Башкы беткеРубрикаларБилим берүүБалдарды мектепке онлайн каттоо башталды

Балдарды мектепке онлайн каттоо башталды

Каттоону “Tunduk” айрым банктардын мобилдик тиркемелери же 1mektep.edu.gov.kg порталы аркылуу ишке ашырууга болот.

Ал үчүн “Мектепке электрондук кабыл алуу” бөлүмүнө өтүп, ал жерден сунушталган варианттарды тандооңуз керек. Мектептер чыныгы жашаган жери боюнча эмес, ата-энелеринин каттоосу боюнча сунушталат.

▪️Ата-энелер 2018-2019-жылдары төрөлгөн балдардын каттоосун 1-июнга чейин тастыкташы керек.

▪️2019-жылы төрөлгөндөр 1-класска, 2018-жылы төрөлгөндөр 2-класска катталат. 2019-жылы төрөлгөн балдар да «Наристе» мектепке чейинки даярдоо программасын бүтүргөн болсо, 2-класска бара алышат.

▪️Тастыкталгандан кийин дароо окутуу тилин тандоо керек. Аны кийинчерээк өзгөртө албайсыз.

▪️Эгер сиз балаңызды сунушталган мектептерге киргизүүдөн баш тартсаңыз, анда ал орунга кайра тапшыра албай каласыз

▪️Экинчи этап 2-июнда башталып, ага сунушталган окуу жайга каттоодон баш тарткандар катыша алышат. Бул этапта бош орундар бар башка мектепти тандап алууга болот.

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар