Борбордук Азия – тынчтыктын аймагы

          2021-жылы 12-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарына чукул “Демократия жана Эркиндик” аралчасында түрк президенти Режеп Тайип Эрдогандын төрагалыгы алдында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммити өтүп, ага Кыргызстандын, Казакстандын, ªзбекстандын, Азербайжандын, Түркмөнстандын президенттери, Венгриянын премьер-министри катышкан. Саммиттин соңунда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешин Түрк мамлекеттеринин уюмуна айлантуу чечими кабыл алынган. Демек түрк тектүү өлкөлөрдүн интеграцияга табигый умтулуусу институттук деңгээлге чыкты.

            Ошол тарыхый саммите сүйлөгөн сөзүндө Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров “Борбордук Азия – тынчтыктын аймагы” деген платформаны түзүү идеясын көтөргөн:

“Биз үчүн тынчтыктан артык дөөлөт жок. Учурдагы кырдаалды эске алып, Кыргызстан түрк дүйнөсүнө, жалпы эле эл аралык коомчулукка “Борбордук Азия – тынчтыктын аймагы” деген платформаны түзүү идеясын сунуштайт. Борбордук Азия – демографиялык өнүгүү боюнча  дүйнөдө алдыңкы орунду ээлеген аймак. Ата-бабаларыбыз байыртадан тынчтыкта жана ынтымакта  жашоонун принцибин, сабырдуулукту жогору баалап келген. Биз аны жаңы кырдаалда ыйык тутуп, биздин аймакты тынчтыктын, бир туугандыктын, ынтымактуу коңшулардын аймагы катары көргүбүз келет. Борбордук Азиянын элдери эзелтен тынчтыкты сүйүп, жанаша жашоонун принциптерин баалай билген.

Кыргызстан – түпкүлүктүү түрк дүйнөсүнүн ажырагыс бөлүгү. Кыргызстан түптүү түрк дүйнөсүнүн ич ара карым-катнашына, бир туугандык байланыштарына мындан ары да жигердүү катышат жана түрк мамлекеттеринин интеграциялык жүрүмдөрүнүн өнүгүшүнө бараандуу салымын кошот.

Биздин тарыхыбыз да, тилибиз да бир, ата-бабаларыбыздан керээз калган насаатты ыйык тутуп, мындан ары да биргебиз жана биримдиктебиз”.

Борбор Азия – бул географиялык бирдик гана эмес, потенциалы арбын аймак, зор геосаясий фактор. Албетте, атаандаштыктын, таасир этүүнүн объектиси, талаштын бутасы бойдон турган бул чөлкөм нечен сыноону баштан кечирди. Ар биринин тагдырынын окшош жактары да, өзгөчө жактары да бар. Регион байыркы түрк этносунун уюткусу, түрк цивилизациясынын очогу, синкреттүү маданиятка ээ, бирок соңку кезде исламдашып бараткан, анын радикалдуу агымдарынын улам күчөгөн таасирине тушуккан чөлкөм. Ушул жердеги өлкөлөрдүн кээ бири байыркы мамлекеттердин же бай цивилизациялардын мураскери, айрымдары жакында калыптанган, бирок динамикалуу өнүккөн, айрымдары байыркы, кай бири улут катары тез калыптанган этностор.

Региондун байлыгы мол. Жан башына эсептегенде табигый ресурстардын көлөмү боюнча Кыргызстан алдыңкы 20 өлкөнүн катарына кирет. Суунун көлөмү боюнча Кыргызстан менен Тажикстан киши башына эсептегенде сууга бай 10 өлкөнүн бири. Каяктагы жомок дебесин, мен кымбат металлдар, асыл таштар менен суунун абсолюттук көлөмүн эмес, изилденген кен байлыктын жана суунун жан башына туура келген үлүшүн айтып жатам.

Региондогу мамлекеттер Бириккен Улуттар Уюмунун критерийине ылайык өнүгүп жаткан өлкөлөр. Региондо 80 миллионго чукул эл жашайт. Калктын өсүшү ургаалдуу — жылыга 1,5 % көбөйүп келет. Демографиялык курамы боюнча жаштары арбын, демек эмгек ресурстары өзүнө эселеп жетиштүү чөлкөм. Демек демографиялык реалдуулук тенденция Борбор Азиянын экономикасы тарапта. Чөлкөмдүн аянты кенен, дүйнөдө 7-орунда, Казакстандын аянты 2,7 млн. чарчы километр, эң ири 10 мамлекеттин бири, калгандары да кичине эмес, ар биринин аянты Европанын кээ бир кубаттуу өлкөлөрүнүн аянтынан ашса ашат, асты кем болбойт. Айдоо аянты боюнча чөлкөм дүйнөдө 10-орунда турат (Казакстан — 19,4 млн. га, ªзбекстан — 4, Кыргызстан — 1,4, Тажикстан — 0,9), демек азык-түлүк менен өзүн камсыз кылмак турсун, жалпы дүйнөлүк керектөөнүн 11% камсыз кыла алат. ªстүрүлгөн жашылча-жемиштердин көлөмү боюнча дүйнөдө 16-орунда, пахта өндүрүү боюнча 5-орунда турат, бодо малдын саны боюнча 20-орунду ээлеген аймак. Чөлкөмдүн бириккен ички дүң продуктысы 300 млрд. доллар (салыштырыңыз: Францияныкы — 2,94 трлн. доллар, Италияныкы – 2,08 трлн. доллар). Регионалдык интеграцияга таасир эткен ички, көбүн эсе тышкы жагдайлар да арбын.

Соңку мезгилде чөлкөмдүн ич ара экономикалык байланышы чыңдала баштады. Түбөлүк коңшу болуу тагдыры маңдайына жазылган, тили, дили окшош, боордош, тагдырлаш этностор негизин түзгөн мамлекеттердин байланыштары бекемделип, КМШ, ШКУ, ЕАЭБ сыяктуу регионалдык бирикмелерде өнөктөш Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда соңку кезде интеграциялык аракеттер күчөдү. Эн башкысы, өлкөлөрдүн лидерлеринин саясий эркинин натыйжасында өз ара чыр-чатактарга жана пикир келишпестиктерге шарт түзүп келген чек арала маселелери биротоло чечилди.

Дүйнөдө Борбор Азияны бир бүтүндүк катары кароо тенденциясы байкалууда. Маселен, АКШ, Европа Биримдиги, Кытай, Жапония, Түштүк Корея жана башкалар “БА+ 5” форматында регулярдуу жолугушууларды өткөрүп келет. Борбор Азия мамлекеттери ШКУга мүчө. Ал эми ШКУнун негизги миссиясы – тынчтыкты бекемдөө, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо.

Интеграцияга зарылдыкты аймактын эли да, лидерлери да түшүнгүдөй болду. Борбор Азия мамлекеттери чөлкөм өзүн өз алдынча субъект катары эсептөө зарылчылыгын жарыялап, өз маселелерин ич ара, сырттан киши кийлигиштирбей чечебиз деген концепт бекемделүүдө. Сырткы актёрлордон эркин мамиле улам кийинки жолугушууларда бекем айтыла баштады. Ушул тезис Борбор Азия мамлекеттеринин Чолпон-Атадагы кеңешмесинде баса белгиленип, маанилүү документтерге кол коюлуп, биринчи ирет достук жана ынак кошуналык тууралуу регионалдык келишим маселеси каралды.

Регионалдык интеграциянын бекемделишине өбөлгөлөр да, ички потенциал да жетиштүү. Буга чейинки регионалдык жана глобалдык уюмдар азыр кризиске туш болду. Ич ара ырк кетип, уюмга кирген мамлекеттердин кызыкчылыгы корголбой, уюм ал мамлекеттерди жаралган проблема менен жалгыз калтырып кетиши Борбор Азия мамлекеттерин тагдырлаш элдер, эң жакын кошуналар катары биригүүгө мажбурлап отурат. Тышкы экономикалык, саясий-дипломатиялык шарттар бир эсептен Борбор Азия мамлекеттеринин интеграциясына оңтойлуу кырдаал жаратты.

Мына ушул учкай кеп кылынган жана дагы толгон жагдайлар Президент Садыр Жапаровдун “Борбордук Азия – тынчтыктын аймагы” деген идеясынын зор маанисин кашкайта далилдеп турат. Бирок да, ушул эл аралык мааниге ээ демилгени жүзөгө ашыруу боюнча акыл калчап, жолдорун издеп, моделдерин түзүү боюнча өзүбүздө аракеттер жетишсиз сыяктанат.

Андыктан биздин гезит улут лидери Садыр Жапаровдун Түрк мамлекеттеринин чоң жыйынында көтөргөн “Борбордук Азия – тынчтыктын аймагы” идеясынын тарыхый контекстин, саясий, дипломатиялык экономикалык жана маданий-гуманитардык жагдайларын акыл калчап, терең талдап чыгууну сунуштайт. Бул бир топ иш чараларды кучагына ала турган чоң иш. Ошондой иштердин бири катары адегенде Кыргызстанда илимий-практикалык конференция, кеңешмелерди өтүп, күн тартибин тактап, андан соң Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышкан чоң форумда кенен талкуулап, ийне-жибине чейин иштелип чыккан орток программа түзүп, мамлекет башчыларынын саммитине сунуштоо керек деген ойдобуз. Маселен, Кыргызстанда өтө турган алгачкы конференцияларда төмөнкүдөй темаларды талдоо туура болмокчу:

  Чөлкөмдө жалпы коркунучтар жана эксклюзив проблемалар жетиштүү. Бирок ошол коркунучтар конкреттештирилмеги абзел. Абстрактуу түшүнүктөр мамилени чыңдабайт, аракетти арбытпайт, маселени чечпейт. “Баланчасы көңүлдө” деп арифметиканы мектепте окуткандай тышка жарыяланчы маселелер, жарыяланбай турган, бирок көңүлдөгү макулдашууларга жетишүү зарыл. Чатакты болтурбоо гана эмес, алардын алдын алуу мамлекеттер ортосунда мамиленин негизги максаты болууга тийиш;

   Борбордук Азия аймагынын дүйнөлүк цифилизациядагы тарыхый орду;

Түрк цивилизациясы – жасалма дефиниция эмес, реалдуулук;

Борбор Азия эзелки кармаштын объектисинен эл аралык мамилелелердин активдүү жана бирдиктүү субъектиси, геосаясий кырдаалды аныктоочу өз алдынча күч;

   Улуу жибек жолунун дипломатиясы: тарыхы жана келечектеги аракеттер программасы;

Албетте, бул болжолдуу жана негизинен илимий талкуунун предмети болууга жарактуу темалар гана. Балким президенттин демилгесин жүзөгө ашыруу максатында өткөрүлө турган талкууларда, кеңешмелерде, изилдөөлөрдө, консультацияларда биз сунуштаган маселелердин мааниси тереңдеп, мазмуну кыйла байымагы турулуу иш.

 

                                                                                                                Алмаз Окин

Акыркы гезиттер

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной торговле, поэтому любое...

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн өнүгүүсүнүн азыркы этабына...

Кыргызское ускорение

Источники, пределы, риски        За последние пять лет Кыргызстан прошёл через фазу, которую уместно называть не просто ростом, а ускорением. Среднегодовые темпы увеличения ВВП в 2022–2025 годах превысили...

Каргыш

Матай мырзанын колуна Ак жал күлүк тийгенден баштап, мартабасы артып, батышынан Кетмен-Төбөнүн чынжырлуу манаптары Рыскулбектин уулдары, түндүгүнөн Суусамыр болуштугунун мыктылары, чыгышынан боркемик, чекир саяктын чоң манаптары, түштүк-батышынан...