Башкы беткеСаясат жана коомКоомСадыр Жапаров менен Владимир Путин эл аралык маселелер боюнча пикир алмашышты

Садыр Жапаров менен Владимир Путин эл аралык маселелер боюнча пикир алмашышты

Президент Садыр Жапаров 10-августта Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Анда Владимир Путин Садыр Жапаровго украиналык кризисти жөнгө салуу маселеси боюнча америкалык тарап менен болгон жакынкы дипломатиялык байланыштарынын жүрүшү жөнүндө маалымдады.

Кыргызстандын президенти Орусиянын президентине берилген маалымат үчүн ыраазычылык билдирип, бул кризисти чечүүгө багытталган саясий-дипломатиялык аракеттерди колдой тургандыгын билдирди.

Мамлекет башчылары аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты, ошондой эле эл аралык жана регионалдык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүү келечегин талкуулашты.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар