Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстан жана Түштүк Судан: Дипломатиялык мамилелер өнүгөт

Кыргызстан жана Түштүк Судан: Дипломатиялык мамилелер өнүгөт

Бүгүн, 16-апрелде тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түштүк Судандын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Мондей Семайя Кумба менен телефон аркылуу сүйлөштү.

ТИМден билдиришкендей, тараптар 14-апрелде Жуба шаарында өткөн Тышкы иштер министрликтер аралык алгачкы саясий консультациялар ийгиликтүү болгонун белгилешти.

Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган консультациялардын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүүлүгү да айтылды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө көп тараптуу аянтчаларда өз ара аракеттенүү жана бири-бирин колдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу боюнча пландар талкууланды.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар