Башкы беткеЖогорку КеңешСултанбай Айжигитовго бүгүн да сөз берилген жок

Султанбай Айжигитовго бүгүн да сөз берилген жок

Бүгүн, 13-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов 10 мүнөт берип коюуну суранды.

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу добушка коюп, «сизге бүгүн дагы сөз жок» деди.

«Бул аябай жаман белги. Бизде мыйзам чыгаруу бийлик бутагы толугу менен узурпация болуп калыптыр. Өтө жаман көрүнүш. Жакшылыкка алып келбейт. 73 киши катталган. Катышканы 24. Ошол 24 катышкандын 19у «макул» деп жатат. Эмнеге сөз бербей жатасыңар? Парламент жокко эсе. Бул жакшылыкка алып келбейт»,- деди Султанбай Айжигитов. 

«Парламент жок болсо, анда эмнеге отурасыз бул жерде? Уятынар, бетиңер жок экен деп жатасыз. Депутаттардын уяты да бар, бети да бар, акылы да бар. Сөз деп эле сүйлөй бербеш керек»,— деди төрага.

«Мен чек ара боюнча сүйлөбөйм. Сиз дагы эле чек ара жөнүндө айтып жатасыз. Фракциядан чыгарылганым боюнча пикиримди билдирип коёюн деп жатам. Мага 10 мүнөт бериңиз»,— деди депутат.

Жыйынтыгында депутатка сөз берилген жок жана Айжигитов парламенттик жыйын болгон сайын сөз сурай бере турганын айтты.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар