ал климатты каржылоо, туруктуу өнүгүү чечимдерин иштеп чыгуу жана аз көмүртектүү экономикага өтүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу долбоорлоруна адистешкен.
Болотбек Таштаналиев,
«Кыргыз Туусу»