АКШнын президенти Дональд Трамп Украинадагы жаңжалдын тынч жол менен чечилишине байланыштуу Мар-а-Лаго резиденциясында Украина президенти Владимир Зеленскийди кабыл алып, жолугушуудан мурун эки президенттин тең “тынчтыкка чындап умтулушканын” билдирди.
Трамптын айтымында, “абдан көп адамдар каза болду жана эки президент тең келишим түзгүсү келет”. Ал келишимдин Украина үчүн жана бардык тараптар үчүн пайдалуу болоруна ишенерин айтты.
АКШ лидери Украинага “ишенимдүү коопсуздук кепилдиктерин” берүүнү убада кылып, Европадагы өлкөлөрдүн бул процесске активдүү катышканын белгиледи. “Мен Европа өлкөлөрү абдан жакшы иштерди жасап, жолугушууну жана келишим түзүүнү толугу менен колдошкон деп эсептейм. Алардын баары мыкты адамдар”, — деди Трамп.
Ошондой эле, президент Трамп украин делегациясы менен жолугушуудан кийин Россия президенти Владимир Путин менен дагы байланышарын билдирди. Путиндин жардамчысы Юрий Ушаковдун маалыматына караганда, жолугушуудан мурун америкалык лидер Путин менен 1 саат 15 мүнөт бою сүйлөшкөн жана бул сүйлөшүү америкалык тараптын демилгеси менен өткөрүлгөн.


