2025-жылдын 1-сентябрына карата Кыргызстанда жаңы төрөлгөн 91 миң 188 балага бир жолку «Балага сүйүнчү» жөлөк пулу төлөнүп, жалпы 365,9 миллион сом каралган. Анын ичинен үч эм төрөлгөн 27 үй-бүлөгө 1,35 миллион сом бөлүнгөн. Ар бир балага 4 миң сом, ал эми үч же андан көп бала төрөлгөн учурда ар бирине 50 миң сомдон берилет.
Министрлик жарандарды жөлөк пулду алуу үчүн паспорт жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен Калкты тейлөө борборуна же ЗАГСка кайрылууга чакырды. Каражат арыз берилген күндөн тартып 2 жумушчу күндүн ичинде банк эсебине чегерилет, ал эми банк кассаларынан алууга алты айдан кечиктирбестен мүмкүн.

