Кыргызстан 60тан ашык өлкөгө айыл чарба продукцияларын экспорттоп жатат. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев парламенттин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, айыл чарба продукциясын экспорттоого мамлекеттик колдоо көрсөтүү алкагында Кытай менен 15 продукция боюнча протоколдорго кол коюлган. Жакында дагы үч продукция боюнча протоколдорго кол коюу пландалууда. Мындан тышкары, 17 продукция протоколсуз экспорттоло алат.
Экспорттоочу ишканалардын саны өлкөлөр боюнча төмөнкүчө:
-
ЕАЭБ өлкөлөрү – 462 ишкана
-
Кытай – 37 ишкана
-
Өзбекстан – 53 ишкана
-
Түркия – 12 ишкана
-
Евробиримдик – 68 ишкана
Министрликтин аракеттери менен Евробиримдиктин аймагында кыргыз балын сатууга уруксат алынган.

