Пакистан борбору Исламабад шаарындагы сот имаратынын алдында террордук жардыруу болуп, кеминде 12 адам каза таап, 27 киши жаракат алды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, теракт түштөн кийинки эң эл көп убакта болгон. Сот имаратынын алдындагы аянт адамдарга жык-жыйма болуп турган учурда жан кечти өзүн жардырып жиберген.
Министр Мохсин Наквинин айтымында, кол салуучу имаратка кирүүгө аракет кылган, бирок коопсуздук кызматкерлери аны токтоткондон кийин ал полициянын автоунаасынын жанында жардырууну ишке ашырган.
Бийлик өкүлдөрү бул теракт “Индия тарабынан колдоого алынган элементтер жана афган “Талибаны” менен байланышкан күчтөр тарабынан уюштурулган болушу мүмкүн” деп билдиришти. Бирок министр “иликтөө бардык багытта жүрүп жатат” деп тактады.
Кийинчерээк жардыруу үчүн жоопкерчиликти пакистандык “Талибандан” бөлүнүп чыккан “Джамаат-уль-Ахрар” экстремисттик тобу өз мойнуна алды. Бул уюм акыркы жылдары ири чабуулдарды жүргүзбөй келген.
Саясий байкоочулар белгилегендей, бул окуя Пакистанда “Талибан” кыймылынын кайра жанданышын, чек арадагы чыңалуунун күчөшүн жана Афганистан менен болгон тынчтык келишиминин туруктуулугуна коркунуч жаратарын көрсөтүүдө.


