whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
10.02.2026
4.1 C
Бишкек

Мальта Республикасы

Мальта Республикасы Түштүк Европадагы, Жер Ортолук деңизиндеги Мальта архипелагында жайгашкандыктан, кургак жер аркылуу бир өлкө менен чектешпейт. Мальта, Гоцо, Комино аралдарынан жана киши жашабаган ондогон аралдардан турат. Аянты 316 чарчы чакырым. Архипелагдын узундугу 27, туурасы 15 чакырым.

Климаты эн жагымдуу, жумшак, нымдуу. Аралды аралап аккан дарыя, көл жок. Аралга эн жакын өлкө Италиянын Сицилия аралы 93 чакырым, Тунис 288 чакырым, Ливия 333 чакырым. .

Расмий тили араб тилинин тунисс диалектине жакын мальта жана англис тилдери. Өлкөнүн аты грек тилинен алынган, бал (meli) дегенди билдирет, байыркы гректер аралды Melitē аташкан дешет айрымдар. Башкалары финикий тилинде “малет” “түнөк”, “ыктоо” же “порт” дегенди билдирет дешет. Экөө тең негиздүү гипотеза, анткени аралда гана кездешкен аарынын балы байыртадан бери белгилүү, экинчиден аралдар ыңгайлуу портту элестетет.

Аралдарда б.з.ч. 5900 жылдан бери адам байырлаган. Жер Ортолук деңизинин чок ортосунда, Европадан Африка менен Азияга кеткен деңиз жолунун нугунда болгондуктан, Финикия, Карфаген, Рим империясы, гректер, арабдар, норманндар, арагондуктар, христиан крестүүлөр, испандар, француздар, англичандар ортосунда аралга ээлик кылуу үчүн күрөш тынбай жүргөн. Улам бир империянын жана мамлекеттин карамагында болгондуктан, өлкөнүн маданияты ошол эртеги доорлордун мураскору, аралдар нечен тарыхый окуялардын күбөсү.

1530-жылы Ыйык Рим императору Карл V Мальтаны иоаниттердин рыцардык орденине ыйгарат. Ошондон бери Ыйык Рим-католик чиркөөсүнүн Мальта ордени аталат. Христиандардын эң көөнө суверендүү Мальта ордени БУУга жан Европа Кеңешинде байкоочу уюм катары катары статуска ээ. Учурда Италия Мальта орденин мамлекет катары тааныйт. 1798-жылы Наполеон Бонапарт Египетке карай жүрүшүндө орто жолдон Мальтаны басып алып, чиркөөгө баш ийген ордендин бийлигин жокко чыгарат. Саясаттын жана аскер өнөрүнүн генийи Наполеон “мамлекет динге эмес, дин мамлекетке кызмат кылыш керек, императорлор менен падышалар чиркөөдөн бата сурабай, чиркөө өкмөткө баш ийиш керек” деген эрежени орнотууга умтулган. Орус императору Павел да аралга көз артып, өзүн Мальта орденинин магистри деп жарыялап, аралды өз карамагына алгысы келет. 1800-жылы Британия Мальтанын борбор шаары Валеттаны ээлеп алат. Орустар аралга дооматынан баш тартат. 1814-жылдагы Париж тынчтык келишиминде Мальта Британиянын карамагындагы аймак деп таанылат. Мальта ордени буга макул эместигин билдирип, 1834-жылы Римде штаб-квартирасын негиздейт. Аралдагы Ыйык Периште сепили ордендин ордосу. Сепил экстерриториалдык сатуска ээ.

Мальта экинчи дүйнөлүк согушта “женилбес чеп” деген атка конгон. Дээрлик эки жыл бою абадан тынымсыз чабуул коюп, мөндүрдөй жаадырып бомбалаганына карабастан, фашисттер чепти багындыра албай койгон. Арал үчүн салгылаш Жер Ортолук деңиздеги согуш аракеттеринин атактуусу. Англиянын королу Георг VI “Мальта арал-чебинин каарман элин жана коргоочуларын” Георгий крести менен сыйлаган. 1964-жылы 21-сентябрда  Британия Мальтага көз карандысыздыкты берип, бирок Британ шериктештигинин алкагындагы аймак деп жарыялаган. Ханыша Елизавета Мальтанын ханышасы аталып, аралды британ генерал-губернатору башкарган. Мындай чектелүү көз карандысыздыкка эркиндикти сүйгөн Мальта макул эмес эле. 1974-жылы өзүн Президенттик Республика деп жарыялайт. 1979-жылы Мальтанын өкмөтү Британиянын аскер базаларынын жайгашуу мөөнөтүн узартуудан баш тартып, Британиянын административдик жана саясий кучагынан биротоло чыгат.

2004-жылы Мальта Евробиримдикке кирет, 2008-жылдан тартып евроаймактын бөлүгү деп саналат, улуттук валютасы – евро.

Тарыхый жолуна байланыштуу Мальта көп улуттуу эл, түркүн маданияттын өкүлдөрү байырлаган кооз өлкө. Мальта тарыхый, маданий, архитектуралык эстеликтерге бай, борбор калаасы Валетта, Хал-Салиени жана 7 мегалит храмдары ЮНЕСКОнун баалуу мамданий мурастарынын тизмегинде. Валетта шаары иоаниттер орденинин магистри Жан Паризо де ла Валеттин ысымында, анткени ушул рыцарь 1566-жылы шаарды негиздеген жана Султан Сулеймандын аскерлеринен чепти коргоп калган. Валеттада атактуу кафедралдык собор, Улуу магистрдин аксарайы жана башка архитектуралык шедеврлер, ошондой эле өкмөттүк имараттар жайгашкан. Юридикалык мекмелердин көптүгүнөн Валеттаны юристтердин шаары деген лакап ысымы бар.

Көлөмү чакан жана бейтарап статусу бар мамлекеттерден айырмаланып, Мальта Республикасынын өз армиясы, аскер-деңиз флоту бар.

Аймагы кичине болгон менен Мальта Европада калкы жыш өлкөлөрдүн бири. Аралда 430 миң ашуун эл жашайт, бирок Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн ичинен калкы эң аз мамлекет. Жергиликтүү мальталыктар калк-тын 98%ын түзөт, негизинен католиктер (97%). Бирок калган Европа мамлекеттери сыяктуу эле, келгиндердин саны улам арбып баратат. Африка менен Европанын огунда жайгашкандыктан, ливиялыктар, египеттиктер жана марокколуктар тынымсыз агылып келүүдө. Келгиндер калктын 19,3 пайызынан ашты. Жанга жайлуу, тынч болгондуктан, Мальта Европа мамлекеттеринен келген ардагерлер көп байырлаган өлкө. Мальтанын жарандарына үйлөнүү популярдуу болуп баратат, ар бир бешинчи мальталык жаран чет элдик жаран менен баш кошууда. Өмүрлүк жардан мурун кадырлуу кайын журт көздөп, адамга эмес өлкөгө үйлөнүп жаткан сыяктуу.

Республиканын экономикасынын кирешелүү тармагы – бул туризм. Мальта англис тилин үйрөнүү боюнча эң ири борборлордун бири. Мальта жогорку квалификацияны талап кылган өнөр жайы өнүккөн өлкө. Микрочиптер, компьютердик тетиктер (ST Electronics), бир топ өлкөнүн улуттук валюталары (De La Rue), так приборлор жасалат, учактарды тейлөөчү ишканалар (Lufthansa Technics), санарип программаларды иштеп чыгуучу борборлор Мальтада жайгашкан. Мальтанын товарларынын басымдуу бөлүгү Германияга, Италияга, Францияга, Сингапурга, Жапонияга  экспорттолот.  Мальта тарыхый жана масштабдуу блокбастерлер тартылган киностудия сымал. “Гладиатор”, “Мюнхен”, “Код да Винчи” сыяктуу атактуу фильмдер аралдарда тартылган.

Баалуу архелогиялык эстелик Гхар Далам үнкүрүндө жүз миңдеген жылдар мурунку жаныбарлардын сөөктөрү сакталуу. Мадинадагы Кыйноолор музейиндеги аспаптар үрөй учурган менен кирүү акысынын кымбаттыгына карабай киши аягы үзүлбөйт. Маноэль (Гзира) форту чечек менен кара тумоого чалдыккандарды дарылаган жай катары белгилүү болсо, бул сепил азыр музей, айтмакчы “Игра престолов” фильми дал ушул жерден тартылган.

Мальта Европанын финансы борборлорунун бири. Банктарда жана финансылык мекемелерде 6 минден ашык киши эмгектенет, ички дүң кирешенин 12%ы ушул тармактан түшөт. Мальта шараптардын түрүн, шабдалы, цитрус жемиштерин, инжир, зайтун майын экспорттойт. Алтынды жана күмүштү чегип жасаган зер буюмдар экспорттун маанилүү түрү.

Кыргызстан Мальта Республикасы менен дипломатиялык мамилесин 1993-жылы 19-февралда Москва шаарында түзгөн.

Сыргак ЭСЕНБЕК

Акыркы гезиттер

Эң жакшы жана эң жаман көргөн акыным — Бектуруш Салгамани

– Бектуруш аке, качан да болсо бир арманым бар деп каласыз. Ал эмне арман?– Ал арманым – мен КМУнун журналистика бөлүмүндө окуганым. Бул арман кандай арман экенин,...

Науру Республикасы

Борбору жок өлкөОкеания аталган, Тынч океандагы аралдарда чакан мамлекеттердин катарына кирген өлкөлөр бар: Гуам, Папау, Маршалл аралдары, Тувалу, Науру ж.б. Бир аймакта жашагандыктан, климаты, географиялык шарты, чарбачылыгы...

Окуу куралдар окуучуларга ыңгайлуу болсо

                Учурда мамлекеттик билим берүү мекемелериндеги негизги көйгөйлөрдүн бири окуу куралдары. Жетишсиз жана баш аламандык. Жыл сайын бир эле предмет...

Улуттук музей – улуу тарыхыбыздын күбөсү

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси менен учурда АРТ Диалог өтүүдө. Музейлердин заманбап өнүгүүсү тууралуу биз Улуттук тарых музейинин директору, профессор Жылдыз Бакашова менен маек курдук. ...

Латын Америкасынан Мишель Бачелет… Борбор Азиядан Роза Отунбаева?..

Чилинин президенти Габриэль Борич өзүнүн өлкөсү жана Бразилия, Мексика менен биргеликте Чилинин мурдагы башчысы Мишель Бачелетти БУУнун башкы катчысы кызматына талапкер кылып көрсөткөнүн жарыялады.Габриэль Борич Бразилиянын лидери...

Журналист блогер, блогер журналист эмес

Кыргызда “Бала – баланын иши чала” деген кеп бар. Анын сыңарындай, жаш депутаттардын бири жаштык кылыппы, же мандаттын күчүнө эреркеп “мастык” кылыппы, “Кыргызстанда журналисттер калган жок. Мен...