Орусиянын танкери Кубага мунай жеткирди

Санкция алдында турган орусиялык «Анатолий Колодкин» мунай танкери Куба жээктерине келип, 730 миң баррель чийки мунай жеткирди. Бул жеткирүү мурда жарыяланган энергетикалык чектөөлөргө карабастан ишке ашканы белгилүү болду.

АКШ президенти Дональд Трамп администрациясы танкердин киришине уруксат берилгенин тастыктап, аны гуманитардык жардам катары баалады. Ошол эле учурда Вашингтон бул көлөм Кубадагы жалпы энергетикалык абалды олуттуу өзгөртө албай турганын билдирди.

Учурда Куба терең энергетикалык кризисти башынан кечирүүдө. Өлкөдө электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, транспорттун иши кыскарып, айрым ишканалар токтоп калган. Эксперттердин айтымында, жеткирилген мунайдан 180 миң баррельге жакын дизель өндүрүлүп, бул өлкөнүн керектөөсүн 9–10 күнгө камсыздай алат.

Маалыматка ылайык, Куба керектеген отундун болжол менен 40 пайызын гана өзү өндүрөт, калган бөлүгүн импорттойт. Буга чейин негизги жеткирүүчү болуп Венесуэла саналган, бирок акыркы жылдары жеткирүүлөр азайган.

Вашингтон Кубага карата санкциялык саясат өзгөрбөй турганын белгилеп, бул жеткирүү бир жолку чара экенин билдирди.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз