Ата көргөн ок жонот, эне көргөн тон бычат

“Шумдуктуунун төөсү жорго” дегендей, жашай берсек көрө берет окшойбуз. Дегеним, көгүлтүр экранда, кайсыл бир залкардын өмүр жолуна, чыгармачылыгына арналган берүүдө, алып баруучу каарманынын балдарын да мактагысы келип, “алма дарагынан алыс түшпөйт” дейт эмеспи деп мактап калды, каарманы да аны байкабады көрүнөт, шымалана уул-кызын, неберелерин мактап кирди …

Ушундан улам ой кетти, ата-бабалардан мураска, таберикке калган макал-лакаптарды биз канчалык деңгээлде түшүнөбүз, пайдаланабыз? Эгерде сөз менен иштеп, сөздү кесип туткандар сөздү сөлтүк, кепти кемтик кылып айтып жатса, анда көпчүлүк тууралуу кеп кылуунун өзү ашыктык кылчудай го. А балким, аракет кылбай, баарына кол шилтеп коюунун өзү да душмандыктыр.

Ошондуктан “сөз оңолмоюн, иш оңолбойт” дегендей, оболу сөзүбүз оңолсо, ага жараша кылган иштерибиз шайкеш келсе, анда алтын доордун орногону ошол эмеспи, жаман көрүнсөк деле айта береличи, илме кайып демекчи, идиректүүлөргө илинип калар …

Кыргыз элинде дагы бирин-экин өтө орой айтылган макалдардан мисал тарта кетели: “көр көргөнүн кылат, көсө түрткөнүн кылат”, “көрбөгөндүн көргөнү курусун” деген макалдар бар. Канчалык таамай айтылганын караңыз, көзгө сөөмөй менен эле сайып алгандай го, чиркиндики. Муну мисал тартканыбыздын себеби, биз көп учурда жаштарды эле күнөөлөп калабыз, ал эми чындыгында, ага айрым улуу жана ортоңку муун (баары эмес) өзү күнөөлүү эмеспи?

Төмөнкү суроолорду өзүбүзгө берип көрбөйлүбү: Мен кандай бала же кыз болдум? Кандай бир тууган, жоро-жолдош, курдаш болдум? Кандай ата-эне болдум? Ата-энебизге ырахмат айткандардан болдукпу же бир туугандар чогулган жерлерде алардын жакшы болсун деп какыс-кукус кылып, урушкандарын гана кеп кылгандардан болдукпу? Мына ушуларга ачык жооп айтсаңыз, баарына болбосо да өзөктүүсүнө жооп алган болосуз, күнөөлүүлөр да табылат эле. Анткени бардык нерсеге жооп болот тура, жаманына да, жакшысына да. Ким эмнени кылса, ошонун жообун алаттыр. Ошондуктан го, улуулар “өзүңө каалабаганды бирөөгө жасаба” деген эмес беле. Демек, көп нерсенин баары өзүбүздөн кетип жаткан жокпу, качандыр бир убакта кылган жорук-жосундарыбыз үчүн азыр жооп берип жаткан жокпузбу?

Кыргыз эли миңдеген жылдар, ондогон кылымдар ичинде заттык байлык эмес руханий байлыкты урпагына мурастап, аларды муундан муунга өткөрүп, көздүн карегиндей сактап келишкен. Бирок бардык нерсенин башаты болгон сыяктуу эле, ошол мурастардын да биринчиси болот эмеспи. Ал мурас – таалим-тарбия же бир сөз менен айтканда, адамгерчилик сапаты. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндөгү Жарлыгынын биринчи багыты да жөн жеринен таалим-тарбия деп аталган эмес да.

Бизде кызыктай ой жүгүрткөн топтор да пайда болуп калгандай, өз айткан, жазган ойлорду четке кагып, чоочун бирөөлөрдүн ойлорун туу тутуп, өздөрүнүн төбөлөрүнө көтөрүп алгандар көбөйгөндөн көбөйүп бара жаткандыгы да жашыруун эместир. Ошон үчүн, же көп түрдүүлүктү эске алып, батыш өлкөлөрүндөгү бир аңызды мисал тарта кетеличи.

Физика-математика факультетинин бир профессору студенттерине сабак өтүп жаткан күндөрдүн биринде, доскага 1 санын жазат да мындай дейт:

– Бул адамгерчилик, башкача айтканда, таалим-тарбия. Адам үчүн эң негизги сапат ушул. Андан кийин анын жанына 0ду жазып: – Бул силердин жетишкендиктериңер. Эгер адамгерчилик бар болсо, бул экөө биригип 10 болот, – дейт. Андан кийин дагы бир 0ду кошуп: – Бул тажрыйба. Мына эми адам 100 болду, – деп түшүндүрөт. Ошентип ал улам нөлдөрдү кошо берет: билим, маданият, сүйүү, ийгилик, байлык … Ар бир кошулган нөл адамдын баасын эселеп көбөйтөт, миң, миллион, миллиард …

Бир маалда, профессор досканын башында жазылып турган 1 санын өчүрүп салды. Эми доскада эч кандай мааниси жок, жалаң нөлдөр гана калды.

Ошондо ал студенттерге карап:

– Эгер адамда таалим-тарбия, адамгерчилик болбосо, калган сапаттардын баары нөлгө барабар, – дейт.

Мына эң жөнөкөй мисал менен эле чоң жана унутулгус сабак өтүп койду. Бул бүгүн да өтө актуалдуу, толгон токой дипломдор, шкафтарга батпай турган кийимдер, үкөккө катылган зер буюмдар ж.б. бардыгы бириксе да, сенин адамгерчилик сапатыңды көрсөтө албайт. Демек, таалим-тарбия көйгөйү чынында эле маанилүү турбайбы.

Биз тема кылып алган макалдын таалим-тарбия маселесине түздөн-түз тиешеси бар. Бул жерде ата-эне уул-кызына өнөр, кесип үйрөтүү менен катар мамиле жасоо маселелерин өмүр бою үйрөтүп жүрүп отурат. Үй-
бүлөдө бала атадан же энеден көргөндөрүн келечекте сөзсүз кайталайт, кайталабай койбойт, дээринде болсо, жакшы жактарын гана алаар, дээринде болбосо, жаманын алаар,
аттиң, анда, азапка өзүн эле эмес, бүт ааламды салаар. Анын үстүнө жагымсыз нерселерди жума сайын эмес, күн сайын угуп-көрө берип, жадап деле бүттүк окшойт.

Эң өкүнүчтүүсү, атанын тарбиясын албай калгандар бүткүл эркектерди сөгүп-сагып, эненин мээримин, насаатын албагандар түбөлүк жарларына кол көтөрүп, аялзатын кордоп, мазактап, эки буттуу, жумуру баштуу айбанга айланып кеткендерин көргөнүңдө, айласыздыктан амалың түгөнүп, жер сөгүлүп, асман төгүлүп кете жаздайт го, армандыкы. Мындайда, “өлгөндүн үстүнө көмгөн” болуп, жакшы кабар айтып жаткансып, сүйүнчүлөгөндөр, тобоосу эмес, табасы кангандар да көбөйөт эмеспи. … Аталар бизге ушуну үйрөттү беле? Энелер ушундай тарбия берди беле?

Кайсыл бир адам токойдо, талаада же тоодо адашып калса, биринчи түшкөн же адашкан жерине кайра келиши керек. Ошондо гана ага көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзүлөт. Андай болбогон шартта токойдун, тоонун ичине арылап кирген сайын, мүмкүнчүлүк, үмүт азая берет, табылбай калышың да мүмкүн. Ошол сыңары илим-билим, технология өнүгүп, түрдүү маданият, баалуулуктар баш айланткан сайын өзөккү жолдон, уңгужолдон улам-улам алыстап бара жаткандайбыз, башка нерселерге алаксып кеткендейбиз.

Андыктан, кайсыл жерден кайып-каскак болуп кемтик бастык, кайсыл жерден адаштык, ошол жерден кайра баштабайлыбы.

Балдардын укугу деп аларды төбөбүзгө чыгарып албай, үй-бүлө баалуулугун алдыңкы катарга чыгаралы, мына ошондо бардыгы өз нугуна түшөр. Баласын эч ким жаман көрбөйт, ошол балдардын келечеги, эртеңкиси деп ата-энелер жанын карч уруп, таңдан кечке төбөсү менен жер казып, аалам менен алышып, күн сайын турмуш менен кармашып жүргөндөрүн милдет катары эмес, балдардын таанып билүүсү үчүн айта, көрсөтө жүрүү зарылчылыгы, муктаждыгы келип чыкты.

Дегеле, кыргыз элинин салттуу коомунда үй-бүлө тарбиянын эң негизги мектеби болуп келген. Бала ата-энесинин күнүмдүк жашоосун, ач-тогун, бары-жогун, азап-тозогун, коомдогу ордун, элге жасаган мамилесин, тынымсыз кылган эмгегин көрүп чоңойгон. Ошон үчүн ата-энесинин ал-акыбалын түшүнүп, боор ооруп, ата-энеге да мээримин төгүп эс тарткан. Ал эми бүгүнкү учурда көптөгөн балдар ата-энелеринин кандай жумуш аткараарын билбей чоңоюшууда. Анткени ата-энелер өздөрү, кайсыл бир деңгээлде “чектелип чоңойгон муун” бүгүн ата-эне болуп, балдарын эч нерседен кем кылбай өстүргүсү келип, уул-кызын эрке эле эмес, талтаке кылып чоңойтуп алышкандарын байкабай калышты. Алар уядагы балапандардай эле ооздорун ачып, талап кылганды гана катуу өздөштүрүштү.

Үйгө киреше кай жактан кирип жатат, атасы менен энеси кантип каражат таап келип, үй-бүлөсүн багып жатат деген ой балдардын эсине кайдан кирсин, өзүбүз шыкакчы болуп жатсак. Мына ушул ойдон улам, Кытай мектептеринде оор жана татаал жумуштарда иштеген жумушчулардын ишин, эс алганын, тамактанганын, кийимдерин, чор, кесилген колдорун көрсөткөн фильмдерди көрсөтө башташты. Жүрөгүндө күкүмдөй мээрими бар адам кыйналган жумушчуларды көрүп, ыйлабай карап турушу мүмкүн эмес эле. Бирок турмуштун запкысын чеккендерди кайра шылдыңдап, кадимки көрүнүш катары кабыл алгандар же жаштар жок деп ойлойсузбу? Анда …

Кыргыз элинин бир залкары, кезектеги интервьюларынын биринде: “Мен балдарымдын муктаждыктарын бардыгын чечсем эле, жаңы модадагы кийим, каалаган буюм-тайымын алып берсем эле, мыкты ата болдум, эч нерседен кем кылбадым деп ойлоптурмун. Көрсө, анын баары, түккө арзыбаган нерсе тура, андан көрө алар менен көбүрөөк убакыт өткөрүп, жанында жүрсөм болмок экен”, – деп айткан өкүтүн угуп, жерим тарыды эле.

Апаат эй, баалуулук буюм-тайымда эмес, жылуу мамиледе, жөнөкөй эле баарлашууда, чогулуп тамак ичүүдө, бир ишти чогуу кылууда тура, бул да бизге сабак экен.

Биз бардык нерсеге шылтоо издейбиз, табиятыбыз ошондой. Таң калыштуусу, ошол шылтоолордун бардыгын таап чыгабыз. Бирок кайсыл бир маселени чечүү үчүн ошондой изденсек кана, атаганат.

Ооба, мурда бала ата-энеси менен көбүрөөк убакыт өткөрсө, бүгүнкү күндө, көп учурда ата-энеси жумуш, көр тирилик менен алек болуп, бала телефон, компьютер же телевизор менен “жашап калган” заманга туш келдик. Тарбиянын булагы – эми ата-эне, бир тууган, коомчулук эмес, интернет айдыңы, социалдык желелер, теледеги берүүлөр болуп калды. Эсил кайран эски доордо балдарды үйгө киргизе албай кыйналсак, эми үйдөн сыртка чыгара албай убара болдук.

Белгилүү акыныбыз Шайлообек Дүйшеев айтмакчы: “Илгери оюнчук аз, оюн көп эле, азыр оюнчук көп, оюн аз” заманды курдук. Натыйжада бала мурдагыдай ата-энесинин турмушун көрүп чоңойбой, башка булактардан таасир алып, чоңоюп жатышат.

Ошол эле учурда заман өзгөрсө да, тарбиянын негизги принциптери өзгөргөн жок. Адамдын мүнөзүн калыптандырууда ата-эненин үлгүсү мурдагыдай эле маанилүү бойдон. Бала ата-энесинин жүрүм-турумун көрүп, ошолорду кайталайт. Ошондуктан бүгүн да ата-эне өзүнүн жүрүм-туруму менен баласына үлгү болушу керек, ушуну эстен чыгарбасак.

Ушунча кейип-кепчип жаздык, эми аягына чейин ушул ыргакты кармайлы. Кээ бир жарандарыбыз коомдогу негативдерди көрүп алгандан кийин эле “муну мектеп программасына киргизели, тигини киргизели” деп эле ызылдап калышат. Кептин баары кайсыл бир сабакта эмес да, же алар кирип кетсе кылмыштуулук, зөөкүрлүк азайып жатабы же кылмышты мектеп окуучулары кылып жатабы? Өзүбүздүн балдарды жакшылап тарбиялабай жатып, өңгөнүн балдарын кантип тарбиялайбыз? Менин түшүнүгүм боюнча, коомго салым кошуу деген эң биринчи кезекте, балдарыңды туура тарбиялап коомго кошуу же болбосо, жок дегенде коомго зыян кылбагыдай кылып тарбиялоо, бул ар бирибиздин миссиябыз болсо керек. Баланын тарбиясын бала бакчага, мектепке түртүп коюу алсыз, мажирөө, караңгы, түркөй элдин философиясы. Алардын келечеги, эртеңкиси үчүн биз ата-энелер биринчи кезекте жооптуубуз, аны эч ким биздин моюндан алып койгон эмес.

Ошондуктан балдарыбызды бүгүнкү замандын талабына ылайык илимий-технологиялык каражаттарды таза ниетте колдонууну үйрөтүп, ошол эле учурда улуттук демде тарбиялаганга аракет жасайлы. Үчилтик бирдиги: ата-эне – бала – мектеп, жогоруда жалпы жонунан айтылган ойлордун үстүнөн талдоо жүргүзүп, керектүүсүн ишке ашырсак, жакшы демге үрөн сепсек деген изги тилек болду. Балдардын эле келечеги эмес, ата-энелердин да келечеги, эртеңкиси бар экендигин эстен чыгарбайлы.

Сөз тизгинин тартаарда айтаарыбыз, заман дагы далай өзгөрөт, бирок улуттук баалуулуктар, салттык таалим-тарбиялар, анан да биз тема кылып алган макалдын мааниси эч качан өзгөрбөйт. Анткени таалим-тарбия  кандай гана коом болбосун, анын келечегин аныктаган эң негизги фактор. Адеп-ахлактуу, абийирдүү, намыстуу муун гана илим-билимди туура пайдаланып, коомго пайда алып келе алат.

Ошондуктан кыргыз эли ар дайым алгач таалим-тарбияны, андан кийин гана илим-билимди жана маданиятты жогору баалаган. Бул улуу түшүнүк жана ырааттуулук эч качан өзүнүн актуалдуулугун жоготпойт.

Октябрь КАПАЛБАЕВ,
Атайын «Кыргыз Туусу» үчүн

 

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз