whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
15.11.2025
13.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАйыл чарбаКой жүнүнөн жер семирткич

Кой жүнүнөн жер семирткич

Кыргыз дыйканчылык илимий изилдөө институтунун жана Кыргыз Улуттук агрардык университетинин окумуштуулары койдун жүнүнөн өндүрүлгөн органикалык жер семирткичти сыноодон өткөрүштү.

Негизи бул ыкма жыл сайын жайлоолордо өрттөнүп жаткан миңдеген тонна койдун жүнүн туура пайдалануунун болгондо да, андан табигый жер семирткич жасап алуунун эң сонун жолу болуп калчудай. Ушул эле учурда дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде бул жүн кайра иштетилип, экологиялык жактан таза жана пайдалуу жер семирткич катары пайдаланылат.

Жүндүн курамындагы байлык

Кой жүнү – жалаң кийим-кече үчүн гана эмес, айыл чарбасына да баалуу чийки зат. Анын курамында өсүмдүк жана жердин курамына пайдалуу химиялык азык-заттар бар:

– азот (N) – өсүмдүктүн жашыл массасын өстүрөт;

– фосфор (P) – өсүмдүктүн тамыр системасын чыңдайт;

– калий (K) – мөмө-жемиштин бай түшүмүн камсыз кылат;

Ал эми жүндөгү органикалык заттар – топуракты жумшартып, нымдаштырып турат. Жүндөгү азоттун көлөмү орто эсеп менен 10–12% түзөт. Бул сандагы азот химиялык жер семирткичтерден да кем калбайт.

Демек, мындай шартта биздин айыл-чарба адистери же айыл-кыштактагы дыйкандар дагы азот, мочевина (кармабид) сыяктуу химиялык жер семирткичтердин ордуна кадимки койдун жүнүн пайдаланса бир гана утушка ээ болмок. Анткени, сатып албайсың, колуңда турат.

Жүндөн жер семирткич жасоонун жолдору

Койдун жүнүнөн жер семирткич алуу ыкмалары жөнөкөй, өзгөчө Германияда абдан жакшы жолго коюлган.

1.Түздөн-түз топуракка кошуу;

Жүндү майдалап кыркып алып же бөлүп-бөлүп жер кыртышына аралаштырып коюу. Ал акырындык менен чирип, өсүмдүктү азыктандырат.

2.Компост даярдоо

Жүндү башка органикалык калдыктар (чөп, кык, жалбырак) менен аралаштырып, нымдуу абалда сактаса, 6–8 айда даяр органикалык компост пайда болот.

3.Биогумус үчүн кошумча

Айрым фермерлер жүндү биогумус үчүн өстүрүлгөн сөөлжандарга жем катары таштап коюп, биогумус алууда колдонушат.

Жүн жер семирткичинин артыкчылыктары: андан эң биринчи экологиялык жактан таза, ден соолукка пайдалуу жер-жемиш, мөмөлөр өстүрүлөт.

Экинчиден, жердин түшүмдүүлүгүн узак убакытка көтөрөт жана бир салынган жер семирткич жердин асылдуулугун узак мөөнөткө кармап берет. Топурактын нымдуулугун жакшы кармап, сугарууну да жеңилдетет.

Эң негизгиси, жүн жакшылап колго алышса дыйкан-фермерлер үчүн эң арзан жана кол алдындагы киреше булагы болмок.

Жыйынтык

Кыргызстанда учурда 10 млн.го жакын кой катталган.
Дээрлик бардык айылдарда жыл сайын миңдеген тонна кой жүнү керексиз катары ыргытылып же өрттөлүп экологияны бузуп жатат. Эгерде жүндү органикалык жер семирткич катары пайдаланса, бир жагынан кошумча киреше, экинчи жагынан топурактын түшүмдүүлүгү жогорулап, берекеси артат.

Демек, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги бул маселени колго алып, жер-жерлерде бул тажрыйбаны жайылтуу, дыйкан-фермерлерге түшүндүрүү иштерин колго алса, дурус болчудай.

Рахманбердиева Гүлмайрам 

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар