Академик Чолпонкул Арабаев: “Уңгү жолду улантуу учурдун талабы”

Мөлтүр булак дарыяга, дарыя ашып ташып деңизге куйгандай өткөн жылдын аягында өлкөбүздүн өнүгүү баш багытын аныктаган Уңгужолдун кабыл алынышы менен, улуттук иденттүүлүгүбүздү бекемдеген мыйзамдуу иш аракеттер бир нукка түшкөндүгү өлкөбүздөгү өтө маанилүү окуялардан болду. Улам артка кылчактап, бир батышты, бир чыгышты карабай аталар жолун татыктуу улантууга бекем бел байладык деп айтууга толук негиз бар.

Анткени, учурда өлкөбүз боюнча “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” Уңгужолун жер жерлерде кеңири талкуулап, эртеңки күндүн, келечектин камын көрүү аракети, иштиктүү кадамдар жасалууда.

Мындай кадамдардын жемиши бул – жолдордун түзөлүп, оңдолушу, курулуштардын дүркүрөп курулуп жаткандыгы, өнөр жайдын жанданышы, айыл чарбасынын артериясына кан жүгүрүп, жалпы элдин социалдык абалы күн санап жакшырууда. Эмгекчилердин айлык маянасы, пенсиялардын көлөмү жогорулап, элдин жашоо деңгээли өсө баштады.

Кошуна өлкөлөр менен ар тараптуу жылуу мамиле түзүлүп, чек аралар такталып, эң негизгиси, жалпы элдин мамлекетке, өлкө башчысынын Кыргызстанды өнүккөн өлкөгө айлантуу чакырыгына болгон ишеними күн санап өсүп келүүдө.

Биз да бүгүн ар кайсы тармактын өкүлдөрү чогулуп, Уңгужолдогу эң негизги маселе болгон илим, билим, руханият маселесин талкуулап жатабыз. Азыр Кыргызстанда бири бирин толуктаган 2030-жылга чейинки социалдык -экономикалык өнүгүү жана “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” Уңгужолу аталышындагы стратегиялык Программалар кабыл алынган. Демек, биздин өнүгүү баш багытыбыз келечек үчүн ачык айкын.
Болгону биримдик-ынтымакты бекемдеп, иштөө гана керек деген ойдомун. Жакында эле биз чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештерибиз, эмгек мигаранттары менен Уңгужолду талкууладык. Алардын албырган жаштык, шаттык жүзүнөн, жагымдуу көздөрүнөн көрүнүп турат, тез аранын ичинде көчтү түздөп, болгон материалдык жана руханий ресурстарды өнүгүүгө жумшасак дегенде ак эткенден так этип, иштиктүү демилгелерди көтөрүшкөндүгүнө күбө болдук.

Азыр Уңгужолду талкуулаган жыйындар байма бай өтүп жатат. Терс пикир айтып тескери баскан эч ким жок. Элибиз илим, билимге умтулган, дээринен нарктуу эл. Уңгужолдо айтылган эл-жерди баркы менен сактап, үй-бүлө, улууну урматтоо институттарын бекемдөө аркылуу гана биз улуттук биримдикке жетишебиз.
Ынтымактуу эл гана ийгиликтерди жаратат. Уңгужол элибиздин келечекке ишенимдүү кадам шилтеген идеологиялык жактан багыт бере турган программалык саясий, идеологиялык, укуктук программа деп терең ишеним менен айтууга толук акылуумун.

Акыркы гезиттер

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от них стать «героями...

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в Кыргызстане. Обострение ситуации...

Где искать спрос

Центральная Азия как рынок для Кыргызстана        Регион перестает быть периферией мировой экономики и все больше функционирует как самостоятельный рынок. Внутрирегиональная торговля растет, производственные связи укрепляются, а внутренний...

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы ачарчылыкта жүз миңдеген...