(Илимпоз жана жазуучу Арслан Капай уулу Койчиевдин алтымыш жаштагы торколуу тоюна)
Азыркы көз карандысыз Кыргыз Республикасынын эгемендигине карай жол чапкан миллиондогон көзгө көрүнбөгөн жарандарыбыз бар. Ошолордун арасында өзүнүн жазган жана айткан сөздөрү менен айырмаланган карапайым айдың жарандарыбыз арбын. Арслан Капай уулу Койчиев дагы – жаштайынан эле идирек чыгып, Кыргызстандын эгемендигине жетүүсү жана аны чыңдоо үчүн жеке салымын кошуп келе жаткан атуулубуз.
Ал студент кезинде эле «кыргыз» этностук аталышынын 2200 жылдык мааракесин өткөрүү керек, деп сунуш айтып чыккан. Бул – айтылуу советтик «Кайра куруулар» доорунун соңку кези, чагымда, 1989-жыл болчу. (Калыстык үчүн айтсак, дал ошондой эле ойду мен даңазалуу географ жана географиялык ачылыштар тарыхын изилдөөчү Садыбакас Өмүрзаков агайдан да ошол убакта башка бир жагдайда уккан элем).
Күрдөөлдүү 1989-жылы кулжанын (июндун) 3үндө Бишкекте «Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты» («Ассоциация молодых историков Кыргызстана») деген аталыштагы тарыхчылардын коомдук уюмун негиздеген уюштуруу жыйынын өткөргөн элек. Ошол жыйынды эне тилибизде өткөрдүк (ал эми кыргыз тилин жападан-жалгыз мамлекеттик тил деп жар салган мыйзамдын кабыл алынаарына дагы 3 жарым айдан ашуун убакыт бар эле).
Бул уюштуруу жыйынын Кыргызстан Жазуучулар Биримдигинин имаратындагы жыйын залында өткөрдүк да, жыйындын жүрүмүн кыргыз тилинен орус тилине мезгилдеш (синхрондук) которуу жүгүн Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факултетинин (КМУнун; азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин – КУУнун Тарых жана чөлкөм таануу институтунун) жогорку курсунун студенттери Арслан Койчиев, Акчолпон Койчиева (Касмамбетова) жана Алмаз Кулматов коомдук демилгелерине ылайык акысыз жүзөгө ашырышкан.
Арслан университетти аяктай элегинде эле тарыхчы Осмонаалы Кыдык уулу Сыдыков (1875–1942) тууралуу алгачкы китебин жазып бүткөн, аны эгемендиктин алгачкы бир жылдыгында жарыялаган (Караңыз: Койчиев Арслан. Осмонаалы Сыдык уулу жана анын “Тарыхтары” / Ред.: А.Мокеев, Т.К.Чоpоев. – Бишкек, 1992. – 46 б.). Бул – өзгөчө символдук нерсе, анткени совет доорунун акыркы үч жылын эске албаганда, тарыхчы Осмонаалынын 1913–1914-жылдары жарык көргөн китептерине тыюу салынып (ал 1913-жылы Өпө же Уфа шаарында «Мухтасар тарых-и кыргызиййа», 1914-жылы «Тарых-и кыргыз шадманиййа» деген эки эмгегин өз каражатына чыгарган), совет адабиятында «кыргыздар Лениндин парманы менен гана сабаттуу болушкан» деген жалган идеологиялык түшүнүк жогортодон таңууланып турган кез эле. Бул доор – Энесай Кыргыз каганатындагы жана Теңир-Тоодогу битик (руна сымал) жазмалары улуттук тарыхта жасалма жерилип турган учур болчу. Ал эми кочкордук тарыхчы Осмонаалынын эмгектери, башка кыргыз жадитчилеринин көөнөргүс чыгармаларындай эле, бул жалган түшүнүктү жокко чыгарган далилдердин бири эле, бирок тарыхый чындыкка суусаган калың журтка алар тууралуу калыс ойлор азыноолак гана жетип жаткан.
Эми Арслан Капай уулунун коомдук ишмердигинин башатына учкай кайрылалы. 1990-жылы бугу (май) айында Арслан өз курсташ достору жана жакын санаалаштары менен Кыргызстан демократиялык кыймылы уюмуна да үзүрдүү катышкан. Асыресе, 1990-жылы тогуздун айынын (октябрдын акыркы апталарында) Арслан да КДКнын – коммунисттик тоталитардык түзүлүшкө ачык каршы чыккан коомдук блоктун – саясий ачкачылык өнөктүгүнө жеке салымын кошкон жана ар этностордон куралган жарандардын арасында болду. Демек, көп партиялуулук жана эгемендик көз караштарынын үрөнүн сепкен дал ушул кубаттуу кыймылга Арслан жөн гана сырттан баам салып карабастан, уюмдун мүчөсү катары анын ичинен туруп, иш-аракеттерине жигердүү катышкан. Муну ошол окуялардын күбөсү катары тастыктай алам.
Ал түгүл ошол саясий ачкачылык өнөктүгү башталган эң алгачкы күнү (22.10.1990) Арслан жана башка тарыхчы студенттер менин жанымда ырааттуу турушуп, келген-кеткендерге КДКнын бул саясий иш-чарасынын маңызын түшүндүрүп берип жатышты. Деканат өкүлдөрү факултеттин №9 жатаканасынын эшигин жаап, эч кимди чыгарбай тороп жаткан чакта, студенттер бул жатакананын экинчи кабатынан тымызын түшүп, алиги саясий өнөктүккө келип катышкан учурлар болду. Эртеси күнү тарыхчы, тилчи жана башка студенттер өздөрү да КДКнын саясий ачкачылык жүрүмүнө ачкачылык жарыялоо ыкмасына өтүп, бул иш-чарага жигердүү кошулуп кетишти.
КДКнын жана «Ашардын» ар кыл ишмердигине катышкан студенттердин арасында Динар Иманова, Жаңылсынзат Турганбаева, Айнагүл Жоошбекова, Нинакан Орозбаева, Жамыйкат Өмүрова, Алтынай Дубанаева, Элеонора Ишекеева ж.б. карындаштарым, Алмаз Кулматов, Бектур Асанов, Ыйман Досбаев, Нуркул Эркинбаев, Улан Жийдебаев, Таалайбек Жумамүдүн уулу, Бактыбек Алиев, Сүйүндүк Үркүнчиев жана башка инилерим да бар болчу. Кыз-келиндер педагогикалык институтунда, Ош педагогикалык институтунда жана башка ЖОЖдордо жана техникумдарда окуган студенттер да КДК кыймылына жигердүү катышкан. Буларды эстегеним – Арслан Атажурт тагдырына кайдыгер эмес жаңы толкундун бир өкүлү болгондугун баса белгилешим үчүн маанилүү.
Жаңы шартта, 1992–1995-жылдары, Арслан КУУда Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасында менин илимий жетекчилигим астында күндүзгү аспирантурада окуп калды. Ал аспирант катары бир дыңды бузган олуттуу илимий теманы алгачкы болуп иликтеди. Ал – XIX кылымдагы кыргыз бийлеринин түндүктөгү тарыхый коңшусуна (1855–1876-жылдардан тартып тикелей өкүм жүргүзгөн империалист оторчу болуп калган падышалык Орусияга) жөнөткөн арап арибинде чагатай ыкмасында жазылган каттарынын түп нуска тексттеринин оригиналдуу маалыматтары (билгиси)эле. Буга чейин бул каттардын орусча бир беткей империячыл маанай сезилген котормолору гана илим чөйрөсүндө пайдаланылып келген.
1996-жылы Арслан Капай уулу өзүнүн жаңычыл диссертациялык ишин (Караңыз: Койчиев А.К. XIX к. Түндүк Кыргызстандын калкынын тышкы саясий мамилелери: (Араб жазмасындагы жергиликтүү документ булактардын негизинде) жазып, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых институтунда ийгиликтүү жактады. Ага бата бергендердин арасында Кушбек Үсөнбаев, Өмүркул Караев, Сабыр Аттокуров, Имел Молдобаев, Ташманбет Кененсариев, Токторбек Өмүрбеков сыяктуу чыгаан тарыхчылар бар эле.
Андан кийинки Арсландын ургаалдуу илимий эмгектери XX кылымдын 20-жылдарындагы Кыргызстандын чек ара көйгөйлөрүнүн тарыхына арналды (Маселен: Arslan Koichiev, “Ethno-Territorial Claims in the Ferghana Valley During the Process of National Delimitation, 1924-7,” in Central Asia: Aspects of Transition, ed. Tom Everett-Heath (London: Routledge Curzon, 2003), pp. 45-46). Анын орус тилиндеги монографиясы (Караңыз: Койчиев Арслан. Национально-территориальное размежевание в Ферганской долине (1924-1927 гг.) / Отв. ред. Т.К.Чороев (Чоротегин). – Бишкек: Учкун, 2001. – 120 с.) жакынкы жылдардагы жыйынтыктоочу кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүлөрү маалында байма-бай пайдаланылгандыгы тууралуу кабарым бар.
Бул эмгекте Памирдеги Мургап аймагы 1928-жылга чейин Кыргызстанга таандык болгондугу, советтик Тажикстандын өзү 1924-жылдан 1929-жылга чейин Өзбек ССРине “Тажик АССРи” аталышында карап тургандыгы да факттарга негизделип чагылдырылган.
Арслан Капай уулу эл аралык журналистика мектебинен да өттү. Ал “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги бюросунда (1994–1996) да, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Лондондогу баш кеңсесинде (1994–2010) да иштеген. Ошол кездери ал публицист жана журналист катары далай эл аралык, чөлкөмдүк жана жумурияттык талуулуу өңүттөрдү чагылдырып жүрдү, 2005- жана 2010-жылдардагы элдик ыңкылаптардын кабарларын борбордук майдандан туруп маалымдап жатты, 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн жана Улуу Үркүндүн жылдыктарына арналган жүрүштөргө катышып, Беделге чейин жетти.
2012-жылы ал “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмесине вице-президент болуп шайланды. Ара-чолодо ал Алымкул аталык, Сатар Алмамбетов сыяктуу мурда терс гана бааланчу жана тарыхчы Мырза Мухаммед Хайдар сыяктуу назар борборунан негизсиз оолак калган тарыхый инсандардын таржымакалын жаңыча иликтеп жатты.
Арслан Капай уулу 2020-жылдын күзүндөгү “Үмүт ыңкылабынан” кийин бийликке келген жаңы толкунга катышып, 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болуп дайындалган. 2022-жылы июндан тартып бир нече айга Арслан Койчиев кыргыз тараптан Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын орун басары болуп, демек, дипломат катары, Түркияда иштеп турду.
Азыркы тапта А.К.Койчиев – Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун кеңешчиси (2022-жылдын 20-декабрынан) болуп чектелбестен, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Тарых илимдерин өнүктүрүү боюнча комиссиянын төрагасы кызматын да аркалап келет.
Арслан Капай уулу калемгер катары жамы жу
тка таанымал. Ал өзүнүн көркөм чыгармалары (романдары жана чаканыраак чыгармалары аркылуу) совет доорунда эч качан мынчалык таамай көтөрүлө албай турган тарыхый-турмуштук өңүттөрдү жаңыча ачып бере алды.
Арсландын кыргыз тилинен тышкары англис, чагатай түрк, казак, өзбек жана анатолиялык түрк тилдерин, ошондой эле бала чагынан орус тилин да мыкты өздөштүргөндүгү анын дүйнө таануу деңгээлин жаңы сереге чыгарып берди: десек болот.
Ал Чыңгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбеков, Казат Акматов, Кеңеш Жусупов сыяктуу улуу муундардын өкүлдөрүнөн бата алган, Эсенбай Нурушев, Шайлообек Дүйшеев, Акбар Рыскулов, Султан Раев сыяктуу агалары, Каныбек Иманалиев, Бакыт Орунбек, Уран Ботобеков, Кубат Чекиров сыяктуу теңтуштары менен кенен баарлашкан, өзү куйма кулак, сөзгө чебер калемгер болгондуктан, анын бир гана милдети – Ч.Айтматовдон кийинки доорго төп келчү жаңычыл чыгарма жаратууга жекече салым кошуу эле.
Бул жаатта анын “Мисмилдирик” (“Беделдеги каргыш”), “Айта бер менин кебимди”, “Бакшы менен Чынгыс хан” сыяктуу чыгармалары заманбап көркөм адабиятта жаңы дүбүртттүн бир өңүрүн түзө алды деп калыс айтылып келет.
Арслан Капай уулу – Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (2024). Бул жогорку наам ага жөн жай гана ыйгарылбагандыгын жогорудагы маалымат тастыктайт.
Анын публицистикалык эмгектери, интернеттеги коомдук барактардагы жарыялары да жаш муундарды атуулдукка, илим жолуна чакырган, алардын дүйнө таанымын байытууга огожо болгон айдыңдык мөмө болуп саналат.
Алтымыш жаш, кантсе да, ордунан илгерилебестен манчыркап туруп калууга эч мүмкүндүк бербеген, жаңы жана таң каларлыктай жемиштүү кезеңдин, мезгил өктөмүнүн наркын мыкты аңдай баштаган өмүр баскычынын алгачкы гана көз ирмеми эмеспи.
Куттуу маараке ээсине – Арслан иниме учкучтук чың ден соолук, жаншериги Акчолпон экөөнүн чогуу 110 жаш сересин үй-бүлөлүк бакыбаттыкта аркалашын, мындан аркы коомдук жана чыгармачыл иштери байсалдуу улантылышы үчүн саамалыкчыл дем-күчтү жана жигерди каалайбыз. Дагы бир тилегибиз – болочокто тарыхчы ишмер жана устат катары да бараандуу салым кошо берүүң абзел!
Тынчтыкбек Чоротегин,
тарых илимдеринин доктору, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору.
2025-жылдын аяк оона (сентябр) айынын 29у.

