Башкы беткеСоциалдыкБишкекте 23-апрелде жумуш орундары жарманкеси өтөт

Бишкекте 23-апрелде жумуш орундары жарманкеси өтөт

23-апрелде Бишкек мамлекеттик университетинде бош орундар жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Жарманкеге мамлекеттик, муниципалдык жана жеке сектордон 100гө жакын уюм катышат. Жалпы 5 миңден ашык бош жумуш орундары сунушталып, алар өндүрүш, транспорт, тейлөө, каржы жана телекоммуникация тармактарын камтыйт.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар иш берүүчүлөр менен түз маектешип, жумушка орношуу боюнча кеңеш ала алышат. Ошондой эле резюме түзүүгө жардам көрсөтүлүп, эмгек рыногунун абалы, карьералык мүмкүнчүлүктөр, такшалма жана кесиптик өнүгүү программалары тууралуу маалымат берилет.

Мектеп окуучулары үчүн кесип тандоого жардам берүүчү тесттер, оюндар жана викториналар уюштурулат. Мындан тышкары, иш менен камсыз кылуу кызматынын адистери мамлекеттик колдоо чаралары боюнча кеңеш беришет.

Жарманкенин негизги максаты — жарандарды жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүү, окуу жайлар менен байланыштарды чыңдоо жана эмгек рыногу тууралуу маалымат берүү.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар