Жаратуу – жаштардын башкы миссиясы

0
5712

 Президент Садыр Жапаровдун көрсөтмөсү менен мамлекеттик катчы Арслан Койчиев “Азыркы кыргыз ренессансы” тууралуу кайра-кайра кеп козгоп, бир топ аракеттерди көрө баштады. Ренессансты жаштар ишке ашырат. Биз шарт түзүүгө тийишпиз. Өткөндө биздин жаштар кандай максаттарга умтулат, кай дөөлөттөрдү барктайт, кандай нравалык принциптерди туу тутат, эмнени чанат, нени кадырлайт, кыйратары не, жаратса эмнени жаратат деген сымал талылуу маселелер бизди түйшөлтүүгө тийиш. Z-муундун түрпөтүн дурус билген киши аз, бирок дүбүртү катуу. Ушул тапта Z-муун дүйнөнүн булуң-бурчунда ар кайсы өлкөнү солкулдатып жибергенин көрдүк го. Биздикилердин дабышы угулбайт, карааны анча билинбейт. Алеки саатта дүрт деп чыга калышы да ыктымал. Биз алар нааразы болуп, бет мандайыбызга келгенде калдастап калбаш үчүн алардын кызыкчылыктарын, умтулган максаттарын, келечек мүдөөлөрүн, кыял-жоругун, кыйнаган проблемаларын жакшы билишибиз кажет. Социологиялык, политологиялык, культурологиялык, экономикалык жана башка өңүттөрдөн карап, терең жана комплекстүү изилдөөлөр деле байкалбайт.

Ушу тапта суммардык мааниде дүйнөнүн бештен бирин ээлеген, калктын алтыдан бири жашаган аймакта куралдуу жанжалдар, конфликттер, атайы операция, кыскасы, ар кандай аталса да насили согуш жүрүп, кан төгүлүүдө. Согушту негизи чоңдор баштайт, бирок басымдуу катышуучулары да, негизги курмандыктары да жаштар. Жоокерлер, комбатанттар, ыктыярчылар, кол салгандар жана коргондор, жалданмалар, вагнерчилер, моджахеддер, террорчулар, жихадчылар, айтор кан майдандагы куралчандар – жаштар.

Жаштардын аныктамасында да дүйнө орток пикирге келе элек. Жаш деген курактын ченеми ар түрдүү. Бириккен Улуттар Уюму 15 жаштан 24 жашка чейинки адамдарды жаштар категориясына киргизет. 1981-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы ушундай чечим кабыл алган. 25 менен 44 жаштын ортосундагылар жаштар болуп эсептелет – бул Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун аныктамасы. Бирок ар бир өлкө өнүгүү деңгээлине, шартына жана салт-санаасына жараша жаштык деп түрдүү куракты атайт. Кыргызстанда жаш деп 14 менен 35 жаштын ортосундагылар эсептелет. Кыргызстанда калктын 24%ы же бир жарым миллиондон ашык киши ушул курактагылар. Россиянын мыйзамдарына ылайык, жаш деп 14 жаштан 35 жашка
чейинки курактагылар эсептелет. Казакстанда былтыр кабыл алынган мыйзамга ылайык, жаштардын курагы 29дан 35ке жогорулатылды. Англияда жана Нидерландияда жаштар өзүнчө социалдык-демографиялык топ катары эсептелинбейт, ымыркай кезинен 24 жашка чейинкилердин баарын жаштар деп коёт. Испанияда 14төн 30га чейинки курактагылар – жаштар. Демографиялык аныктамалардагы айырмачылыктар жаштардын саясий, социалдык, маданий статусуна жана ролуна карата мамиледе да даана байкалат. БУУнун эсеби боюнча, азыр жаштардын (15-24 жаш) саны 1,2 миллиард, бул калктын 16%ы. Ал эми 30 жашка чейинкилерди кошкондо калктын теңин түзөт экен. Жаштар деп бир топко шарттуу бөлгөнүбүз менен булар ортосунда айырма абдан чоң ар түрдүү контингент: окуучулар, студенттер, адистер, билимдүүлөр, билимсиздер, жумушсуздар, эмгекчилер, бекерпоздор, мигранттар, жаратмандар, кыйраткычтар, динчилдер, агностиктер, атеисттер, улутчулдар, глобалисттер, тилектештер, антагонисттер, жашылдар, солчулдар, оңчулдар, консерваторлор, новаторлор, нигилисттер, мураскерлер ж.б. Жаштар ар бири кайталангыс жана окшош, түрдүү кызыкчылыктарды көздөгөн түркүн адамдар. Ошондуктан дүйнөдө жана ар бир өлкөдө, ар кайсы аймакта жаштар ар түрдүү, бирок окшоштуктары да бар.

Айрымдар жаштарды объект катары эсептешет. Туура, камкордуктун, тарбиянын, билим берүүнүн объектиси. Жаштар үчүн социализациялоо процессинин объектиси деген статустун, мамиленин өзү көйгөй. Көз карандылык ролду, камкордукка муктаждыкты бекемдейт, өз алдынчалыкты чектейт же тескерисинче, айыгышкан каршылыкты, танууну, тарбияга, улуулардын баалуулуктарына карата антагонизмди жаратат. Бул боло келген, болмогу анык универсал проблема. Жаштарды саясатта таасир этүүнүн объектиси, тез мобилизациялануучу электорат, маданиятта – мураскер, идеология-да – курал катары колдонуу тажрыйбасы мол. А чындыгында жаштар социалдык, укуктук, мүлктүк жана саясий мамилелердин бир эле мезгилде пассивдүү объектиси дагы, активдүү субъектиси дагы. Маселен, жаштар саясий процесстердин демилгечиси жана негизги фактору болгон учурлар тарыхта арбын. Алыс барбайлы, мындан 35 жыл мурдагы Кыргызстандын көз карандысыздыгын калыбына келтирүү процесси кыргыз студенттери, кыргыз жаштары менен ажырагыс байланышта. Өз алдынча мамлекетти калыбына келтирүү, суверенитетти орнотуу идеясы студенттик аудиторияларда суверенитет тууралуу акт, көз карандысыздык жөнүндө декларацияга чейин бир канча жыл мурда талкууланып келген. Биз, студенттер, ошол орошон окуя-
ларда күбө ролу менен чектелбедик, демилге көтөрдүк, тобокелге бардык, кыймыл уюштурдук, тике катыштык, батыл аралаштык. Ошол татаал процесстин негизги демилгечилери, кыймылдаткыч күчү жаштар болгону анык. Адамзат үчүн прогресс алып келген идеялар студенттик аудиторияда жаралып, жаштар арасындагы популярдуу темалар калың массаны жетелеген. Бекеринен чыгаан саясатчылар, акылман окумуштуулар орошон ойлорун студенттер, жаштар арасында алгач угузган. Маселен, Уинстон Черчилль атактуу Фултон сөзүн, Жон Кеннеди “Тынчтык сөзүн” студенттердин алдында, окуу жайдын аудиториясында айткан. Ошентип, жаштар коомдо жана саясатта жигердүү роль ойноого жарактуу. Жарактуулук дайыма эле ошондой ролду ойнойт дегендикти билдирбейт. Бирок жаштардын саясаттагы ролун аныктаган, ишке ашырган туруктуу жана эффективдүү институт дүйнөдө жарала элек. Декларациялар, кыймылдар, уюшмалар, топтор, партиялар бар, ал эми институт жокко
эсе.

Жаштар өнүгүүнүн стратегиялык ресурсу, потенциал, баалуулук. Объектиге караганда ушул аныктама адилеттүү жана туура, бирок баарын камтый албайт.

Жаштар – бул учур жана келмеги анык, реалдуу келечек.

Жаштар арасында жаралган идея – эртеңки иш, жаштар арасындагы азыр түптөлүп жаткан маданият – эртең чоң-дордун маданияты, жаштар умтулган баалуулуктар – эртеңки коом. Коомдогу проблемалардын башаты жаштарга
байланыштуу.

Жаштарга карата дүйнө мамлекеттеринде мамиле да ар түрдүү. Жаштар да ар кайсы мамлекетте ар кандай позицияны ээлейт. Ааламдашкан дүйнөдө жаштар ар кандай абалда. Маселен, АКШда жаш болуу артта калган өлкөдөгү курбалдашына караганда таптакыр башка турмуштук реалдуулук, бөлөк экзистенциялдык проблема. Айрым өлкөлөр жаштарга жетиштүү көңүл бөлө алууга акылы да, акчасы да жетет, башкаларынын же акылы, же каражаты жетпейт. Швецияда мамлекеттик саясат жаштардын жаштыкты жаш бойдон өткөрүүсүнө багытталган. Негизинен жаштардын функционалдык билим алуусуна, кесипке даярдоого, татыктуу иштөөгө шарт түзүүгө жана эң башкысы, мыйзамды сыйлаган жаранды калыптандырууга
багытталган.

Жаштардын өзүнүн функциялары бар. Жаштардын эң негизги функцияларынын бири – бул генеративдик озуйпасы, башкача айтканда, жаратуу озуйпасы. Дүйнөдөгү эң ири, адамзат өнүгүшүнө таасири эбегейсиз илимий ачылыштар, адабиятта жана искусстводогу орошон чыгармалардын 70 пайызын 20 менен 40тын ортосундагы инсандар жаратканын англиялык окумуштуулар эринбей эсептеп чыккан. Кайран элдин кайран улан-кыздары эмне менен гана алектенгени жок. Бирөөнүн оозун карап, арбалган киши арбын, бирок бирөөнүн колун караган киши аз. Мал менен оокат кылып, “жайылган койго көз салып, жамбаштап жатсаң сонун да” деген уйкаш саптар тамаша. “Ыр” деп да айтууга болбойт, азыр модага айланган жамакчылардын чыгарганы. Малчылык жалкоонун иши эмес, катаал шартта тыным албаган эмгектин иши. Кыскасы, бу базар экономикасы доорунда эртеден кечке тырмалап оокат кылган эл, жанын оозуна тиштеп тышта иштеген жаштарыбыз, кара жанын карч урган калк. Мыкты, чыгаан жаштар илимде, саясатта, бизнесте пайда болууда. Айтор, жаштарыбыз тынымсыз
изденүүдө.

Жаштар – конкреттүү тарыхый кубулуш. Ар бир муун тарыхый процесстин туун-
дусу. Ошол эле учурда жаштар тарыхый процесстердин кыймылдаткыч күчү, өзгөрүүлөрдүн фактору, маданий-интеллектуалдык жана социалдык баалуулук. Маселен, 1920-1930-жылдардагы кыргыз жаштары – чыныгы жаратмандар. Пассионардуу муун. Бир кылка жаштардын бир мезгилде жарк этип аренага чыгып, улут жүгүн көтөргөн, тагдыр чечкен иштердин башында турган учуру сейрек көрүнүш. Бирок кайталанма көрүнүш. “Кыргыз керемети” совет доорунда Кыргызстанда ишке ашкан реалдуулук. Кыргыз ренессансы кайра кайталанууга тийиш. Ага тарыхый шарт бар, муктаждык да жетиштүү.

Президент Садыр Жапаров “Жаштар жөнүндө” атайы мыйзамга кол коюп, жаңы муунду тарбиялоо боюнча арналуу жарлыктарды чыгарган. Мыйзамда жана жоболордо алгылыктуу жоболор бар, аткаруу абзел. Маселе жаштарда эмес. Кеп бизде. Өнүгүүнү шарттабай, өксүктөр комплексин жараткан жагдайлар басымдуулук кылып, дагы бир муунду жоготуп албоого тийишпиз. Өлкө ичинде так талашта, байлык талашта абдан акылдуу, өтө куу, айлакер, энергиясы ашып-ташыган, бирок өлкө тышында эл-журт үчүн кармашка жараксыз муун жаратып алсак, анда улуттук трагедия. Кайран жерден, кайран журттан тышкы душман кол салбастан эле “өз ыктыярыбыз” менен ажырайбыз, эптеп калыбына келтирген эркиндиктен, суверенитеттен эч кандай агрессиясы жок кол жууйбуз. Бир да эреже сактабай, мыйзамды урматтабай максатка жетүү ийгиликтин ачкычы экенине биротоло ынанган муун өстүрүп албасак болду. Кыргызстанда жаштарга арналган мамлекеттик саясаттын приоритеттери ушул милдеттерди чечүүгө багытталуусу абзел.

Азыркы Кыргыз ренессансы дегенибизде биз жаштардын жаратман энергиясын өнүгүүгө жумшоо, таланттарды колдоо, аларды шыктандыруу жана даңазалоону түшүнгөнүбүз кажет. Жалпы улуттук “Кыргыз Туусу” гезити былтыртадан бери идеологиялык, маданий жана агартуучулук бир топ долбоорду ишке ашырууда. Маселен, “Эмгек каарманы” долбоорубуз Алыкул айткан карапайым эмгекчинин жаркын образын түзүүгө жана пропагандалоого арналган. Эми илимде, көркөм өнөрдө, адабиятта, бизнесте, айтор, ар кайсы тармактагы таланттуу, чыгаан, дүбүртү катуу жаштарды таап, аларды ар кандай жанрда жана форматта (макала, баян, очерк, интервью, подкаст, гезит бетинде, мультимедиалык каражаттар аркылуу) элге таанытуу, даңазалоо максатында жаңы долбоор баштадык. Ал долбоор “Кыргыз Ренессансы – жаңы толкун” деп аталат. Биз коомчулукка ушул долбоорду сунуштап, жигердүү катышуусун өтүнөбүз.

Алмаз КУЛМАТОВ,
“Кыргыз Туусу” гезитинин
башкы редактору

 

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз