whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.03.2025
20.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарТабият кырсыктары Ошко канча суммадагы зыян алып келгени айтылды

Табият кырсыктары Ошко канча суммадагы зыян алып келгени айтылды

Ош облусунун аймагында жаратылыш кырсыктары көп катталып, 246 млн сом зыян алып келген. Бул тууралуу 28-февралда облустук Жарандык коргонуу тутумунун 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылган жыйында айтылды.

Иш-чарага президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев, район акимдери, шаар мэрлери жана жарандык коргонуу кызматтарынын жетекчилери катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Эрлан Мусаев 2024-жылда аткарылган иштер боюнча баяндама жасап, жыл ичинде катталган өзгөчө кырдаалдар, алардын кесепеттери жана алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралар тууралуу маалымат берди.

Өткөн жылы Ош облусунда өзгөчө кырдаалдар көп катталып, алардын ичинен өзгөчө сел кырсыктары олуттуу зыян келтирген. Анын ичинен:

  • 36 сел кырсыгы катталган;
  • 15 адам каза болгон;
  • 2141 турак үйгө сел кирген;
  • 50 турак үй авариялык абалга келген;
  • 27 турак үй капиталдык оңдоого муктаж;
  • 46 автоунаага зыян келтирилген;
  • 246 075 500 сом материалдык чыгым катталган.

Кеңешменин жыйынтыгында облус жетекчиси быйылкы жылы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштерин күчөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Ошондой эле Жантаев өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана куткаруучулардын ишин жакшыртуу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусундагы башкармалыгына облустук өнүктүрүү фондунан сатып алынган жаңы жабдуулар жана автоунааларды тапшырды.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар