Эгемендүү мезгилден кийин китеп рыногуна эмне деген гана чыгармалар жайнап чыга келди. Алардын эстетикалык салмагы барбы, адабий чыгармага жатабы же жокпу деп суроо салып талдап берү жагы дагы бир топ кыйындады. Себеби, ал чыгармалардын көбү сын көтөрө алчу деңгээлден алыс эле. Окурмандар кайсы чыгармалардын көркөм-эстетикалык деңгээли бар, кайсы чыгармаларды окуш керек экендигин билбей калышты. “Тарыхый роман” деген жанрдык аныктама менен жарык көргөн китептердин саны эле жүздөн ашып кетти деп эсептеп жүрүшөт. Ал эми башка жанрдык, тематикалык багыттагы аңгеме, повест жыйнактары деле “тарыхый роман” дегендерден кем калбайт. Адабиятчы адистердин деле алардын баарын окушка чама-чаркы жетишпей келет.
Арслан Койчиев – адабият астанасын түз эле романдык чыгарма менен, б.а. “Мисмилдирик” (“Беделдеги каргыш”) аттуу романы менен аттады. Кыргыздардын 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн тарыхына арналган бул роман окурмандар тарабынан кызыгуу менен кабыл алынды. 1916-жылга арналган кыргыз адабиятында поэмалардан тартып ыр менен жазылган романдар, повесттер, драмалар бар. Мына ошол жоон топ адабий чыгармалардын соңунда жазылган А.Койчиевдин романы сюжет куруу, окуяны жандуу, элестү баяндоо, тилдик байлыктарды эркин, ыктуу пайдалануу жагы менен улуттук адабиятыбызга таланттуу, келечектү калемгердин келгендигин кабарлады. Улуу үркүн-көтөрүлүш темасы дагы бир таланттуу чыгарма менен толукталды. Анын бул чыгармасын атактуу акын-жазуу-
чуларыбыздын, драматургдарыбыздын чыгармалары менен салыштырып изилдөө алдыдагы милдеттердин бири деп ойлойм.
А.Койчиев “Мисмилдирик” романында “Токмокту алабыз” деген кыргыздардын ар-намысын, эр жүрөктүлүгүн, эркиндикке умтулуусун, кан-жанын аябай күрөшкөн эрдиктерин, психологиялык-эмоционалдык ал-абалын жогорку көркөм деңгээлде сүрөттөй алган.
Романдагы башкы каармандар Камбар менен Нарбото, Нарбото менен Камбардын ортосундагы түшүнүктөрдүн карама-каршылыгы, конфликттер психологиялык жактан ынанымдуу сүрөттөлгөн. Орус төрөлөрү менен Камбар канчалык жакын ишенимдү мамиледемин деп ойлосо да, окуянын аягында кас душмандарга айланышат. Ал эми тууганы, ага-иниси Нарбото менен турмуш-тиричиликте карама-каршы болушса да, чечүчү кыйын учурларда бири-бирин кыя алышпайт.
Өз баласы үчүн, ата-эне бардык кыйынчылыкка, жада калса өмүрүн кыйганга да даяр эмеспи. Камбар болуштун жалгыз уулу Мукайдын өмүрүн сактап, мындан аркы тукумунун уланышына жасаган аракети табият мыйзамынын адилдигин көрсөтөт. Бул адамзатка өзгөчө тиешелү мыйзам, өз урпактарынын келечегин ойлоо чоң жооп-
керчилик, эң бир татаал драмалуу ой толгоолор менен коштолушу мүмкүн: “ал эми атасына уулунун өмүрүнүн узактыгы эмес, тукум улар эркектин эптеп өлүмдөн кутулганы эсеп болуп, Какшаалдын какшаал тоолорун аралап кетишин, из жашырып кетишин тилеп кала берген”. Ушул сыяктуу көрүнүштү башка адабиятка барбай эле Ч.Айтматовдун “Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт” повестин эске алсак эле жетиштү болот. Орган, Мылгун, Эмрайин жаш өспүрүм Кирисктин өмүрүн сактап калуу үчүн керек болсо тамчы сууну да өздөрүнө ыраа көрүшпөйт эмеспи!
Мына ушул эпизодду жазып отурганда мага ошондой эле 1931-жылдагы мындай тарыхый бир окуя эске түштү. «В 1931 году огромное количество беженцев (Ат-Башинские кыргызы) перешли границу. Возмущенные тем, что у них обобществляют скот и отбирают пастбища, кыргызы, поддержанные своими китайскими собратьями, подняли восстание. Они громили пограничные посты, убивали пограничников, Эта местностъ в Ат-Башинском районе до сих пор в народной памяти сохранена как «Начальник ущелье». В результате этих действий в том году было убито 200 человек из пулемета при переходе в Китай. И толъко девятилетний мальчик Курманакун чудом остался жив. Отец Курманакуна обнял крепко сына, и сказал ему, чтобы он не шевельнулся, после этого малъчик потерял сознание от пулеметных выстрелов. А когда пришел в себя, слышит, как будто журчит река, а это была не речная вода, а человеческая кровь. Отец и все остальные беженцы уже были мертвыми. В народной памяти это событие сохранено под названием «Акчубакское восстание» (Абдрахманов Т.А., Абдалиева Г.К. Эркиндик, теңдик, эгемендүлүк күрөштөрү жана “Үркүндөр”. – Бишкек, 2016)
А.Койчиевдин романындагы жүрөк титиреткен драматизмдин дагы бир күбөсү чоң апасы Карагыз менен Мукайдын Беделдин ашуусундагы жолугуш окуясы. Падышалык солдаттардан качып келе жаткан Мукай эл азап-тозоктуу кыйроого учураган Беделдин ашуусунан кытай жакка кете албаган чоң апасына күтүлбөгөн жерден кездешет:
– Апа! – деди Мукай, – Кетели!
– Мага каралаба, сен кач, балам! Мисмилдирик болобуз, катыгүн! –деп какшанды кара кемпир. – Күн жарыкта Беделден аш!
Жаныңды сакта, жаныңды! Тилегеним сенсиң! Сенин амандыгыңды тигил дүйнөдөн да тилейм!
“Апалаган” Мукай Карагыз апанын жеңинен тартты. Кемпир жеңин тартып алды.
– Кач, балам! – деди.
Ый менен муңга жүрөгү канжалаган Мукай жалгыз кетүгө аргасыз болот. Мындан ашкан трагедия барбы, көз көрүнөө айласыз чоң апасын өлүмгө калтырып жатат. Ызгаардуу Бедел ашуусунда жалгыз калган кемпирдин элеси окурмандардын сезимине катуу таасир этпей койбойт.
А.Койчиев Камбар болуштун уулу Мукайдын кийинки тагдыры да оор болгондугун көркөм сүрөттөйт. Автор 1937-жылдагы репрессияны көз алдыга Мукайдын образы аркылуу тартат. Ж.Абдрахманов, И.Арабаев, А.Сыдыков, Т.Айтматов сыяктуу кыргыздын жаш коомдук жана мамлекеттик чыгармачыл ишмерлеринин өмүр трагедиялары эске түшөт.
“Мисмилдирик” романынан тарыхый бир топ каармандарды кездештиребиз; Калыгул, Арстанбек, Радлов, Сагымбай ж.б. бул каармандар чыгарманын башкы окуяларына жуурулушуп берилгенин байкоого болот.
Бул романда 1916-жылдын тарыхый окуяларын көркөм баяндап берген гана жок, элдин аң-сезиминин ойгонушунун эволюциясын ишенимдү сүрөттөгөн чыгарма деп эсептесе болот.
Дегеле, Арслан Койчиевдин “Мисмилдирик”, “Бакшы жана Чыңгызхан” романдарын ж.б. чыгармаларын окуп отуруп мындай жекече тыянакка барып такалдым. Автор падышалык Россия болобу, советтик идео-
логия болобу – позициясы ачык-айкын, алардын жүргүзүп келген саясатын түп-тамырынан бери жактырбаганы байкалат. Бул автордук ойго, позицияга толук кошулуу кыйын…
“Мисмилдириктен” (“Беделдеги ашуу”) көп узабай 2012-жылы “Айта бар менин кебимди”, 2014-жылы “Бакшы менен Чыңгызхан” аттуу романдары жарык көрдү. Көпчүлүк учурда жазуучулар аңгеме, новелла, эссе, анан повесть жанрларында чыгармаларды жаратып, андан кийин жанрлардын эң татаалы романга өтүшөт. “Чү” дегенде үч романды жазып салган Арслан Койчиевге мен алгач таң калып, адабий-көркөм көрөңгөсү, ой жүгүртү масштабдуулугу кандай болду экен деп, “Бакшы менен Чыңгызхан” романын колума алып окуганыма бир топ мезгил болуп кетти. Бул чыгарма өзүнүн оригиналдуу табылгалары, кызыктуу сюжети, автордун өзгөчөлүктү позициясы менен мени кызыктырса да, өз учурунда роман тууралуу пикирими билдирип, макала жазууга мүмкүнчүлүгүм болгон эмес эле. Ошентип, жакында иш-сапары менен Казакстанда, Азербайжанда жүргөндө чыгарманы жаныма алып, кайра башынан барактоого туура келди.
Арслан Койчиев адистик билими боюнча тарыхчы. Романдарында да аны тарыхый темалар кызыктырары мыйзамченемдү. Бирок, ал тарыхый жанрда чыгарма жаратууну көздөбөйт. Ал тарыхый каармандардын, окуялардын өзүн эмес, алардын тарыхый натыйжасын, сабагын эркин, көркөм фантазиянын жемиши болгон шарттуу окуя-лар, каармандар аркылуу сүрөттөп
ачууну туура көрөт.
Чыңгызхан жөнүндө өз пикиримди Ч.Айтматовдун “Чыңгызхандын ак булуту”, И.Калашниковдун “Каар заман”, И.Ясашинин “Бөртө Чоно”, А.Кекилбаевдин “Талаа балладалары”, С.Раевдин “Жанжаза” чыгармаларын талдап жатканда да билдирген элем. Ар бир чыгармага авторлордун позициясы аркылуу анализ жүргүзү керек. Бирөө Чыңгызханды жактайт, бирөө сындайт. Белгилү болгондой, Чыңгызханга байланыштуу көз караштар нечен кылымдар өтсө дагы талаш-тартыш туудуруп келет. Айрымдар аны баскынчы, көп шаарларды, мамлекеттерди кыйраткан, адамдарга кыргын салган зулум катары жек көрүшсө, айрымдары аны күчтү личность, таланттуу аскер башчы, айлакер саясатчы катары сый-урмат менен мамиле жасашат. Ал гана эмес, аны казак же кыргыз деп да өз энчилерине ыйгарып жиберишет.
Соңку мезгилдерде Чыңгызхандын образына, анын адамдык, жоокердик, мамлекеттик башчылык ишмердигине карата позитивдү баа көбүрөөк орун алып келе жатат. “The Washington Post” гезити Чыңгызханды “соңку миң жылдыктын эң улуу адамы” деп атаган. Ал эми америкалык окумуштуу, антропология илиминин профессору Джек Узерфорд Чыңгызхандын батыш жана чыгыш өлкөлөрүн басып
алууда кетирген кыйроолору, каршылык көрсөткөндөрдү аёосуз кырган таш боорлугун эске алуу менен тарыхый өнүгү, өсү жолунда анын өтөгөн кызматынын оң жагына басым жасаган. “Чыңгызхан жана жаңы дүйнөнүн жаралышы” аттуу илимий эмгеги 400 миң нуска менен чыгып бестселлерге айланган, 30 өлкөдө которулуп басылган, 2011-жылы китептин аудио версиясы жылдык конкурстун жеңүчүсү болгон, “жылдын китеби” аталган.
Эмне үчүн мен жогоруда Чыңгызхан жөнүндө позитивдү көз караштарга токтолуп жатам?! Себеби, Арслан Койчиев “Бакшы жана Чыңгызхан” романында каарманына карата оң позицияда экендигин жана Чыңгызхан тууралуу ошол толуп-ташыган көптөгөн илимий, көркөм маалыматтарга А.Койчиев өзүнүн оригиналдуу салымын кошо алгандыгын белгилөө болуп саналат.
Чындап келгенде роман Чыңгызхан жөнүндө эмес. Романдагы окуялардын өнүгүшүнө Чыңгызхандын кыйыр гана тие-
шеси бар. Болгондо да Чыңгызхандын өзүнүн эмес, арбагынын, элесинин. Роман Чыңгызхан түзгөн Улуу Империя кантип бытырандыланып, урпактары кантип майдаланып, кантип кумга сиңген суудай жок болуп, ар түрлү калктар менен ассимиляциялашып, өз тегин унутуп, чанып кеткендиги жөнүндө. Улуу Чыңгызхандын мына ошого кейигендиги, өздүгүн танган, түп атасын унуткан урпактарына Чыңгыз Айтматовдун “Кылымдан да узак созулган күн” романындагы Дөнөнбай куш сыяк-туу “Атың ким, атаңды эсте” деп ата-баба осуятын эске салууга аракет кылгандыгы баяндалат. Бир караганда өз урпактарынын келечеги үчүн тынчсыздануу, алардын келечегине кабатыр болуу, өзү туура деп эсептеп, жасап келген иштерин, карманып келген ишенимдеринин тууралыгын кийинкилерге далилдөө жакшы да, жаман да эмес, табигый көрүнүштөрдөн.
Чыңгызхандын образы – романдын сюжеттик курулушундагы окуялардын өнүгүш ыраатын, образдар системасын жөнгө салып, уюштуруп, бир түйүнгө бириктирип турган образ жана чыгарманын башынан аягына чейин кызыл сызык менен сызылып өткөн элестү, жандуу образ.
А.Койчиев Чыңгызхандын портретин өтө элестү тартып, мындайча сүрөттөйт: “…нооча бойлуу, бети багжайган, көгала жука сакалчан, жука муруттуу, көзү жымшык болуп көрүнгөн киши, ии, үстүндө узун этектү боз чапанчан, башында чымкый ак топучан…”
Мына ушул портреттик элес чыгарманын башынан аягына чейин улам бир каармандарга эскертү берет, ой-сезимин козгойт, жолугат, кемчиликтерине капаланат, таарынат. Чыңгызхандын арбагы ал каармандардын жан дүйнөсүн, психологиясын бүгүнкү күндөгү томографиялык рентген сыяктуу ачып берет. Мындай караганда А.Койчиев Чыңгызхандын портреттик элесин улум-улам ар кайсы окуяларда кайталап, байлап отурушу айрымдарга тажатма катары сезилиши мүмкүн, бирок ошол портреттик элес каармандардын кимдин ким экенин ачык, дапдаана аныктап турат.
Бактыгерей Избасаров – бул сталиндик (Хрущев маршал Рокоссовскийге Сталинди жамандоо жөнүндө тапшырма бергенде: “Сталин для меня святой” – деген экен, азыркы мезгилде Чыңгызхан сыяктуу эле Сталинге да оң көз караштар көп пайда боло баштады) репрессиядан жапа чеккен, ата-бабаларынын тарыхындагы нарк-
туу, даңктуу окуяларды эскерү, эскерме калтыруу укугунан ажыратылган, тыюу салынган, жеке инсандык умтулууларына, өнүгүсүнө жолдор жабылган жарандардын типтештирилген бир өкүлү. Ошол үчүн ал өзүнүн төрөнүн тукуму экендигин эсине бекем сактаганы менен сыра (пиво) саткан сары бочкени шынаарлагандардан алыс бараар чөйрөсү деле жок. Коллективдештирү кезинде анын атасы малын ортолукка берип, жалгыз күлүк тору айгырын да тарттырып, андан соң тап катары Сибирге айдалган. Боз улан Бактыгерей жер которуп кутулган, согуш учурунда туткунга түшүп, кийин ошол үчүн соттолуп, карыганда Сибирден кайтып келген. Ал табиятында сезимтал жан дүйнөлү, намыскөй адам экендигин байкоого болот.
Бактыгерейге Чыңгызхандын арбагы эки ирээт айланчыктап келет. Биринчи ирээт тагдырына нааразы болгон кызымтал Бактыгерей капыстан маданият үйүнө кирип калып монгол улутундагы киши черткен күнү уккандан кийин жолугат. Монголдун “мөрүнхүр” деген кылдуу аспапта ойногон күсүн Бактыгерей көкүрөгү толо сагыныч, куса-ызасын козгоп, берилү менен угат. Бул кү ага “даңкан талаанын тегиз бетинде мойнун созо төшөлүп учуп, дүбүрт салган күлүктүн ээсин издеп кишенегениндей”, күлүк менен ээсинин табышкандыгы кубанычындай, ажырашкандагы арман-ызасындай угулат. Ушул учурда атасынын күлүк айгырын тартып алгандагы кайгысы, ызасы эсине түшүп, өмүрүндө биринчи уккандагы күнү дал ошондой чечмелеп, дал ушундайча кабыл алышына анын көңүл түпкүрүндөгү дал ошол окуя себеп.
Монгол андан кийин “Учан талаанын кыйырындагы ый” аттуу көмөкөй менен аткарылчу элдик ырды аткарып берет. Ошондо Бактыгерей Избасаров да кошо түйшөлүп, мындай ойго чөмүлдү.
«Эмнени сүйлөдүң? Эмне деп безелендиң, карагым? Эмнени айтып, эмнени эсиме куя албай чебелектеп кыйналдың, карагым? Башыңды кейип-кепчигендей чулгуп-чулгуп, каарың төгө карагандай туюлдуң, каргадыңбы, карагым? Кыйгачтуу көзүңүн кычыгынан чолок жаш «мөлт-мөлт» этип кылгыргандай болду эле аядыңбы, карагым? Эмне мынча жан далбастадың, карагым! Чулдураган тилиңди түшүнбөсөм да, бир маалда араа-ны ачылган көмөкөйүңөн «каан», «каан» дегендей какшадың, канды айттыңбы, же канымды айттыңбы, карагым? «Хабырга! Хабырга!» дегениңди даана аңдадым, «кабыргам» дедиңби, карагым? Оголе көп бирдемени божурадың-ов, боорум дедиңби, бооруңа тарткың келдиби, карагым! Боор батырышкың келдиби, карагым!..»
Кызуулуктан чалыштап, ыр-күнүн таасиринен чыга албай, өзү менен өзү сүйлөшүп келе жаткан Бактыгерей кимдир бирөөлөр анын сөзүнө аралашып, жандап келе жатканын байкабай да калды. Темтеңдеп сүйлөшүп, сырдашып келе жаткандыгын кимдигин билгиси келген суроосуна “Ханмын!” деген жоопту каңырыш угуп, бирок кайталап сурай албайт. Бирок, “Кесирлигиңди карматпа, Бактыгерей! Шешесине асылып, ашата сөккүдөй атаңдын кеги бар беле? Же бир жөн жүргөн жоролошуң беле?! Кусуру болот, кусуру! Аны сөкпө сен, жектебеген сен эле калдыңбы?! Жабык дүйнөдө сен шордуу болсоң, ачык дүйнөдө мен шордуу”, – деп ойлогондорунан улам, анык болбосо да Бактыгерей анын кимдигин боолгологондой.
Күү угуп, жолдо келатып сырдуу караан-га жолугуп, “сүйлөшүп” келгенден кийин үч күн, үч түн кадагандай отуруп аян болуп келген баянды эки дептерлик кылып кагаз бетине түшүрөт. Жазгандарын үч жылдан кийин жоготуп алып, аны таң атпай Юнус хандын күмбөзү жакка издеп барып, ошол жактан Чыңгызхандын арбагына экинчи ирет жолугат. Экинчи ирет жолукканда үч дептерлик баян жазылат.
Биз сөз кылып жаткан Бактыгерей Избасаровдун түпкү теги Чыңгызханга барып такалат. Бекеринен ага аян берилип, “Чыңгыз-наме” баяны жазылып жаткан жок. Бактыгерей төрөнүн урпагы болгону үчүн сыймыктанат. Аян болуп келген Чыңгызхандын арбагы менен сырдашат. Дал ушул Бактыгерейге Чыңгызхан өзү жөнүндө нааме жазууну тапшырат. Бактыгерей тапшырманы кантип аткарып салганын да түшүнбөй калат. А.Койчиев мистика менен реализмди ширелиштирип бергендиктен, кайсы жерден окуя мис-тика башталып реализмге өтүп кеткенин же реализмден мистикага окуянын өткөнүн окурман аңдабай калат.
Аян… биздин улуу манасчылар да өзүлөрүнүн манасчылык өнөрүн Манастын улуу арбагына, күчтү рухуна байланыштырып, “Манас” айтып калуусунун себебин түшүндө Манас баатырды, Семетейди же чоролордун бирин көрүп, алардан Айкөлдүн баянын айтуу жөнүндө тапшырма алгандыгын айтып, эпосту айта баштаганда окуялар, сөздөр өзү эле тизмектелип келип турат деп түшүндүрүшкөн. “Манастын” жазма “вариантын” жазгандардын да айрымдары арбак-рухтан келген баянды кагазга түшүргөндүгүн айткан учурлар бар. “Манаста” Манастын баяны, Манастын доору, анын эрдик окуялары баяндаларын белгилеп өтөлү.
Ошентип, Бактыгерей Избасаровдун беш дептерлик баяны түздөн-түз Чыңгызхандын арбагынын “айтып берүсү”, аяны аркылуу жазылган. Демек, Чыңгызхандын арбагы ошондой эле Өзбекстан илимдер академиясынын Кол жазмалар фондусунда “өтө жашыруун” делген гриф менен сакталган, Избасаровдун аяндык баянында далма-дал келген, бирок мезгилдик жактан андан көп жылдар мурда жазылган, капысынан ЦК менен КГБнын, Илимдер академиясынын кызматкерлерин дүрбөлөңгө салган кол жазманын башка, мурдагы вариантынын да “автору” десек болот.
Көркөм чыгармачылыктагы мистика менен реализмдин кесилишиндеги мындай ыкманы кыргыз адабиятында Арслан Койчиевге өз оюн эң жогорку философиялык-эстетикалык чекке жеткирүгө мүмкүндүк түзгөн.
Арслан Койчиевдин романындагы типтештирилген реалистик каармандар Аблеухов, Хайруллаев, Абдуллаев, тарыхый каармандар Элбасар, Өзбекхан, Бердибекхан ж.б. болсо, Чыңгызхан мистикалык – аян берүчү каарман болсо, Бактыгерей жогорку каармандарды реалдуулукту жана мистиканы бириктирүчү, байланыштыруучу ортодогу каарман.
Ооба, дүйнөлүк адабиятта мистика менен реализмдин айкалышында жазылган чыгармалар бир топ. Атасак, Габриель Гарсия Маркестин “Жалгыздыктын жүз жылы” романындагы окуялар “магиялык реализм” стилинде берилет эмеспи. Ошондой эле Михаил Булгаковдун “Мастер менен Маргаритадагы” чыгармачыл адамдар менен көзгө көрүнбөгөн сыйкырдуу дүйнөнүн аралаш берилиши, Кафканын “Метаморфоза” чыгармасында жалгыздык жана руханий кыйроо трагедиясы, Орхан Памуктун “Менин атым – Кызылында” сүрөтчүлөр турмушу менен мистикалык элементтер руханий аң-сезимге байланыштуу берилет.
Чынында эле Арслан Койчиевдин “Бакшы жана Чыңгызхан” романын жогорудагы чыгармалар менен салыштырма-типологиялык метод менен изилдесе, көп жалпылыктарды жана айырмачылыктарды тапса болот.
Арслан Койчиевдин романында Чыңгызхандын өзүнүн эмес, анын бешинчи-алтынчы муундагы урпагы, кыбыра-чыбыраларынан болгон Өзбекхандын доорунан берки окуялар сүрөттөлөт. Чыңгызхандын тукумдарынын ортосунан ырк кетип, Чыңгызхандык Йасада (мыйзам-осуяттарында) айтылгандарды бузуп, барк албоону башка уруудагы моңгол балдары эмес, өзүнөн тике тараган өз урпактары баштагандыгы романда көрсөтмөлү, көркөм элестү баяндалат. Чыңгызхан төрт уулуна энчилеп бөлүп берген аймактардын жана андан кийинки жортуулдарда дагы кеңейтилип басып алынган аймактардын хандары “алтын уруктун” (“Алтын уруг”) тукумдары, ата жолунан тайып, ар кимиси өзү басып алган аймактагы элдин ырын ырдап, динин, каа-да-салтын, үрп-адатын, маданиятын артык көрүп, тутуна баштаган учурдан берки көрүнүштөргө байланыштуу эпизоддорду автор көз алдыга тартат.
“Алтын ордонун” хандык тактысына ээлик кылган эки бир туугандын балдары Элбасар менен Өзбекхандын согуштук беттешүсүндө үстөмдүккө ээ болгон Өзбекхан төмөндөгүчө ой жүгүртөт: “Касиеттү Чыңгызхандын канынан бери агылган, Жоочу хандын каны болуп агылган касиетти оодарат деген ушу. Тээ ала жаздан эки курдай бет келип, экөөндө тең алалбаган жоосун мына бүгүн – барс жылынын буйруктуу күнү, түш оой талкалап, “засаг, засаг”1 деген каапырлардын тарак тамгалуу туусун жыкты. алтын асабалуу айчыктуу туусун Сарайга тикти. Оомат оойт деген ушу, ушу турган көк дөбөдөн жер кыйыры көз алдына алаканга салгандай көрүнүп, жердин бети чеңгелине батып турду”.
А.Койчиев тарыхтын кургак фактыларын жандандырып, алардын жандуу элесин окурмандын көз алдына тартат.
Тарыхый маалыматтардан келтире кетели: “Узбекхан приходился племянником хану Наср ад-Дину Токте и внуком хану Иксар (Илбасар, Илбасмыш), и по протекции могущественного эмира Кадака был объявлен ханом, при этом сам Кадак стал главным визирем. Но в январе 1313 года Узбек вместе с Беклярбеком Кутлуг-Тимуром, прибыв из Ургенча, чтобы сказать близким покойного хана Тохты слова утешения, убил Иксара и Кадака. В январе года Узбекхан взошел на трон”.
Тарыхый булактардан Тохтахандык бийлигинен кийин Өзбекхандын бийликке келиши, Алтын ордонун хандыгына негизги талапкерлерден болгон Элбасар менен Өзбектин ортосундагы кагылыш, Өзбекхан бийлигин бекемдеп алыш үчүн Элбасар менен кошо өзүнүн түбү бир кандаш Жоочу балдарынан 120 адамдын башын алдырганы тууралуу маалыматтарды анча-мынча айырмачылыктар менен кезиктирүгө болот. Анткени ар кандай булактарда ар кандай айтылат.
Романда Элбасар ким?! Ал тарыхый адам Чыңгызхандын тукуму, Токтыхандын уулу. Чыңгызхандын урпактары так талашып, бири-бирин кырып жатканда дал ушул Элбасар Өзбекханга (ал да Чыңгызхандын тукуму) тике карап, каяша айтып, “Ушуну бил, аталардын керээзинен кечип, Йаса жолунан тайыдың! Бийик Йасаны тебелегениңди Көк Теңир кечирбейт. Теңирим куткарбайт! Эки дүйнөдө куткарбайт сени! Йасанын куту ураар сени, куту төбөңдөн урган күн да келээр, саткын Өзбек!” Бул каргыш жалпы Чыңгызхандын тукумунун атынан айтылган каргыш-наалат эле!
Өзбекхан Токтыхандын агасы Тогрулдан туулган энесинин аты Баялуун, ата-теги – Чыңгызхан – Жоочухан – Батухан – Токан – Мөңке-Темир – Тогрылчу – Өзбекхан. Токтыхан жанында алып жүргөн баласы жок болгондуктан, ал капыстан дүйнөдөн кайткандан кийин, аскер башчы Темир-Кутлуг аркылуу Өзбек хандык такка отурган. Ал айлакерлик менен хандын тактысына бекемдеш үчүн жергиликтү элдин ниетин өзүнө бурган. Ал үчүн Өзбекхан Чыңгызхан жазып кеткен мыйзамдан четтеп, Теңирчиликтен баш тартып, мусулманчылыкка ооп кеткен. Анын үстүнө Йасанын жазуусундагы хандык атадан-балага өтөт дегенди, агадан-иниге өтөт деп өзгөртүп салышы, Чыңгызхан урпактарынан так талашуусуна, бытырап, майдаланып, жоюлуп, ыдырап башка калкка сиңип кетүсүнө жол ачат.
Романдагы эң мыкты түзүлгөн образдардын бири – бул Сайчы уулдун образы. Ал Бактыгерей Избасаровдун беш дептерлик баянынын башкы каарманы. Сайчы уул өзүнүн атуулдук ар-намыстуулугу, эл камын ойлогон камкордугу, келечек муундун тагдырын алыстан ойлогон даанышмандыгы, кулчулукта басынган боордошторуна дем берген кайраттуулугу, руханий лидерлик сапаты менен окурмандын эсинде сакталып калат.
Сайчы уулга байланыштуу окуяны кыскача эске сала өтсөк, Өзбекхан кандаштарына кыргын салганда Сайчы уул тогуз жашта эле. Өзбекхан такты талашууга укуктуу Жоо-чунун урпактарынын ичинен Хан Жоочулар аталгандарынан 120 кишини бүтүндөй кырып, Каралар Жай Жоочуларды (алар да Чыңгыз тукумунан) нөкөрлөрүнө “марттык менен” кулчулукка берген (“ – Хан Жоочуга тийбегин да, Жай Жоочуну түгөл камчыга салып бөлүп алгыла. Олжо кулдукка ал! Дене кулдукка ал! – деди ызырынып”) окуяны өспүрүм Сайчы уул өз көзү менен көрөт. Улгайганча кырк жыл бою ал Жай Жоочулар менен бирге Теңиз-Буканын кол алдында көрбөгөн кордукту көрөт. Хан тукумунан кул күткөнүнө дөгүрсүгөн Теңиз-Бука Жай Жоочуларга улам бир кыйноо таап, ырахаттанат. Сайчы уул кордукта жүрсө да ата-бабанын керээзин эсине бекем түйүп, Йасанын мыйзамдарын журтташтарына айтып, эстерине салып турат. Кор болгон Жай Жоочу тукумунун кут-касиети кайтып колго тийип, кулчулуктан бошончу учурдун ыңгайын күтөт. “Алтынды чыккан жеринен каз, сууну сиңер жерге төк” деп айтылгандай, Чыңгызхандын арбагы да анын тапшырмасын өтөсүнө чыкчу адамга – Сайчы уулга өз убагында жолугат. Чынгызхандын арбагы ага кулчулуктан бошонор күн жакын калганын айтып, үмүттүн отун жандырат. Сайчы уулдун кыраакы жетекчилиги алдында Теңиз-Бука өлтүрүлүп, Чыңгызхандан жети ата өткөн урпагы Кара-Ногой такка отурат.
Окурмандын көңүл күсүн ойготчу лиризм, курч драматизм, терең психологизм сыяктуу адабий-көркөм көрүнүштөр да дал ушул Сайчы уулунун образына байланыштуу окуялардан өзгөчө сезилет.
Ушундай учурлардын бир-экини мисалга тарта кетели.
Сайчы уул кичинесинде акыр заман тууралуу жомок угуп, акыр заман келгенде түнкүсүн жылдыздар кечигип чыгып, кулак-башты тундуруп, бири улуп, бири чыңырып чыгат: толгон жылдыздар ичинен Долоон Бурхандын жети жылдызы жети жерден улуп, Алтын Каас (Алтын казык) көк төбөдөн чыңырткы салат, ошондо жан-жаныбарлар безип кирерге жер таппай, куурулат имиш деп уккан. Кандуу-булоон түшкөн түнү, б.а. Өзбекхан 120 Хан Жоочуларды кырган түнү бала Сайчы асманды карап, жылдыздар кечикпесе деп коркот: “Ушинтип асман менен арбашкансып далайга турду. Жалбарып турду ичинен. Айланайын Алтын кадас, аман-эсен көрүнө көр! Айланайын Алтын кадас, ылайым эле түнкү асманды ээн таштабай, асман ээси боло көр! Турушунан жазбай, ушинтип жалбарды”.
“Утур бир жылдыз жанат жымыңдап. Утур бир көргөн жылдызына сүйүнүп, көзгө урунган сайын маалында көргөнүнө, анан да аман көргөнүнө сүйүнүп, жалбарып атты. Жалдырап тиктейт. Жалдырап тиктей да берди, жалбара да берди, ымдап-ымдап тиктей да берди, ыйлай да берди”.
(Уландысы бар)


