whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
10.11.2025
3.1 C
Бишкек

Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы, Элчи Кубанычбек ӨМҮРАЛИЕВ: Түрк мамлекеттер уюму Кыргызстан төрагалыгы астындагы: жаңы демилгелер жана интеграция багыты

Акыркы жылдары Түрк уюму (ТМУ) дүйнөдөгү эң динамикалуу регионалдык бирикмелердин бири катары өз ордун бекемдеди. Мүчө мамлекеттер бүгүнкү күндө тышкы саясаттан баштап, соода, энергетика, санариптик интеграция, жашыл экономика, космос жана жасалма интеллект сыяктуу 40тан ашуун тармакта биргелешип иш алып барат. ТМУнун чыныгы күчү сандарда эмес. Анын негизги байлыгы – тарыхый байланыштарда, тилдик жана маданий жакындыкта, салттык биримдикте жатат. Бул жөн гана өнөктөштүк эмес, чыныгы бир туугандык мамиле. Дал ушул баалуулуктар ишенимдин, ынтымактын жана бекем өнөктөштүктүн өзөгүн түзүп келет.

Кыргызстандын төрагалыгы: ТМУнун жаңы кызматташтык платформалары жана
алгачкы жыйынтыктар

Кыргызстандын төрагалык мезгили уюмдун тарыхында жаңы барактарды ачты. Бишкек демилгеси менен өткөн жогорку деңгээлдеги жолугушуулар жана кеңештер мүчө мамлекеттердин кызматташтыгына жаңы дем берди. 2024-жылдын ноябрында Бишкекте «Түрк дүйнөсүнүн күчтөнүшү: экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санарип келечек жана коопсуздук» урааны менен өткөн 11-Саммиттин чечимдери натыйжалуу ишке ашып, соңку тогуз ай ичинде 110дон ашык жогорку деңгээлдеги жолугушуулар жана иш-чаралар уюштурулду.

Маанилүү жыйындардын бири 2025-жылдын сентябрь айында Бишкекте алгачкы жолу ТМУ мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын жана Вице-президенттин жыйыны болуп, анда соода, инвестиция, транспорт, энергетика, айыл чарба жана санариптештирүү сыяктуу маселелер талкууланды. Бул жыйынды уюштурууга акыркы жылдары ТМУнун алкагындагы иш-чаралардын көбөйүшү жана президенттер тарабынан Саммиттерде кабыл алынган чечимдерди өз убагында жана натыйжалуу ишке ашыруу зарылдыгы алып келди. Жыйындын натыйжасында Биргелешкен билдирүү кабыл алынып, соода жана инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү, жеке сектордун катышуусун арттыруу жана Кыргызстандын төрагалык мезгилинде жетишилген прогрессти бекемдөө максаттары
белгиленди.

Каржылык жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында да активдүү кадамдар жасалды. 2025-жылдын май айында Борбордук банктардын алгачкы жыйыны Астанада өтүп, акча-кредиттик саясат, финтех жана санариптик валюталар боюнча пикир алмашылды жана кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Меморандум кабыл алынды. Июнда Ысык-Көлдө өткөн Финансалык чалгындоо органдарынын биринчи жыйынында каржылык чалгындоо жаатындагы кызматташууну чыңдоо, арам акчаларды адалдоого каршы күрөш жана терроризмди каржылоону алдын алуу маселелери талкууланып,маалымат алмашуу, адистерди даярдоо жана региондук изилдөөлөрдү өнүктүрүү боюнча жаңы механизмдер түзүлдү.

Мындан тышкары, ТМУ алкагында коопсуздук, интеллектуалдык менчик жана жашыл экономика багытында бир катар маанилүү жыйындар өткөрүлдү. Июль айында Стамбулда Коргоо өнөр жай мекемелеринин жетекчилеринин 1-жыйыны болуп, мүчө мамлекеттердин стратегиялары шайкештештирилди. Августта Бишкекте Интеллектуалдык менчик органдарынын жетекчилеринин биринчи жыйыны өтүп, Жалпы Түрк патенттик уюмун түзүү жана интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо жана коргоо боюнча Мамлекеттер аралык Кеңешти уюштуруу демилгеси талкууланды. Сентябрда Астанада Түрк дүйнөсүнүн Жашыл финанс кеңешинин алгачкы жыйыны туруктуу өнүгүү жана инвестицияларды натыйжалуу багыттоо үчүн жаңы кызматташтык механизмдерин ишке киргизди. Ошондой  эле  Шушада Түрк дүйнөсүнүн камсыздандыруучулар биримдигинин биринчи ассамблеясы болуп, ТМУнун максаттарына ылайык түрк мамлекеттеринин камсыздандыруучулар биримдигин кайра түзүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Ошондой эле Казакстан Рес-публикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси менен Түрк мамлекеттеринин Борбордук шайлоо органдарынын Кеңештик платформасы (APCEA) түзүлүп, биринчи жыйыны Түрк дүйнөсүнүн руханий борбору – Түркстан шаарында өткөрүлдү. Анда мүчө мамлекеттердин Борбордук шайлоо органдарынын жетекчилери түзүлгөн платформанын негиздөөчү Регламентине кол коюшту.

Кыргызстандын төрагалык мезгилинде социалдык жана гуманитардык багытта да бир катар маанилүү иш-чаралар уюштурулду. Алардын ичинде Азербайжандын Габала шаарында өткөн Түрк мамлекеттеринин 1-спорт ыктыярчыларынын форуму жана Стамбулда өткөрүлгөн Түрк мамлекеттеринин Кызыл Ай ыктыярчыларынын лагери орун алды. Бул эки иш-чара ТМУга мүчө мамлекеттердин делегациялары жана ыктыярчылары катышкан масштабдуу алмашуу жана кызматташтык платформалары катары уюштурулду. Форум жана лагердин алкагында катышуучулар спорт жана гуманитардык кызмат көрсөтүү тармагында тажрыйба алмашып, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, келечектеги кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо жана жаңы идеяларды сунуштоо мүмкүнчүлүгүнө ээ
болушту.

Бул алгачкы жыйындардын ар бири Кыргызстандын төрагалыкты натыйжалуу жана активдүү жүргүзгөндүгүн көрсөтүп, регионалдык кызматташтыктагы лидерлик ролун бекемдеди. Ошондой эле, ТМУнун келечектеги интеграциялык жана экономикалык долбоорлоруна олуттуу дем берүүчү негиз түздү.

Кыргызстандын төрагалыгы: ТМУнун туруктуу жыйындары жана жетишкендиктер

Муну менен бирге төрагалык мезгилинде уюмдун салттуу форматтагы жыйындары да өз маңызын жоготпой, жаңы идеялар менен толукталды.

Кыргызстан үчүн айыл чарба тармагы ар дайым артыкчылыктуу болуп келген. 2025-жылдын июнунда Чолпон-Атада өткөн айыл чарба министрлеринин жыйынында органикалык өндүрүш, азык-түлүк коопсуздугу жана агрологистика маселелери талкууланды. Жыйындын жыйынтыгында Министрлер Биргелешкен Коммюникеге кол коюшуп, ТМУнун айыл чарба кызматташтыгы боюнча Стратегиялык Жол картасын бекитишти. Чолпон-Ата 2025–2026-жылдарга Түрк дүйнөсүнүн Агрардык борбору катары жарыяланды. Ошондой эле ТМУнун алкагында Түрк ишкерлеринин агро-форуму өткөрүлүп, мүчө жана байкоочу өлкөлөрдөн келген чиновниктер, бизнес лидерлери жана инвесторлор жаңы долбоорлорду талкуулашты. Форум жеке сектордун инновацияларды жана экономикалык өсүүнү илгерилетүүдөгү маанилүү ролун баса белгиледи.

Кыргызстанда ТМУ алкагында бул багытта башка долбоорлор да ишке ашырылып жатат. Алар тууралуу да айта кетели. Венгриянын колдоосу менен жана ТМУнун Будапешттеги өкүлчүлүк кеңсесинин алдындагы Кургакчылыкты алдын алуу институту аркылуу Баткен облусунда токойлорду калыбына келтирүү жана деградацияланган жерлерди оңдоо боюнча ири долбоорлор башталды. Бул демилгелер туруктуу өнүгүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө жана климаттык туруктуулукту чыңдоого багытталган.

Төрагалык учурунда мамлекеттик башкаруу жана коопсуздук тармагында да активдүү иштер жүрдү. Ысык-Көлдө адам ресурстарын өнүктүрүүчү агенттиктердин жетекчилеринин жыйыны өтүп, мүчө мамлекеттердин институционалдык өз ара аракеттешүүсүн бекемдөөгө жана заманбап мамлекеттик кызмат системасын илгерилетүүгө салым кошту. Бишкекте өткөрүлгөн Мусулман диний башкармаларынын жыйынында умманын биримдиги, климаттык өзгөрүүлөргө каршы аракеттер жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүү боюнча резолюциялар кабыл алынып, төрагалык Азербайжанга өткөрүлдү. Ошондой эле Коопсуздук кеңештеринин Катчыларынын жыйынында коопсуздук боюнча кызматташууну күчөтүү максатында конкреттүү долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу аркылуу механизмдерди өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

***

Кыргызстандын төрагалыгы учурунда туризм, спорт жана жаштар тармагындагы кызматташтык түрк дүйнөсүндө өзгөчө орун алды. Бул багыттарда ишке ашкан жаңы демилгелер мүчө мамлекеттердин өз ара байланышын чыңдап, интеграцияны дагы да тереңдетти.

2021-жылы негизделген «Түрк дүй-нөсүнүн туризм борбору» наамы кыска убакыттын ичинде маанилүү платформалардын бирине айланып, түрк өлкөлөрүнүн маданий жана туристтик багыттагы кызматташтыгына кеңири мүмкүнчүлүк ачты. Алгачкы жылдары бул наам Кокон, Шамахы жана Түркстан шаарларына ыйгарылса, 2025-жылы Жалал-Абад түрк дүйнөсүнүн туризм борбору деп жарыяланды. Бул демилге Кыргызстандын Президенти С.Н. Жапаров тарабынан 2023-жылы Астанада өткөн 10-саммитте сунушталып, башка лидерлебиз тарабынан колдоого алынган. Жалал-Абад өзүнүн кооз жаратылышы, тарыхый жайлары жана бай маданий мурастары менен туристтерди өзүнө тартып келген аймак. Акыркы жылдары шаарда архитектуралык жаңылануу жүрүп, туризмди өнүктүрүүгө багытталган маанилүү иштер ишке ашырылды. 2026-жылы бул наамды Анкара шаары улантары күтүлүүдө.

Жалал-Абаддын «туризм борбору» макамын алганынын алкагында 2025-жылдын 15–16-сентябрында Эл аралык туризм форуму өтүп, ал аймактын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө таанытууга, жаңы өнөктөштүктөрдү түзүүгө жана түрк өлкөлөрүнүн туризм тармагындагы кызматташтыгын кеңейтүүгө өбөлгө болду.

Туризмди өнүктүрүүнүн башка маанилүү долбоорлору да ишке ашырылууда. «Орток музей билети» долбоору туристтерге бир билет менен бир нече музейди кыдырууга мүмкүнчүлүк берет, ал эми «Түрк ID» демилгеси түрк мамлекеттеринин жарандарына чек арадан өтүүдө паспорттун ордуна улуттук ID карталарын колдонууга шарт түзөт.

Кышкы туризм да көңүл сыртында калган жок. Өзбекстанда өткөн алгачкы Түрк тоо-лыжа кубогу жана 12-июлда Азербайжандын Шахдаг шаарында уюштурулган Түрк тоо-лыжа базалары биримдигинин Биринчи саммити тоо туризминдеги туруктуу өнүгүү жана аймактык кызматташтыкты бекемдөөгө арналды. Андан кийинки күнү, 13-июлда, ошол эле жерде өткөн чуркоо мелдешинде (Running Fest) түрк өлкөлөрүнөн келген спортчулар 53 км, 27 км жана 9 км аралыкта күч сынашты. Жеңүүчүлөргө Уюмубуз тарабынан медалдар тапшырылып, иш-чара туризмди жана достукту өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам катары белгиленди. Ошондой эле кышкы туризмде «Бирдиктүү ски-пасс» долбоору мүчө мамлекеттердин лыжа базаларын бириктирип, туристтерге бир карта менен бир нече курортту пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Спорт жана жаштар тармагындагы кызматташтык да жаңы деңгээлге көтөрүлдү. 4-сентябрда Чолпон-Атада өткөн 3-Түрк Универсиадасына 500дөн ашуун студент-спортчу жана машыктыруучу катышып, күрөш, футзал, волейбол, дзюдо, үстөл тенниси жана шахмат боюнча таймашты. Ошол эле учурда жаштар саясаты боюнча маанилүү демилгелер да ишке ашырылды. Алматыда «Алматы – Түрк дүйнөсүнүн жаштар борбору» программасынын ачылышы болуп, анын алкагында көп тараптуу жаштар пикир алмашуу программасы, жаш лидерлер жана ишкерлер форуму, ошондой эле Эл аралык жаштар фестивалы өткөрүлдү. 17–18-июнда Ташкентте Үчүнчү диаспора жаштар форуму өтүп, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө жашаган 30 диаспора өкүлү кызматташтыкты жана координацияны чыңдоонун жолдорун талкуулады.

***

Кыргызстандын төрагалыгы учурунда космос, инновация жана санариптик өнүгүү тармактарында бир катар маанилүү иш-чаралар өткөрүлдү. Бул аракеттер түрк мамлекеттеринин илимий-техникалык кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөрүп, жаш муундарга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачты.

2025-жылдын 23-апрелинде Бакуда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн космос агенттиктери жана тиешелүү органдарынын 4-жыйыны өткөрүлүп, мүчө мамлекеттердин космостук кызматташтыгы жана негизги долбоорлор талкууланды. Айрыкча, биргелешип иштелип жаткан куб-спутник (cube satelite) долбооруна өзгөчө көңүл бурулду. Бул долбоор ТМУнун космостук интеграциясынын флагмандык демилгеси катары каралып, жыйындын соңунда тараптар спутникти ишке ашырууну улантууга макулдашышты.

Андан эки ай өткөндөн кийин, 2025-жылдын 25-августунда Измирдеги ESBAŞ Космос лагеринде 3-Түрк космос изил-дөөчүлөр академиясынын ачылыш аземи өткөрүлдү. Программа жаштарды илимий жана космос багытындагы карьерага дем берүү, тармактык байланыштарды бекемдөө жана келечектеги лидерлерди тарбиялоого багытталды. Академияга 40 студент катышып, астрономия, астрофизика, ракеталык жана космос илимин терең үйрөндү.

***

Ошондой эле ТМУнун катышуусу менен Кыргызстанда эл аралык ири маданий иш-чаралар өткөрүлдү. Мисалы, улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына арналган VIII Эл аралык элдик эпостор фестивалы 2025-жылдын 27–31-май күндөрү Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында өткөрүлүп, ТМУ тарабынан “Эң мыкты боз үй” сынагынын жеңүүчүсүнө сыйлык тапшырылды.

***

Түрк мамлекеттер уюмунун эл аралык кызматташтыгы акыркы жылдары олуттуу кеңейди. Мамлекет башчыларыбыздын тапшырмаларына ылайык, биз Женева, Вена, Брюссель, Париж жана Нью-Йорк шаарларындагы ири эл аралык уюмдар жана алардын регионалдык кеңселери менен натыйжалуу өз ара кызматташтык жолго коюлду.

2025-жылдын эң маанилүү окуяларынын бири катары 1-сентябрда Стамбулда “Cleantech Days 2025” форуму өткөрүлдү. Бул иш-чара ТМУ, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү уюму (UNIDO) жана Түркиянын Илим жана технологиялык изилдөөлөр боюнча кеңеши (TUBITAK) тарабынан биргелешип уюштурулду. Форум глобалдык деңгээлдеги таза технологиялардагы жетишкендиктерди көрсөтүүгө, тажрыйба алмашууга жана туруктуу өнөр жай өнүгүүсүн илгерилетүүгө платформа болду. Эң башкычы иш-чаранын алкагында «Регионалдык кызматташтык аркылуу жашыл инновацияны өнүктүрүү: Түрк мамлекеттер уюмунун ролу» аталышындагы жогорку деңгээлдеги панелдик сессия өткөрүлдү. Талкууларда бизнес-экосистемаларды бекемдөө, чакан жана орто ишканаларды колдоо, ошондой эле инклюзивдүү энергетикалык өтүүнү илгерилетүү маселелери каралды. Спикерлер регионалдык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүнө, анын ичинде жаңылануучу энергия долбоорлорун өнүктүрүү, инновациялык технологияларды жайылтуу жана экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу багыттарына өзгөчө токтолушту.

Андан тышкары, быйыл Вена шаарында ТМУну таанытуу максатында түрк кызматташтык уюмдары менен биргеликте жана Венадагы биздин дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн колдоосу менен «Түрк жумалыгы» өткөрүлөт.

Кыргызстандын төрагалыгы мезгилинде ТМУнун Монголияга алгачкы сапары жана башка маанилүү жогорку деңгээлде иш-чаралар 2025-жылдын 18-21-март күндөрү ТМУнун Монголияга алгачкы иш сапары уюштурулду. Монголиянын Тышкы иштер министринин чакыруусу менен уюштурулган сапардын алкагында Монголия Президентинин кеңешчиси, Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы, Монголия Президентинин Аппаратынын башчысы, мурдагы президент жана парламентинин депутаты менен жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өткөрүлүп, ТМУнун ишмердүүлүгү, кызматташтык багыттары жана түрк-монгол тарыхый байланышы талкууланып, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү каралды. Бул сапар ТМУнун Монголия менен кызматташтыгын бекемдөө жана уюмдун аймактагы интеграциялык аракеттерин кеңейтүү багытында маанилүү кадам болуп калды.

Кыргызстандын төрагалыгы учурунда дагы бир маанилүү окуя – 21-майда Будапешт шаарында өткөн ТМУнун бейрасмий саммити болду. Алгач ирет Европа аймагында, байкоочу мамлекеттин мейкиндигинде өткөн жыйындын жыйынтыгы менен кабыл алынган Будапешт декларациясы экономикалык интеграция, санариптик өнүгүү жана коопсуздук багытындагы жаңы жол картасын
аныктады.

Ал эми 2025-жылдын 7-октябрында Азербайжанда «Регионалдык тынчтык жана коопсуздук»  темада өтө турган ТМУнун 12-расмий саммити уюмдун интеграциясын тереңдетип, түрк мамлекеттеринин биримдигин чыңдоодо жаңы этапка айланышы күтүлүүдө. Ошентип, Кыргызстандын төрагалыгы ТМУнун интеграциялык процесстерине жаңы дем берип, стратегиялык өнөктөштүктүн бекемделишине олуттуу салым кошту.

(Атайын «Кыргыз Туусу» үчүн)

Акыркы гезиттер

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика жана менеджмент кесиби...

Сартбаевдердин династиясы: педагог, дизайнер, химик-биотехнолог

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракелик иш-чарасынын алкагында жана Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө карата профессор Каратай Сартбаевдин 95 жылдыгына, академик Болот Каратаевич Сартбаевдин 70...

Узак жашоонун сыры

Адистердин айтымында, узак жашоонун төмөндөшүнө экономикалык оор шарт, сапаттуу медициналык тейлөөнүн жетишсиздиги, туура эмес тамактануу, стресс жана экологиялык көйгөйлөр таасирин тийгизет. Айрыкча, жүрөк-кан тамыр оорулары, диабет жана...

Таштанды — көйгөй эмес, мүмкүнчүлүк

Кыргызстан — тоолуу, суусу мол өлкө. Бирок акыркы жылдары электр энергиясынын жетишсиздиги түйшүккө салып келет. Айрыкча кыш күндөрүндөгү абал баарына белгилүү. Мындай учурда альтернативдүү энергия булактарын издөө...

Турдакун Усубалиев: «Мен өз элим, өз өлкөм үчүн эмгектендим»

Турдакун Усубалиевдей жетекчи оңой менен жарала бербейт. Андай адамды кыргыз эне дайыма төрөбөйт. Асанбек Стамов.        Эки инсанга, ошол ишке аралашкан жогорку даражадагы айрым жетекчилерге, изилдөөчүлөргө гана жакшы...

Кыргыз журналистикасынын алпы, кызыл тилдин чечени

Тилектеш Ишемкулов дегенде идеологиялык “фронттун” күжүрмөн жоокери, кыргыз совет журналистикасынын акыркы алптарынын бири, кызыл тилдин чечени элестейт.Идеологиялык “фронт” дегенибиз, Тилектеш Ишемкулович 1963-1965-ж.ж. – Жети-Өгүз райондук комсомол комитетинин...