Асел айымдын тикмечилик өзгөчөлүгү – анча-мынча эркектин алы келбеген кайышты ийге салып, формага келтирип, айымдар сүйгөн саркеч кол баштыктарды, сумкаларды жасайт. Булгаары же терини да жөн койбой, аны жумшартып, ар кандай түрдөгү, ар кандай фасондогу сумкаларды жаратат.
Кадимки айымдардай үй-бүлө жана төрт баланын бактысы менен түйшүгүн кошо тартканча эле Асель бул өнөрүн өнүктүрүп келет. Ал алгач Ютубдан териден сумка жасагандарды көрүп, үйрөнөт. Башында татаал фасондогу сумка түрлөрүн тандап алып бир топ убара болгон. Албетте, ар бир ишти дароо үйрөнүп кетүү жеўил эмес, анын ар кандай кемчиликтери чыгат, бузулат кайра оўдойсуў, жыгыласыў, кайра турасыў дегендей. Андай учурлардын баарын башынан өткөргөн Асель бир жылдай сумканы таптакыр кармагысы келбей калган.
Бирок, ичиндеги кызыгуу, ушул өнөргө болгон каалоо аны кайрадан эле териге алып келет. Көпчүлүк айымдар үчүн оор көрүнгөн бул өнөрдү Асель айым: “Негедир баары катуу терини иштетип, ага ар кандай темирлерди кадап чыгуу абдан оор болсо керек дешет. Билбедим мага тери менен иштеген жагат. Эч кандай оорчулугу жок. Жумшак, ыўгайлуу теринин түрлөрүн тандап алгандыктанбы, мен үчүн баары жеўил. Же мага ушул тармак жакканы үчүн ушундайбы, билбедим”, дейт.
Аселдин өнөрү көп, кийим бычып, аны тиге алат, ар кандай фасондорго лекала жасайт, деги койчу конструктор, бычмачы, тикмечи да өзү“.
39 жаштагы Асел Сыдыкова Ош облусунун, Ноокат районунун кызы. Үй-бүлөлүү, төрт баласынын сүйүктүү апасы. Жолдошунун кызматына жараша бирде Ош шаарында, бирде Бишкек калаасында жашап келишет. Бирок аны сумка жасоо өнөрү дайыма коштоп жүрөт. Кайда барбасын ушул өнөрүн шыктануу менен улантууда.
Кардарлары социалдык тармактагы баракчасы аркылуу таап, буюртмаларды алып,
Кыргызстандын кайсы жерине болбосун жеткирип келет. “Интернеттин заманы” деген ушул окшойт. Башында бул сумкаларды колунда бар, бардар айымдар алса керек деп жаўылышыптыр, көрсө мугалим, дарыгерлер ушундай кол сумкаларды көп көтөрүшөт экен. Анын үстүнө чыныгы булгаарыдан тигилген кол баштыктар бекем болуп, көпкө кызмат кылат. Айрыкча Асел ар бир буюртмага маани берип, көўүл коюп, дыккаттык менен жасагандыктанбы, анын сумкалары 3-4 жылга чейин жыртыла бербейт экен. Бул үчүн уз айым кепилдик дагы берээрин кошумчалайт. Негизи сегиз жылдан бери жалаў айымдар менен иштешкендиктен, ал кардарларынын психологиясын да жакшы түшүнүп калган. Бир кардары “мага эч кимде жок, баары көрүп таў кала турган “чекчейген” сумка тигип бересизби?” деген экен. Ал айымга кыпкызыл булгаарыдан көўүлүнө жаккандай тигип бериптир. Аселдин жасаганы төп келгендиктен, кардары кызмат акысына дагы ыраазычылык катары каражат кошуп бергенин каарманыбыз эстеп, кубанат.
Кайсы өнөр же тармак болбосун, өзүнүн түйшүгү менен кошо керемети бар. Тери иштетүүнү мыкты өздөштүрүп калган Асель айымга азыр баары жеўил, керектүү бүт шаймандары бар, тигүү машинкалары да жетиштүү. Башында жолдошу колдоого алса, бара-бара өзү тапкан пайдага керек болгон каражаттарды толуктап алган. Ал сумканын жасалгасына керектүү кичине элементтерин интернет аркылуу Кытайдан буюртма кылат. Булгаарынын же тери түрлөрүн Россия, Түркиядан алдырат. Ошентип, үй-бүлө түйшүгүнө аралаш өнөрканасында иштей берет. Азырынча ага ушул ыўгайлуу. Чын дилден, өзү каалаган учурда сумкаларын бычып, тигип, даярдай калат.
Кээде күнүнө бирди тиксе, кээде бирөөнү бир жумада бүтүрөт. Баары буюртмага карап, сумканын фасону, анын жасалгасына жараша убакыт сарпталат.

Аселдин артыкчылыгы ар бир сумкасын шыктануу менен жасап, Италия, Түркия фабрикаларынан ашса ашкандай, асти кем калбагандай жаратат. Даяр болгон продукцияларды карап “ушул сумканы өзүм тиктимби?” деп кээде, өзүнө өзү таўгалып койгонун да жашырбайт.
Байкаганга сүрөттөгү сумка, баштыктар жөнөкөй эле колго жасалганы билинбейт, кадимки биз дүкөндөрдөн суктанып алган чет элдик тери сумкаларынын дал өзү. Бул чыныгы таланттын иши эмеспи.
Асел айым, айына 15-16, кээде 20дай буюртма алат. Баарын дитин коюп, кардардын талабына жараша тигип берет. Дээрлик сегиз жылдан бери аркалап келе жаткан бул өнөрдөн ал байып кетпегени менен, өзүнүн керектүү каражаттарына, аялдык сарптоолоруна жарайт. Башынан бери алганда жок дегенде 300дөй түрдүү фасон жаратканын, айрымдары белгилүү брендер сыяктуу болсо, сумканын атактуу редикюль, саквояж деген түрлөрүн көп жолу тигип келүүдө. Анча-мынча оор түрлөрүн тигүүгө техникалык каражаттарынын жетишсиз болуп калбагандыгы эле болбосо, дээрлик кандай гана фасон болбосун тигүүгө аракеттенет. Өзгөчө каарманыбызга бул өнөрдүн атаандаштары аз болуп, көпчүлүктү таў калтырганы жагат.

Асел Сыдыкова учурда өз билгендерин топтоп, башкаларга үйрөтүүнү көздөйт. Буга чейин да, каалоочулар болсо өнөрү менен бөлүшүп келген. Алдыда атайын курска ылайыктуу чакан мектеп ачууну көздөп жүрөт. Албетте, даяр балык сатып албай, балык уулоону үйрөнүп алышса бардык эле инсандарга пайдалуу эмеспи. Аялбы же эркекпи жашоодо көўүлүнө туура келген, жактырган бир кесипти үйрөнүп алса, анын жемишин сөзсүз көрөөрү айкын. Ал менен түз байланышууну каалагандар социалдык баракчасына кайрылса болот: @aselibags
Гүлмайрам РАХМАНБЕРДИЕВА,
“Кыргыз Туусу


