whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
15.12.2025
-1.9 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүӨкмөт электр энергиясын үнөмдөө чараларын киргизди

Өкмөт электр энергиясын үнөмдөө чараларын киргизди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу жана электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу боюнча жаңы чараларды кабыл алды.

Чечимге ылайык, административдик мамлекеттик мекемелерде ички жана тышкы жарыктандыруу менен электр приборлорун колдонуу саат 18:00дөн 06:00гө чейин чектелет.

Өкмөттүн маалыматына караганда, бул чаралар стратегиялык объектилерге, ошондой эле түнү-күнү иштеген коопсуздук, саламаттык сактоо жана социалдык мекемелерге тиешелүү болбойт.

Энергетика министрлигинин эсептөөсү боюнча, жаңы режимди киргизүү ай сайын 40 миллион киловатт-саат электр энергиясын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

Белгиленгендей, быйыл өлкөдө электр керектөө 1 миллиард киловатт-саатка көбөйгөн. Бул өсүш жаңы ишканалардын, билим берүү жана социалдык мекемелердин ачылышына, ошондой эле турак жай курулушунун кеңейишине байланыштуу.

Учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркыдан 2 миллиард кубометрге аз, ошондуктан өкмөт суу жана энергия ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу зарылдыгын баса белгилөөдө.

Министрлер Кабинетинин негизги максаты – Токтогул суу сактагычындагы сууну туура пайдалануу жана энергетикалык системанын туруктуу иштешин камсыздоо.

Гезит

Өнөрүң өркүндөсүн – Динислам Жайлаубай

Кыргыз-казак эзелтеден, бири-биринин өнөрүнө кумар, тарых-тамыры, салт-санаасы бир эл. Айрыкча, кыргыздын күлүгү болсун, жоргосу болсун казакка барып байге албаса, атагы артпайт. Казак тарабы деле...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар