Кыргызстандын бюджети өнүктүрүү багытына өттү

0
23190

Кыргызстандын бюджети социалдык сектордон өнүктүрүү багытына өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев телеканалдарга берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, консолидцияланган бюджеттин көлөмү 1 трлн 93,1 млрд сом деңгээлинде болжолдонууда. Республикалык бюджеттин киреше бөлүгү баштапкыда 430 млрд сом деп белгиленсе, учурда 605,5 млрд сомго жетти. Ал эми ресурстарды кошкондо бюджеттин жалпы көлөмү 585 млрд сомдон 939 млрд сомго чейин өстү.

Буга чейин бюджеттин дээрлик жарымы социалдык тармакка багытталып келсе, азыр аны толук кандуу өнүктүрүү бюджети деп айтууга болот. Тактап айтканда, чыгашалардын 35 пайызга жакыны реалдуу секторду өнүктүрүүгө, 23 пайызы социалдык тармакка багытталууда. Мындан тышкары, 20 пайыздан ашыгы эмгек акы төлөөгө, 6 пайыздан ашыгы капиталдык чыгашаларга жумшалууда.

Кошумча табылган каражаттардын олуттуу бөлүгү капиталдаштырууга багытталды. Атап айтканда, өлкөдөгү эң ири банкка айланган “Элдик банкка” 64 млрд сом капитал салынды. Ошондой эле капиталдык салымдарга 50 млрд сомдон ашык каражат бөлүнүп, баштапкыда 10 млрд сом деп каралган сумма 60 млрд сомго чейин көбөйтүлдү.

Бул каражаттар негизинен инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорду ишке ашырууга, анын ичинде мектептерди, ооруканаларды жана башка маанилүү объекттерди курууга жумшалууда.

“Негизги максатыбыз — кошумча каражаттарды келечекте үзүрүн бере тургандай кылып, максаттуу түрдө өнүктүрүүгө багыттоо”, — деп белгиледи Адылбек Касымалиев.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз