Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Кыргызстан менен Казакстан көк-бөрү жана көкпар оюндарынын форматтарын бириктириши керектигин билдирди.
Анын айтымында, бул — Кыргызстандын расмий позициясы. «Эки башка түрдө ойноо жалпы ата-бабаларыбызга карата чыккынчылык болот. Биз муну алдыдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында эле бир командалык оюн катары өткөрүүнү каалаганбыз. Аталышы маанилүү эмес. Тилекке каршы, азырынча макулдашууга жетише алган жокпуз», — деди Байсалов.
Ал бул спорт элдерди бөлбөстөн, тескерисинче, бириктириши керек экенин белгиледи. Анын сөзүнө караганда, эрежелердеги айрым айырмачылыктар салыштырмалуу жакында пайда болгон.
«Бул спорт бизди бириктириши керек жана бириктирет. Маселени жакынкы эки жыл ичинде чечебиз», — деп кошумчалады ал.
Белгилей кетсек, көк-бөрү (Кыргызстан) жана көкпар (Казакстан) — тектеш элдердин салттуу ат оюндары. Учурда эки өлкөдө эрежелеринде айрым айырмачылыктар бар.


