Башкы беткеМаанилүүЧакан бизнес патент системасына кайтат

Чакан бизнес патент системасына кайтат

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кызматка киришкендеги 100 күнү тууралуу “Слово Кыргызстана” гезитине маек берип, анда экономика, салык системасы тууралуу да кеп козгоду.

“Биз салык механизмдерин, анын ичинде электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК-ЭТТН) колдонуу тартибин карап чыктык. Негиз болсо, өзгөчө чакан бизнесте патенттик системага кайтабыз. Жүз миңдеген кыргызстандыктар базарларда адал эмгек менен үй-бүлөсүн багып жатканын түшүнөбүз. Өкмөттүн алардын жашоосун оорлотуу максаты жок”,

 — деди ал.

Эске салсак, жаңы салыктык реформалардын алкагында Кыргызстанда 2024-жылдын 1-июлунан баштап соодадагы патент жоюлуп, көзөмөл-кассалык машинени (ККМ) милдеттүү колдонуу тартиби күчүнө кирген.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар