Башкы беткеСаясат жана коомКоомМарат НИЯЗМАТ уулу: «Сахара чөлүндө дээрлик бир ай болдук...»

Марат НИЯЗМАТ уулу: «Сахара чөлүндө дээрлик бир ай болдук…»

Акыркы жылдарда Кыргызстанда велотуризмге кызыгып, эки дөңгөлөктүү унаа менен жер кыдырганды жактыргандар арбып баратканы байкалат. Алардын арасында Кыргызстан эле эмес башка өлкөлөрдү да велосипед менен кыдырган мекендештерибиздин чыгып жатканы биз үчүн чоң сыймык. Алгач велосипед менен Ысык-Көлдү айланып чыгып, кийин Кыргызстанды түрө кыдырып, андан соң Бишкектен Москвага чейин жетип, андан ары Меккеге барган блогер Марат НИЯЗМАТ уулун азыр тааныбаган адам аз болсо керек. Учурда мээ кайнаткан ысыкка карабай Африка континентинин бир топ өлкөлөрүн велосипед менен кыдырып, улам бир кызык видеолорду чыгаруу менен кыргызстандыктардын дүйнө таанымын кеңейтип жаткан саякатчы, белгилүү блогер, мыкты маектеш мекендешибизди Ата-Журттан алыста жүргөн жеринде, соцтармак аркылуу кепке тарттык. 

(Башталышы өткөн санда)

 «Африкада жашоо оор, бирок, адамдар абдан сабырдуу»

– Африканын Марокко мамлекетинен өтүп Мавританияга киргенде орозо башталып калды. Бир жумадан кийин Мавританиянын борбору Нуакшотко жеттик. Ал жерден биз Сенегалга виза тапшырмакпыз. Виза тапшырып коюп, документ даяр болгончо Нуакшотто орозо кармадык. Бизди ал жактан эки кыргыз жигит тосуп алган болчу. Алар “Бул жакта медреселер көп, карапайым эл жакыр жашайт” деп калышты. Көрсө, Марокко Европа мамлекеттерине окшош болгондуктан кооз көрүнүштөргө таасирленип жакырчылыкты көп байкаган эмес экенбиз. Мекендештерибиз айткандай Мавританияда элдин жашоосу оор экенин эл аралаганда көрдүк. Ошондо демөөрчүлөрүмдүн бири болгон “Novotech” курулуш компаниясына ал жактагы муктаж элге ооз ачыруу боюнча сунуш кылсам, жетекчилиги макул болуп каражат бөлүп берди. Ошол акчанын баарына азык-түлүк, эт сатып алып бир медреседе ооз ачыруу уюштурдук. Ооз ачыруу мезгилин социалдык тармактарга киргизсем кайрымдуу адамдар “Биз да ооз ачырууга даярбыз” дешип эсебиме акча которушту. Ошонун эсебинен бир топ жерлерде ифтар уюштуруп, Куран китептерди таратып бердик. Кыскасы, Африкадагы кайрымдуулук иштерибизди эл каржылады. Өзүңүздөр инстаграм баракчамдан көргөндөй бул кайрымдуулук ишибизде африкалык балдардын, адамдардын кубанганы бизге сөз менен сүрөттөп бере алгыс сезим тартуулады. Ошондо элибизде айтылып жүргөн “Алган колдон берген кол жакшы” дегенди чындап түшүндүм. Баса, кайрымдуулук иштеримден, ажылык сапарымдан соң динге болгон мамилемди да көп сурашчу болду. Чынында, мурда динден алыс элем. Сапар убагында Алла Таалаанын кереметтерин сезип, ага жакындадым. Азыр бул багытта да илим үйрөнүүгө далалат кылып жатам.

Визабыз даяр болгондон кийин Сенегалга өтүп, ал жакта деле элдин жашоосу жакшы эмес экенин көрдүк. Бирок, Мавританиядагы жакыр адамдардын жашоосун көрүп көнө түшкөнгөбү аны жеңилирээк кабыл алдык. Анын үстүнө мындай нерселерге жүрөк оорута берсең өзүң да жолдо кыйналып калчудай экенсиң. Кийин Уганда, Руанда, Танзания мамлекеттеринде жүргөнүмдө болсо мен таптакыр башка таасирде болдум. Себеби, булардын турмушу сырттан барган адамга оор көрүнгөнү менен өздөрү үчүн жеңил эле экен. Кара жумуш жасап, оор жүктөрдү башына коюп ташыгандар менен саламдашсаң телегейи тегиз, бактылуу адамдай жылмайып учурашышат экен.

“Климанджарону багынтуу оңой болгон жок”

– Мароккого келгенде өмүрүмдө биринчи жолу ысык климатка дуушар болдум. Дүйнөдөгү эң ири Сахара чөлүндө дээрлик бир ай болдук, бирок, аптап анчалык деле кыйынчылык жараткан жок. Оң тарабыбыздан Атлантика океанынан келген желдин болушу бизге кыйла жардам берди. Африкадагы эсте каларлык кыйынчылыктын бири визаны күтүп Мавританияда бир ай жашап калганым болду. Бул мезгилде абдан кыйналдым деп деле айта албайм, бирок, кандайдыр бир дискомфорт болуп, кыжаалат болдум. Ошол учурда кайрымдуулук иштерибиз дагы аяктап, орозо айы бүтүп калгандыктан алаксый турган ишибиз жок болчу. Анын үстүнө жакшы сезимдер менен баратып сапардын токтоп калышы ар кандай ойлорго түртөт экен. Африка сапарында андан башка кыйынчылыктар деле болгон жок.

Бул сапарыбыздын маршрутунда Климанджаро чокусу да бар болчу. Бирок, мен көргөндөй кооптуу болот деп ойлогон эмесмин. Чокунун деңиз деңгээлинен 3 000 метр бийик жерине келгенде аба суюлуп, кычкылтек жетишпей, баш ооруй баштайт экен. Чокунун эң бийик, деңиз деңгээлинен 5000 метр бийик жерине жеткенде организмге кычкылтек жетишпей, кадамым оорлоп, өзүмдү абдан жаман сездим. Ага чейин эле артка кайталы деп жаткан гид “Мындан ары жогору чыксаң өмүрүңө кооптуу болуп калат” деди. Айла жок артка кайтып 18 саат эс алган соң эртеси түнкү саат 12де штурмду баштадык. Кайра чыгышыбыз жеңилирээк болуп баратып баягы 5000 метрлик бийиктикке чыкканда кайра баш ооруй баштады. Климанджаронун чокусуна жетүүнү максат кылгандыктан кыйынчылыктарга чыдап Африка континентиндеги эң бийик 5895 метр бийиктиктеги чокусуна жеттик. Артка кайтканда баш оору жоголуп, көңүлдүү кайттык. Кыскасы, Климанджарону багынтуу бир топ тобокелчиликти, энергияны, чыдамкайлыкты талап кылды.

“Ата-энемдин батасы ушул даражага жеткирди”

– Климанджаро демекчи, бул чокуга чыкканда эмнегедир атамды эстедим. Себеби, Африка сапарында жүргөн кезимде атам эки ай мурун кант диабетинен улам кайтыш болуп калган болчу. Биз ата-энебизден беш бир тууганбыз. Эки байкем, бир эжем, иним жана мен. Ата-энем Лейлектен келип Бишкекте жашап калгандыктан биз Чүйдө чоңойдук. Ата-энем карапайым эле адамдар. Атам Мадина базарында иштечү. Алыста жүргөндүктөнбү, айтор, сапарда кезимде атам экөөбүз башкача жакын, ымалалаш болдук. Меккеге барганда алар мени ошол жактан тосуп алышып чогуу зыярат кылганбыз. Ажылыкта ата-энем менен бирге болгонума азыр абдан сүйүнөм. Атам катаал адам болгону менен жүрөгү жумшак киши эле. Менде кандай жакшы сапаттар болсо анын баарына ата-энем себепчи. Баса, алгач Кыргызстанды велосипед менен кыдыра баштаганымда алар мени жакшы түшүнүшпөй, “Балам эмне эле кылып жүрөсүң” дешип саякаттоомду анчейин жактырышкан эмес. Москвага жол тарткандан баштап алар мени түшүнүп, дайыма ак жол каалап, баталарын берип турушту. Ушундай ийгиликке ата-энемдин батасы менен жеттим десем болот. Көрсө, ата-эне бала үчүн баарынан бийик, ыйык экен.

“Суахили тилинде комплимент айтып калдым”

– Бул сапар башталып жатканда Алтынбек деген жигит менен таанышып калдым. Кийин курсташым Ырыскелди, Алтынбек үчөөбүз Бишкекте жолугуп Африка сапарын бирге кылалы деген чечимге келдик. Бирок Ырысыкелди сапарга чыга албай калып алгач Алтынбек экөөбүз Африка сапарына аттандык. Сапардын биринчи күнүнөн тартып Нуакшот шаарына жеткиче Алтынбек экөөбүз бирге болуп, кайрымдуулук иштерин да чогуу жасадык. Андан ары сапарды жалгыз улоого туура келип, бир айдан ашык жалгыз жол жүрүп калдым. Кийин азыр мени коштоп жүргөн Ырыскелди досум “Сага барып, шериктеш болом” деп Уганда мамлекетинин Кампала шаарына учуп келди. Ошондон тарта эки айдан бери экөөбүз чогуу жүрөбүз. Ырыскелди экөөбүз мурда Улуттук университеттин колледжинде эки жыл чогуу окуп, кийин Москвада да бирге иштеп, эң жакшы, эң жакын дос-тордон болуп калганбыз. Досум Нарындын Миң-Куш айылынан болот. Төрт бир тууган. Эки баласы бар. Ырыскелдинин ата-энеси, жубайы дайыма байланышып биздин ал-акыбалыбызды сурап турушат. Бул бизге кадимкидей дем, күч-кубат, ишеним берет.

Мектепте окуп жүргөндө англис тил сабагынан жакшы окучумун. Кийин курстарга барып жүрдүм. Бирок, негедир өзүмө-өзүм ыраазы болбой, англис тил билүүм анча жакшы эмес деп ойлочумун. Сапарда жүрүп англис тилдүү чөйрөгө аралашып калганда бул тилден кыйналган жокмун. Азыр англисче мыкты билбесем да өз оюмду жакшы жеткире алам. Мындан сырткары албетте, орус тилин Бишкекте өскөндүктөн жакшы өздөштүргөм. Учурда Африкадагы таасирдүү тилдердин бири болгон суахили тилин үйрөнүп жатам. Жергиликтүү адамдар менен учурашып, аларга комплименттерди айтканды билип калдым.

“Иран мага чоң ачылыш болду”

– Менде азыр You Tube каналым эле эмес, Tik-Tok, Instagramда жеке баракчаларым бар. Алгач сапарга чыкканымда менин соцтармактарда азыркыдай туруктуу блог алып баруу оюм жок болчу. Сөз байлыгымды өркүндөтүү максатында сапарымдын алгачкы күнүн соцтармактарга жүктөп койсом бат эле миңге жакын көрүү болду. Бул мен үчүн күтүлбөгөн окуя болгондуктан андан мотивация алып эртеси дагы видеолорумду жүктөдүм. Уламдан улам көрүүчүлөр көбөйүп отуруп жеке блогум өсүп-өркүндөп кетти. Анан буга жоопкерчиликтүү карап, блогерлик менин экинчи жумушум болуп калды. Кыскасы, саякаттоо менен өзүмдүн көргөн билгендеримди элге жайылтуу менин сүйгөн ишим десем болот. Мен болгон көп мамлекеттердин ичинен мага Иран өзгөчө таасир калтырды. Бул өлкөнүн жаратылышы бир эле мезгилде түрдүү кубулуп турганы менен мени таң калтырды. Анан бул мамлекеттин өзгөчө эски тарыхый имараттары, заманбап инфраструктурасы, анан эң негизгиси – элинин карапайымдыгы, меймандостугу абдан жакты. Ошондон кийин Иран конфликтке жакын эл, ал жакта жүрүү өтө кооптуу деген жөн эле миф экенин түшүндүм. Иран эли мени турист катары сонун кабыл алып, керектүү жардамдарын берип жатышты. Бул өлкөдөгү мага жакканы улуттук тамактары болду. Менимче, эң даамдуу шашлыктар Иранда болсо керек. Кыскасы, мага көп өлкөлөрдөн Иран чоң ачылыш болду.

Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу” 

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар