Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыДүйнөдө мунай менен доллар арзандай баштады

Дүйнөдө мунай менен доллар арзандай баштады

АКШ менен Ирандын ортосундагы эки жумалык тынчтык келишими тууралуу билдирүүлөрдөн кийин дүйнөдө мунай баасы кескин төмөндөп жатат. Доллар дагы арзандоодо.

8-апрелде Москва убактысы боюнча саат 3:04тө июнь Brent нефтинин фьючерстеринин баасы рынок жабылгандагы акыркы баага караганда 12,6 пайызга төмөндөп, бир баррели 91,92 доллар болуп, 23-марттан бери биринчи жолу 92 доллардан төмөн түштү. Ал эми май айындагы WTI нефтисинин фьючерстеринин баасы 16,6 пайызга төмөндөп, бир баррели 94,1 долларга чейин арзандады.

Ушул эле учурда доллардын наркы дагы башка валюталарга карата түшүп жатат. Москва убактысы боюнча саат 3:29га карата евро менен доллардын курсу 1,1597 доллардан 1,1674 долларга чейин жогорулады. Ал эми доллардын иенге карата баасы 159,64 иенден 158,65 иенге чейин төмөндөдү.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга карата чабуулду эки жумага токтотууга макул болгонун билдирген.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар