Адамзат тарыхына бир саам ой жүгүртүп, баам салсак, ар бир цивилизациянын пайда болушу, гүлдөп-өнүгүшү биринчи кезекте акылга, элдик билимге жана илимий чечимдерге байланыштуу болгон. Алгач, адамдардын тобун же жамаатын түзүүдө, башкарууда жөнөкөй, кадимки эле кара күч артыкчылыктуу орунда турган. Күчтүн арты менен жүздөгөн адамдарды башкаруу мүмкүн. Бирок жамааттын саны көбөйгөн сайын аны баш ийдирүүгө жалгыз кара күч жетишсиз боло баштаган.
Демек, күчкө жардамчы керек эле. Күч эми өзүнө окшогондорду жанына топтоп, алардын жардамы менен башкарууга өткөн. Башкача айтканда, элди, топту башкаруу үчүн изденүү башталган. Байыркы ойчулдар айтмакчы: “Дүйнөнү басып алууга болот, бирок башкаруу мүмкүн эмес” дегендей, көпчүлүктү күчтүн жардамы менен кармап турууга болот, бирок ал азыраак убакытка гана созулушу мүмкүн. Жогорку сөздүн мааниси, бийликти узак убакыт башкаруу үчүн акылга негизделген тартип жана мыйзам керек дегенди түшүндүргөн. Мына ушундай табигый кырдаал тиешелүү эрежелерди, тартиптерди иштеп чыгууга түрткү берген. Алардын ичинен эң эффективдүүсү диний түшүнүктөрдүн жардамы менен башкаруу болуп, бул ыкма менен бийлик адамдарды миңдеген жылдар бою башкарып келген. Албетте, ичинен адилет башкаруу, адилетсиз башкаруулар да чыккан.
Ошентип, кандай гана башкаруу болбосун өлкөнүн жана элдин келечеги үчүн илимге басым жасоо башталган. Илимге артыкчылык берген коомдор өнүккөн, гүлдөгөн өлкөлөргө айланган, ал эми билимге кайдыгер мамиле кылган коомдор артта калган, ал тургай жоголгон.
Кыргыз эли байыртадан эле табият менен тыгыз байланышта жашап, аны угуп, туюп, өз тажрыйбасына ыңгайлашкан билим системасын түзүүгө жетишкен. Бирок өткөн учур, устаранын мизинде оодарылган дүнүйө, бардык табылгаларды сактап калууга мүмкүндүк бербеди. Барчасын айтпайлы, ата-бабалардан калган шаарлардын ордун, чалдыбарларын өткөн кылымда эле канчасын “майкандадык”? Түркөйлүктүн айынан кайсыл бирлерин өзүбүз талкалап, таштарын, кыштарын курулушка салып, коргон-күмбөздөрүн түрттүрүп, айдоо кылып, күч жетпеген жерлерин сууга бастырып жоготууга далбастадык. Бактыбыз бар экен, дагы да казылбаган, ачылбаган миңдеген археологиялык-архитектуралык эстеликтер өз саатын күтүп жатат, албетте, бул тема өзүнчө көңүл бурууну талап кылат, ага да кайрыларбыз …
Өлкө өнүгүү жолун илим менен айкалыштырганда, ширелиштиргенде, чечимдерди кабыл алганда ага илимий мамилелер дыкат жана ырааттуу колдонгондо гана өзүнүн улуттук жолун табат. Уңгужол дал ушул максатты көздөйт. Кубанычтуусу, 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы мына ушундай ыкманын жана мамиленин негизинде жаралды. Анын биринчи бөлүмү Уңгужолго арналган. Мындай кадамдар мындан ары да уланышы зарыл.
Илим – бул адамдын жана жаратылыштын ортосундагы мыйзам ченемдүүлүктөрдү изилдеп, аны түшүнүүгө жана практика жүзүндө колдонууга багытталган системалуу билим. Илим – биринчи кезекте жөнөкөй эле байкоого, тажрыйбага жана логикалык жыйынтыкка негизделет. Ал адамдын дүйнөнү таанууга, түшүнүүгө жасаган аракетинин, умтулуусунун эң жогорку формасы десек да болот. Ошон үчүн илим дайыма эле университеттерде же лабораторияларда, атайын мектептерде гана жаралат деген туура эмес. Демек, жогорку окуу жайды бүткөндөр гана илимдүү-билимдүү деген адашкан, жарым-жартылай түшүнүк. Анткени ага карт тарыхтын өзү күбө, азыр да арабызда эч кандай окууну бүтпөй, табияттын, адамдын сырын чечмелеген, асыл-ой мурас калтырган улуу муундар миңдебесе да жүздөп жүрөт. Аларды кантебиз, же аталардан биз акылдуубуз, шумдукпуз деп айта алабызбы?
Тетирисинче, алардан калган даяр нерселерди “аш кыла албай”, же тыңыраак айта албай жүргөнүбүз канча? Ойлоно турганыбыз көп, акылыбыздын көп болгону жакшы дечи, бирок эстен да чыгарбайлы, антпесек, “акылың бар эсиң жок, эчтеме менен ишиң жок” дегендей ылакапка айланбайлы …
Атаандаш заманда илим-билимдүү утат
Учурда дүйнө өлкөлөрүнүн атаандаштыгы негизинен илимий-технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу, алардын үстүнөн иштөө сыяктуу иштерде жүрүп жатат. Алар башка мамлекеттердин тарыхын, маданиятын, дүйнөтаанымын, экономикасын изилдөөнү мындай кой, космос, жасалма интеллект, биотехнология, кванттык дүйнө, энергетика, медицина жана маалыматтык технологиялар өңдүү тармактарды иликтеп-жиликтеп, астрономиялык ылдамдык менен өнүгүүдө.
Ошондуктан мамлекет үчүн илимди өнүктүрүү жөн гана билим берүү же мамлекеттик саясат эмес. Ал оболу мамлекеттин коопсуздугу, ички идеологиясы, экономикасы жана келечеги, өзөктүү стратегиялык багыты болуп саналат.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндөгү Жарлыгынын биринчи багытында илим маселеси боюнча бир нече тапшырмалар, милдеттер коюлган. Ал милдеттер кыргыз мамлекетинин эртеңки багытын аныктоодо өзгөчө мааниге ээ.
Илим-билимди алдыңкы орунга чыгаруу чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратат. Жөнөкөй эле мисал катары алсак, Европа мамлекеттериндеги илимий революция, андан кийинки өнөр жай революциясы дүйнөнүн өзгөрүшүнө алып келген. Илимдеги жаңы ачылыштар өндүрүшкө киргизилип, адамзаттын кара жумушу жеңилдеп, экономика тездик менен өсө баштаган. Илимий мамиле өнүккөн жерде жаңы технологиялар пайда болуп, өндүрүштүн өсүшү мамлекеттин экономикалык дараметин арттырган. Ал эми ошол эле экономика күчтүү жана ишенимдүү билим берүү системасын, ошондой эле илимди өнүктүрүүгө жаңы жана керектүү шарттарды түзүп берген.
Башкача айтканда, илим менен мамлекеттин өнүгүүсү бири-бирин толуктап турган үзгүлтүксүз процесске айланган. Эгер бул системанын бир бөлүкчөсү же деталы эле иштебей калса, анда регресске кетет.
Дегеле илим тармактары өнүкпөгөн мамлекеттер технологиялык жактан артта калып, экономикалык жактан башка өлкөлөргө көз каранды боло баштайт. Албетте, мындай шартта өлкөнүн келечеги эсептелген таланттуу жаштардын чет өлкөлөргө кетип, башка өлкөлөрдүн экономикасына салым кошушуна түрткү болот. Натыйжада “жарык акылдын агымы” деп аталган жаман “адат” туруктуу калыптанат. Экономикалык жактан каруусуна жаңыдан толуп келе жаткан Кыргызстан үчүн бул маселе өтө маанилүү.
Андыктан, өлкөнүн негизги ресурсу болгон жаштарды кармап калуу, аларды илим-билимге тартуу, ачылыш жасоолоруна керектүү шарттарды түзүп берүү боюнча атайын иш-чаралардын планын иштеп чыгуу зарыл. Биз жаштардын потенциалдарын колдонуп калалы. Мындай ыкманы дүйнөлүк ири компаниялар жемиштүү пайдаланып келе жаткандыгы баарыбызга эле белгилүү эмеспи.
Жогоруда айтылган ойду туура эмес түшүнүп албоо үчүн белгилеп кетели, илимде чек ара болбойт. Ата-бабалар, тетирисинче, “илимди Кытайдан болсо да алгыла” деген. Анын сыңарындай дүйнөдөгү эң алдыңкы окуу жайлардан билим алып, анын үзүрүн өз өлкөсүндө алып келүүгө аракет жасоо муктаждыгы бар. Танбайбыз, ооба, бизде чет өлкөдөн билим алуу ондогон жылдардан бери эле практикаланып келе жатат. Анда талаш жок, бирок окууга кеткендер кайра келип, өз өлкөсүнө кызмат кылып жатышабы же ошол жактарда жашап калышуудабы? Туура, келгендер, мамлекеттик кызматтарда иштеп жаткандар да жок эмес, бирок алар кеткендердин бир аз эле саны го …
Бул багытта Кыргызстандын Президентинин “Эл үмүтү” стипендиясы саамалыгы да башталган, жакын арада алардын жакшы жыйынтыктарын көрөбүз деген илгери үмүтүбүз чоң.
Илимдин келечеги – бул илимий кадрлар
Байыркы Римдик аскер тарыхчысы жана жазуучу Публий Флавий Вегеций Ренаттын: “Эгер тынчтыкты кааласаң, согушка даярдан” деген учкул ою бүгүнкү күнү да өзүнүн актуалдуулугун жоготкон жок. Учурдагы реалдуулук көрсөтүп тургандай, мамлекеттин коопсуздугу илимий-технологиялык мүмкүнчүлүктөргө түздөн-түз байланыштуу жүрүп жатат. Аны заманбап аскердик техникалар, киберкоопсуздук системалары, спутниктик байланыштар жана маалыматтык технологиялар мамлекеттин коргонуу мүмкүнчүлүгүн ачыктан ачык эле көрсөтүп турат. Азыркы мезгилде өлкөлөр ортосунда жүздөгөн жылдар бою өзгөрбөй келген эрежелер, адамгерчилик сындуу сапаттар, сыпаттар эске алынбай, бир гана кызыкчылыктар иштеп калгандай, ошондуктан муну эске ала жүрүүбүз зарыл.
Коргонуу жана коопсуздук каражаттарын кароо, жаңылоо жана толуктоо иштери өз өлкөбүздүн илимий-өндүрүштүк жана билим берүү негиздерине айланышы керек. Анткени башка жактан алынган кандай гана каражат болбосун, аны пайдалануу эң орчундуу маселе, алардын программалоо тилин түшүнүп жатабызбы, өзүбүзгө каршы иштебейби деген да кооптонуулар болбой койбойт. Демек, мында да илимдин ролу жана орду өтө тереңде жатат.
Баарыбызга белгилүү болгондой эле Кыргыз Республикасы табият ресурстарына бай өлкөлөрдүн катарына кирет. Бийик тоолор, мөңгүлөр, таза суулар, кен байлыктар жана биологиялык ар түрдүүлүктүн баары бар десек аша чапкан болбойбуз. Бирок ошол эле биологиялык ар түрдүүлүк боюнча жетиштүү адистерибиз барбы? Даярдап чыгардыкпы? Бул боюнча иштегендер, кызыккандар барбы? Муну да карап чыгышыбыз кажет. Жөнөкөй эле мисал, көлгө куйган суулар азайып бара жатат. Көлдөрдүн, агын суулардын микроклиматын, андагы балыктарды, өсүмдүктөрдү изилдеген окумуштуу-ларыбыз, адистерибиз барбы же аларды да башка жактан чакырып келебизби деген толгон токой суроолор жаралышы мүмкүн. Мындай суроолор көп. Бул жерде, биздин айталы дегенибиз, ошол илимий багыттар, изилдөөлөр максатка ылайыктуу болуп, Уңгужолдун таянымдарына да туура келсе дегенди айткыбыз келет.
Андыктан, илимдин келечеги – бул илимий кадрлар. Бул боюнча тиешелүү иштер тынымсыз жүрүп жатат. Ошентсе да замандын чакырыктарына төп келген илимий-изилдөөчү иштер, адистиктер даярдалып жатабы же жокпу деген сыяктуу ревизиялык иштерди жүргүзүү заман талабы болууда.
Ушул жерден баса белгилеп кетүүчү жагдай, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик башкарууну ашыкча бюрократиядан арылтуу боюнча аткарып жаткан иштеринин алкагында илим тармагына өзгөчө көңүл буруп, атайын каражат бөлүп берүү механизмдерин киргизип жатышкандыгын кубануу менен белгилейбиз.
Дагы бир көңүл бура турган учур, мамлекеттик органдар өз иштеринде илимий ыкмаларды, илимдин акыркы жыйынтыктарды колдонуп иш кылуулары керек. Ал үчүн тез арада илимий-изилдөө институттарына, жогорку окуу жайлардын окумуштууларына мамлекеттик буйрутмаларды берүү салтын кайра калыбына келтиришибиз зарыл. Билсеңиздер өткөн доордо бул салттык ыкмалар өз жемишин берип келген.
Жыйынтыктап айтканда, Уңгужол илимди улуттук өнүгүүнүн стратегиялык негизги багыты катары карайт. Анткени илим – бул мамлекеттин кечээгисинин, бүгүнкүсүнүн, эртеңкисинин таянычы. Илим өнүккөн жерде гана экономика, технология өнүгөт жана коомдун жашоо деңгээли жогорулайт. Илим – бул элдин акыл күчү. Ал эми акыл күчү жетиштүү болгон эл гана тарыхта өзүнүн ордун татыктуу сактап калат жана андан ары жолун улайт.
Октябрь КАПАЛБАЕВ,
атайы “Кыргыз Туусу” үчүн

