whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
20.4 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарЕгипетке жолдомо... Ысык-Көлгө эс алуу...

Египетке жолдомо… Ысык-Көлгө эс алуу…

Нарын шаарында «Эл үмүтү – келечек муундун кызматы» аттуу инновациялык билим берүү долбоорунун жыйынтыктоочу иш-чарасы өткөрүлдү.

Сынактын жыйынтыгында Нарын районундагы Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектеби баш байгеге ээ болуп, төмөнкү сыйлыктар менен сыйланды:

– Мектепке SMART-панель;

– 2 мугалимге Египетке жолдомо;

– 15 окуучу үчүн Ысык-Көлдө эс алуу;

Иш-чара Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги менен ишке ашырылып, негизги демилгечилер болуп С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети, Кадырбай Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжи жана башкы демөөрчү катары ALIPPEPRO билим берүү платформасы чыкты.

Ошондой эле өнөктөш катары Бишкектеги Республикалык мугалимдердин билимин жогорулатуу институту, Республикалык балдардын жана өспүрүмдөрдүн экология, аймак таануу жана туризм борбору, Нарын облустук усулдук борбору жана Салымбеков университетинин Билим жана Инновация мектеби катышышты.

Долбоорду ишке ашырууга жалпы 5 000 000 сомго жакын каржылык колдоо тартылды. Анын ичинен:

2 332 200 сом жергиликтүү айыл өкмөттөр тарабынан;

2 171 743 сом жергиликтүү жамааттар тарабынан;

590 780 сом мектеп жамаатынын өздүк салымы катары каржыланды.

Ошондой эле, Нарын мамлекеттик университети жана РИПК тарабынан методикалык жардам көрсөтүлүп, ийримдердин автордук программалары иштелип чыкты.

«Эл үмүтү – келечек муундун кызматы» долбоору Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 12 жылдык билим берүү концепциясынын алкагында ишке ашырылып, окуу-чуларды коомдук турмушка активдүү тартууга, практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө, мугалимдердин чыгармачылыгын колдоого жана мамлекеттик, менчик, кесиптик билим берүү уюмдарынын өз ара кызматташуусуна багытталган.

Долбоордун алкагында Нарын облусунун бардык мектептеринде экиден мугалимдин жетектөөсүндө окуучулардан турган командалар түзүлүп, мектепке же айылга реалдуу пайда алып келе турган интеграцияланган ийримдер уюштурулду. Бул ийримдердин негизинде окуучулар өз демилгеси менен ар кандай социалдык мааниге ээ долбоорлорду ишке ашырышты.

Бул долбоор мугалимдер менен окуучулардын чыгармачылыгын жана коомчулук менен болгон байланышын чыңдоого чоң мүмкүнчүлүк түзүп берди. Иш-чаранын жыйынтыгы билим берүү системасында жаратманмандык менен социалдык жоопкерчилик биригип, келечек муундун коомдук турмушка активдүү катышуусуна өбөлгө түзөрүн көрсөттү.

Айнура ДҮЙШӨК кызы

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар