Бүгүн, 19-декабрда Бишкек шаарында президенттик балаты майрамы уланууда. Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан окууда жана коомдук иштерде өзгөчөлөнгөн 490 бала чакырылган. Кечээ майрамдын алкагында балдар «Сейтек» балдар борборуна жана Б. Кыдыкеев атындагы театрга барып, оюн-зоок программасын жана «Маугли» спектаклин көрүштү. Негизги майрамдык программа бүгүн Т. Сатылганов атындагы филармонияда өтөт.
Ошол эле учурда аймактарда да жаңы жылдык майрамдык иш-чаралар башталды. Талас шаарында борбордук аянт толугу менен жаңыланып, салтанаттуу түрдө ачылды. Аянтта башкы жаңы жылдык балаты жандырылып, заманбап жарыктар орнотулду. Облустук өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев шаар тургундарын жана конокторду жаңыланган коомдук жайдын ачылышы менен куттуктап, бакубатчылык, биримдик жана ынтымак каалады.
Өлкө боюнча өткөрүлүп жаткан бул майрамдык иш-чаралар балдарга жана жалпы элге жаңы жылдык маанай тартуулоодо.


