2021-2025-жылдарга карата шаардагы коомдук-саясий кырдаалды турукташтырууга, социалдык-экономикалык өнүгүшүн жогорулатууга, инфраструктурасын жакшыртууга, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүгө багытталган программанын алкагында 2024-жыл ичинде көзгө көрүнөрлүк жумуштар аткарылган.
Министрлер Кабинетинин №454 токтомун, Кызыл-Кыя шаарынын мэринин 2021-2025-жылдарга карата программасынын иш-чараларын аткаруу максатында, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына ыйгарылган 3 принцип, 22 милдет боюнча кабыл алынган 2021-2035-жылдарга кабыл алынган программанын негизинде иштер жүргүзүлдү.
Өнөр жай тармагы
– Шаардын өнөр жай тармагын өнүктүрүүдө өткөн жылга салыштырмалуу, 2023-жылдын 4-кварталында 1873,6 млн. сомдук продукция өндүрүлгөн болсо, 2024-жылдын 4-кварталында 1634,3 млн. сомдук продукция өндүрүлүп, өсүү темпи 87,2% түздү.
Өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү жана физикалык көлөмдүн индексинин төмөндөөсүнүн себеби, эң негизги өндүрүш көлөмүн аткарып келген «Глобал Гармент» тигүү фабрикасы 2024-жыл башынан экспортко чыгарып иштешип келген компаниялары менен түзүлгөн келишимдери токтотулуп, башка компаниялар менен келишим түзгөндүгүндө болду.
Учурда, Россия Федерациясындагы абалга байланыштуу алар тараптан буюртмалар аз болгондугунан өндүрүш көлөмү түшүп кеткендигине байланыштуу физикалык көлөм аткарылбай калган.
Чекене сооданын көлөмү 2023-жылдын 4-кварталына карата 9320,7 млн. сом болсо, 2024-жылдын 4-кварталына карата 10473,6 млн. сомду түзүп, өсүү темпи 112,4 % түздү. Мындан сырткары, көрсөтүлгөн рыноктук тейлөөлөр өткөн жылдын 4-кварталында 12936,8 млн. сомго аткарылып, өсүү темпи 114,8% болду.
Салык жыйымдары 126%га аткарылды
– 2024-жылдын 4-кварталына карата план 627,7 млн. сом берилген болсо, факт боюнча 634,4 млн. сом жыйналып, 101,1% түздү, өсүү темпи өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 126,4% түздү же 132,7 млн. сом ашыкча жыйналган.
Социалдык төлөмдөр боюнча 2024-жылдын 4-кварталына план 443,9 млн. сом болсо, факт жүзүндө 474,8 млн. сом жыйналып, 107,0% аткарылган.
Республикалык бюджеттин аткарылышы, план боюнча 423,6 млн. сом болсо, 428,8 млн. сом жыйналып, 101,2 % аткарылды. Өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 142,1% түздү же 127,0 млн. сом ашыкча жыйналган.
Ал эми, жергиликтүү бюджеттин аткарылышына келсек, планда 204,1 млн. сом каралса, факт боюнча 205,5 млн. сом салык жыйналып, 100,7% аткарылган же өсүү темпи 102,8 % түзгөн.
Шаардын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы
– Кызыл-Кыя шаары боюнча киреше бюджеттин планы 220,6 млн. сомго бекитилип, иш жүзүндө 226,5 млн. сом жыйналып, 102,7% аткарылган. Ошол эле учурда, жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн планы 237,4 млн. сомго бекитилип, факт боюнча 231,3 млн. сом же 97,43% түздү.
Инвестиция тартуудан иш илгерилейт
– 2024-жылы 712,7 млн.сом инвестиция тартылып, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 107,2% түздү.
Мындан сырткары, түрткү берүүчү гранттардын эсебинен жана жергиликтүү бюджеттин салым кошуу аркылуу аткарылган иш-чаралар Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан 6 долбоор сунушталып, жактырылды.
Атап айтканда, республикалык бюджет жана жергиликтүү бюджеттин каржылоосу менен Караван аймактык башкармалыгынын имаратынын 2-кабатына жеңил типтеги конструкциядан актовый зал куруу, Кызыл-Кыя шаарындагы Восток, Абжапаров көчөлөрүн асфальттап, капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, Кызыл-Кыя шаарына караштуу Ак-Булак айылындагы Механизаторская көчөсүн асфальттоо, Кызыл-Кыя шаарындагы жалпы дарыгердик практика борборунун балдар бөлүмүнүн имаратын жана №4 “Ландыш” балдар бакчасынын жылытуу системасын капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери бүткөрүлдү.
Жалпы 6 долбоор боюнча аткарылуучу жумуштардын наркы 41,1 млн. сом, анын ичинен жергиликтүү бюджет салымы 23,4 млн. сом, ал эми үлүштүк грант эсебинен 17,7 млн. сом акча каражаты каралды.
Жол картасынын аткарылышы
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы №159 КПҮ “Кыргыз Республикасынын Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү программасын жана аны ишке ашыруу боюнча Жол картасын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, 2023-жылы Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан сунушталган 3 долбоор бекитилген эле. Атап айтканда:
– Кызыл-Кыя шаарынын Сухой-Сай учас-тогунда “Дүң соода комплексин” куруу – 40,0 млн. сом (тендер боюнча 39,7 млн. сом);
– Мейманкана (конференц залы менен) куруу – 25,0 млн. сом (тендер боюнча – 23,8 млн. сом);
– Кызыл-Кыя шаарынын аймагына 2 ҮДБ имаратын куруу – 20,0 млн. сом (тендер боюнча – 17,6 млн. сом).
Аталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн “Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү программасын” алкагында бөлүнгөн 85,0 млн. сом акча каражаты бөлүнүп, өткөрүлгөн тендер жыйынтыгы боюнча 81,3 млн. сомго келишимдер түзүлүп, аталган үч долбоор боюнча бүгүнкү күндө курулуш иштери жүрүүдө.
Жаңы ишканаларды ачуу менен жумуш ордун түзүү
– 2024-жыл ичинде шаардык мэриянын колдоосу менен жеке ишкерлер аркылуу 29 чакан жана орто бизнес тармагында кызмат көрсөтүү, өндүрүш объекттери ачылып, 369 жумуш орундары түзүлдү.
Ал эми, Кызыл-Кыя шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан жалпы шаар аймагында жарандарды жумуш менен камсыздоо максатында 1053 жаран жумуш менен камсыздалган. Өткөн жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 102,0% түзгөн.
Калкты таза суу менен камсыздоо
– «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык мекемеси боюнча “Исфайрам” участкасында бир трансформатор суу пайдалануучу 4 насос бар (анын 2сү иштеп жатат 2сү запаста), кубаттуулугу 145 киловаттык, 600 куб. суу саатына келүүдө.
Кулуштан участкасында 8 трансформатор, 8 скважина бар, анын ичинен 6 скважина иштеп 380 куб. суу саатына келүүдө.
Так-Тек участкасында 4 трансформатор, 5 скважина бар, анын 2сү иштеп, саатына 120 куб. суу келүүдө. Шаар аймагында жалпысынан 384 км суу куурлары жайгашкан жана 32,5 км саркынды суу куурлары жайгашкан.
“Кызыл-Кыя сууканал” муниципалдык мекемеси тарабынан 2024-жыл ичинде таза суу куурларынын жарылган жерлеринин калыбына келтирилгени – 118, кудуктарды тазалоо – 72, задвижкалардын ревизия кылынганы – 48. Алмаштырылган задвижкалар: Д 400-2 даана, Д 300-4 даана, Д 150-16 даана, Д 100-29 даана алмаштырылды.
– Шаардын ичинде жалпы жолдордун суу өткөн чуңкурларына шагыл төшөө жумуштары аткарылды;
2024-жыл ичинде жалпысынан 2847 метр аралыкта суу куурлары тартылып, 770 метр аралыкка саркынды суу куурлары тартылып, жогоруда көрсөтүлгөн иштерди аткаруу үчүн жалпы 10 380 122 сом акча каражаты жумшалган.
Чоң Жин-Жиген айылынын көчөсүнө таза суу куурларын орнотууга 497 194 сом акча каражаты жумшалып, 1670 метр аралыкка таза суу куурларын орнотуу жумуштары аткарылды.
Жин-Жиген айылынын Достук көчөсүнө таза суу куурларын орнотуу үчүн 1425306 сом акча каражаты жумшалып, 1100 метр аралыкка таза суу куурлары жана 1 даана насос орнотулган. Жин-Жиген айылынын 3 км ички жолдору атайын техника грейдердин жардамы менен тегиздөө жумуштары аткарылган.
Жергиликтүү бюджеттин эсебинен аткарылган иштер
Өткөн жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпы 4 932 128,66 сом акча каражаты жумшалып, жумуштар аткарылды.
Токтогул көчөсүндө 1 км аралыктагы таза суу кууру жаңыланып алмаштырылды, Токтогул көчөсүнө саркынды суу куурларын орнотуу боюнча 2023-жылы тендер өткөрүлүп, жалпы суммасы 3 997 271,25 сомду түзүп, 800 метр аралыкта орнотулуп, ал эми калган 700 метр 2024-жылы курулуп бүткөрүлдү. Жусубалиев көчөсүндөгү жаңыдан курулган Неврология бөлүмүнө саркынды суу куурун жана таза суу куурлары Жусубалиев көчөсүндөгү борбордук куурларга улоо иштери аткарылды. Киргизская жана Орозбеков көчөсүнө керектүү каражаттар алынып, таза суу кууру жаңыланып, ар бир кожолукка суу эсептегичтер менен таза суу кууру тартылып берилди.
Киров көчөсүнө керектүү каражаттар алынып, таза суу кууру жаңыдан тартылып, ВОСтун алдынан Киров көчөсүнүн жогорку жагына карай 2215 м Д-110 болгон суу кууру тартылуу-да. Токтогул көчөсүнө керектүү каражаттар алынып, 525 м Ш 300 болгон эскилиги жеткен темир куурун алмаштырууга даярдалды.
Айыл чарба тармагы айтаарлык…
Мал чарбанын негизги продукцияларын өндүрүү темпи мурдагы жылдын деңгээлинде. Себеби, 2024-жылдын 12 айында эт (тирүү салмакта) 824,2 т (100,1%), сүт 2613,3 т (100,2%), жумуртка 1990,2 миң даана (100,1), жүн 21,6 т. өндүрүлдү.
«Караван» АБ та жалпысынан 2014 га айдоо жер бар, ГСУ – 40 га, №8 лицейдин – 72 га, элдин үлүш жерлери – 1576 га түзөт.
Мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун (КБФ) – 326 га айдоо жерди түзүп анын ичинен 233 га суулуу, 93 га кайрак. Суулуудан – 233 га, кайрактан 93 га жер ижарага берилген, андан түшкөн ижара акысы 1005 000 сомду түздү.
Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы дыйкандарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан берилген 6% жеңилдетилген шарттагы насыялар “Айыл Банк” жана “РСК” банктарынын шаардагы филиалдары аркылуу 53 дыйкан, фермерге – 24,6 млн. сом жеңилдетилген насыя берилген. Ошондой эле лизинг (КАПК) аркылуу эки жаранга айыл-чарба техника сатып алуу үчүн 5,5 млн. сом берилген.
“Караван” аймактык башкармалыгында аткарылган иштер
– “Караван” аймактык башкармалыгынын 2024-жылдын жергиликтүү бюджети
18 000 000 сомго бекитилген.
Караван айылына 7 500 000 сом, Ак-Булак айылына 7 500 000 сом, Жин-Жиген айылына 3000 000 сом бөлүнгөн.
Ушул каражаттын негизинде, Караван айылынын ички жолдоруна, Усенбаев, Алимбаев, Куренкеев, А.П.Гайдар жана А.Осмонов көчөлөрүнө асфальт төшөө жумуштары аткарылды.
Мындан сырткары, Караван айылынын Шор участкасына 75600 сом акча каражаты жумшалып, 14 даана электр мамычасы жана 500 метр электр линиясы орнотулган;
Ошондой эле, Шүкүрбеков көчөсүнө 15 даана түнкү жарыктаткычтар орнотулган.
Ак-Булак айылына 7,5 млн. сом бөлүнгөн
– Шаарга караштуу Ак-Булак айылынын Набережная жана Свердлов, Ирадан көчөлөрүнүн жолдоруна асфальт төшөө жумуштары аткарылды.
Ошондой эле, Бай-Тейит участкасына асфальт төшөө жумуштарын аткаруу максатында долбоордук-сметалык документация (ПСД) даярдоого – 119 000 сом акча каражаты жумшалып, ПСД даярдалды.
Ак-Булак айылынын Орто-Кыштак көчөсүнөн Бай-Тейит участкасына чейинки 415 метр аралыкка асфальт төшөө жумушуна – 2 140 489 сом акча каражаты жумшалып, Ак-Булак айылынын Сапог участкасына 25 даана түнкү жарыктаткычтар орнотулду.
Билим берүү тармагы колго алынган
– Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө 2024-жылдын 15-октябрында КР Билим берүү жана илим министрлигинен республикалык бюджеттин эсебинен акча каражаты бөлүнүп берилген.
Билим берүү мекемелериндеги оңдоп түзөө иштерин аткаруу үчүн сметалар түзүлүп, тендер жарыяланып, жеңүүчүлөр аныкталып, №7, №2, №11 орто мектептеринин чатырларын толугу менен жаңылап алмаштыруу боюнча келишимдер түзүлгөн, күн жылыган мезгилде жумуштар башталат. Ал эми №6 жана №12 орто мектептеринде жылуулук системаларын алмаштыруу боюнча жумуштар аткарылууда.
Өткөн жылы кышкы сезонго даярдыктар өз учурунда аткарылып, мектептерди жылытуу системасында көйгөйлөр болгон жок.
Саламаттык сактоо тармагы боюнча
– Кызыл-Кыя шаардык ЖДПБна 2024-2025-жылдарга пландалган 320 тонна көмүр (төрөт бөлүмүнө жана ГСВ) мамлекеттик сатып алуу порталына сатып алууга жарыяланып, келишимдер түзүлгөн, графикке ылайык 320 тонна, б.а. 100% көмүр ташылып келинген.
2024-жылдын Кызыл-Кыя шаардык ЖДПБнын негизги имараты жана балдар бөлүмү “Кызыл-Кыя жылуулук” муниципалдык ишканасы тарабынан жылуулук менен камсыздалууда.
Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун бөлүмдөрүнө кошумча желдеткичтер орнотулуп, генераторлор менен камсыздалган.
Мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу
– 2023-2024-жылдын 31-декабрына карата Кызыл-Кыя шаары боюнча өз билемдик менен мыйзамсыз курулуш куруп алган курулмаларынын саны 250 объектти түзүп, мыйзамсыз экендиги аныкталган алардын ичинен:
– Берилген эскертүүлөрдүн негизинде өз ыктыяры менен баштапкы калыбына келтирилген – 103 жаран;
– сотко өткөрүп берүү үчүн даярдалууда – 50 жарандын объектиси;
– эскертүүлөр берилүүдө – 58 жарандын объектиси;
– сотко өткөзүлүп берилди – 24 жарандын объектиси;
– САКБга – 14 объектиси;
– Баткен региондук мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдө башкармалыгына – 1 объектиси;
Ал эми 13 жаранга айып пул салынган жана КРнын Президентинин №109 жарлыгын натыйжалуу ишке ашыруу максатында тиешелүү иш аракеттер жасалууда.
56 тейлөө объекттери мыйзамсыз сызыктан чыгып кеткен
– Кызыл-Кыя шаардык мэриясы тарабынан 2023-жылдын 27-апрелинде №100 токтому иштеп чыгылып аткарууга алынган. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусунун ыйгарым уктуу өкүлүнүн 2023-жылдын 25-июлундагы №229 буйругуна негиз, 2023-жылдын 4-сентябрында №321-б буйругу менен комиссия курамы бекитилип, жарлыкты натыйжалуу ишке ашыруу багытында иш-аракеттер жүргүзүлүүдө.
Жарлык чыккан күндөн тартып 2024-жыл жыйынтыгы менен шаар боюнча жалпы Ош – Баткен – Раззаков автожолунун 75-чакырымынан 85-чакырымына чейинки аралыкта магистралдык жолдун боюндагы кызыл сызыкка чыгып кеткен 56 тейлөө объекттери аныкталган. Жайында чыгылып, 56 объектке акт түзүлүп, эскертүүлөр Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматынын Баткен аймактар аралык бөлүмү тарабынан берилген. Берилген эскертүүлөр негизинде учурда 53 объект ээлери өз ыктыярлары менен курулмаралын бузуп алышкан (94,6% буздурулуп баштапкы калыбына келтирилген). Ал эми калган 3 объект боюнча тиешелүү иш аракеттер жүргүзүлүүдө (анын ичинен эскертүүлөр берилгенине карабастан жер тилкесин баштапкы калыбына келтирбеген 1 объект сотко өткөрүлүп берилди, ал эми калган объектилерге эскертүүлөр берилүүдө).
Шаардын ички көчөлөрүн оңдоо, арык каналдарды тазалоо жумуштары
– 2024-жыл ичинде шаар көчөлөрүнө 3904 м3 шагыл ташылып төгүлүп, 3347 метр аралыктагы каналдар казылды, 1415 метр арыктар тазаланып 1952 м3 таштандылар ташылып чыгарылды. 280 метр аралыкта темир-бетон лотоктор тазаланды. 88 м3 майдаланган шагыл, 184 м3 кара топурак ташылды.
2024-жылдын 12 ай ичинде жалпы муниципалдык менчик департаменти тарабынан жергиликтүү бюджет эсебинен жалпы 73,4 млн. сом акча каражаты жумшалган.
Демөөрчүлөр тарабынан аткарылган жумуштар
– «Караван» аймактык башкармалыгынын Караван айылынын элинин демилгеси менен №8 Н.Мусаев атындагы кесиптик лицейдин жанына жаштар үчүн эс алуу аллеясы курулуп, пайдаланууга берилди. Сметалык наркы 2 700 000 сомду түздү.
Караван айылынын №265 контурунда Фезлиев Ысмайыл тарабынан жеке каражатынын эсебинен жер астынан скважина каздырып, дыйкандар сугат суусу менен камсыздалды, сметалык наркы 2500 000 сомду түздү.
“Кызыл-Кыя жылуулук” мекемеси эл кызматында
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан 2024-жылдын 11-майында “Ош райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк” МИ карамагында турган “Кызыл-Кыя жылуулук камсыздоо ишканасын” Кызыл-Кыя шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүү жөнүндө” №134 сандуу токтому кабыл алынды.
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы №63 сандуу токтому менен мекеменин штаттык бирдиги бекитилип, жалпысынан 63 кызматкер бекитилген.
2024-2025-жылдын күз-кыш мезгилине карата даярдык иштери белгиленген пландын негизинде аткарылууда. Мекеменин от казандарын ремонттоо иштери жана жылуулук борборунун жабдууларын ремонттоо иштери жүргүзүлдү. Жылуулук берүүнү жакшыртуу максатында 108 мм жылуулук куурлары 158 мм болгон куурларга алмаштырылды, жалпы узундугу 600 метр. Ошондой эле, сапаттуу жылуулук берүүнү камсыздоо максатында шаар ичиндеги 1700 метрди түзгөн (диаметри 250, 170) жылуулук куурларын алмаштыруу зарылчылыгы бар болгон. Анын ичинен Кызыл-Кыя шаарынын Ленин көчөсүндөгү 200 метр аралыктагы (2 линия 400 метр) жылуулук куурларын алмаштыруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 540 000 (беш жүз кырк миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилип, жылуулук куурлары жаңыланып алмаштырылды.
Себеби, аталган аралыктагы жылуулук куурларынын эскилиги жеткендигине байланыштуу жогорку басым менен жылуулук берүүдө кооптуулук пайда болот.
Мекемедеги 3 откана толугу менен оңдоодон өткөрүлүп бүткөрүлдү. Насос, фильтрлерге ревизия жүргүзүлүп оңдоп түзөө, майлоо тетиктерди алмаштыруу жумуштары аткарылган.
Быйылкы 2024-2025-жылдын күз-кыш мезгилине карата “Кызыл-Кыя жылуулук” ишканасына 7000 т көмүр керектелет. «Ош райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси» тарабынан тендерге берилип, жыйынтыгында жеңүүчү аталган жеке ишкер Субанкулов Кайрат менен көмүрдү сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн.
Бүгүнкү күнгө карата “Кызыл-Кыя Жылуулук” муниципалдык ишканасына аталган жеке ишкер тарабынан 4500,0 б.а. 64,2% тонна көмүр ташылып келинген. Көмүрдүн калган бөлүгүндө бекитилген графикке ылайык ташылып келүүдө.
Жыпара ЖЭЭНАЛИЕВА,
“Кыргыз Туусу”