Башкы беткеСаясат жана коомКоомКыргыз-тажик чек арасында жер титирөө катталды

Кыргыз-тажик чек арасында жер титирөө катталды

13-июнда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту кабарлады.

Маалыматка ылайык, жер титирөө 1.10до болгон. Жер титирөөнүн очогу Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын чек арасында (Заалай кырка тоосу), Ачык-Суу айылынан 22 чакырым түштүк-батышты карай, Шибээ айылынан 43 чакырым түштүк-чыгышты карай жана Ош шаарынан 145 чакырым түштүк-батышты карай жайгашкан.

Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү сезилген жок.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар