Бүгүн Армения Республикасынын Улуттук Жыйынынын Төрагасы Ален Симонян Кыргыз Республикасына расмий иш сапары менен келет.
Расмий сапардын алкагында Ален Симонян Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен жолугушуп, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди талкуулайт.
Ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.