Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

0
1004

Убакыт сынаган өмүр жана доор

    Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери, ой-толгоолору күндөлүктөрүндө жана чыгармаларында сакталып калган. Ошол булактарга таянып, жазуучу менен элестүү маек куруп, XX кылымдын башындагы Мукай Элебаевдин гана эмес, анын өмүр жолу, чыгармалары аркылуу ошол кездеги кыргыз интеллигенциясынын, бүтүндөй муундун тагдырын жана драмасын чагылдырууга аракет кылдык.
“Кыргыз Туусу” гезити баштаган “Мезгил жана адам” рубрикасынын алкагында бул интервью   ошол доордун ички хроникасына кичине болсо да бир сүртүм болуп калаарына үмүттөнөбүз.

– Мукай ага, сиздин өмүр баянда Түп районунун Чоң-Таш айылында 1906-жылы кедейдин үй-бүлөсүндө туулган деп жазылат. Бирок эл арасында Элебай атаңыз бий болгону, тайларыңыз да мал-жандуу, оокаттуу адамдар экендиги айтылат. 11ге чыкканыңызда апаңыз, андан көп өтпөй атаңыз каза болуп, Элебайдын иниси Элебестин колунда өскөн экенсиз. Балалык дооруңуз кандай эсиңизде калды?

– Кайда жүрсөм да ушул агам менен жеңем түшүмдөн кетпей кыйнай берет. Себеп: мурун ошонун колунда жүрүп нечен таяк жеп, ыйлап, кордукту тириде көп көргөм. Ошол көкүрөгүмө так болуп калыптыр. Нечен караңгы түндө үйгө жолотпой уруп кууп жибергени бар.

– Апаңыздын туугандары тарапка кетип калууну ойлогон жок белеңиз?

– Таята, таякелерим четинен бай. Бирок аларды башынан сараң кылып жараткан! Байлык жагына келгенде бул Кең-Сууда Чыңгышбай уулунан ашып түшкөн бай кем. Жалаң бир атадан тарагандар бир уруу журттай болуп, эртели-кеч малы жайылып чыкканда кара таандай каптачу. Ошентсе да, котур улак үчүн өлгөн өңкөй сараң. Тогуз жүз койлуу тун уулу – Сааданбай тери шымдан бөлөк, өмүрүндө кездеме кийип көргөн жан эмес. Али эсимде: бир күнү талаадан өөдөлөнүп өлгөн бир токту үчүн кадимкидей ыйлап, койчусун таң аткыча сабап чыккан.

– Он жашка чыгып, чыга элек кезиңизде Үркүндө Кытайга качып, ал жактан Көл өрөөнүнө жаңы бийлик орноду деп уккан эл менен кошо жөө-жалаңдап 1919-жылы кайтып келипсиз. Чоочун эл, чоочун жерде жүргөн убакта далай кыйынчылыктар башыңыздан өтсө керек.

– Адам кыйынчылыктан көрө электе гана коркот. Кыйынчылыктан коркуш, колдон келбейт кылыш жайчылыкта гана. Адам кысылган сайын амалдуу.

Үмүт байлыктан күчтүү. Кыйынчылыкты белден кечип жүрсөң да үмүт байлыктан күчтүү. Ошол үчүн күрөшөсүң. Жаныңды аябайсың. Кыйынчылыкка чыдайсың.

– Жазуучу болуп калышыңызга не себеп болду?

– Ким билет, биздин ушул айтып отурганыбыз бир кезде кийинкилерге кылдай таасир этпестир. Бирок ошол кездеги адамдар биздин турмушубузда болуп, ушул жылдардагы оор көрүнүштөрдү көрүп, бар-жокту бизче баштан кечиришпесе, өмүрдө унутпас эле деп ойлойм. Анткени менин ошол күнүм менен сиздин ушуну окуп олтурган убагыңыз, көңүлүңүз бирдей
эмес.

Мен алыскы бир ак карлуу тоонун арасында туулган кыргыздын бир баласымын. Ашкан гений да болуп жаралганым жок. Бирок, алган таасирлеримдин байлыгы, көргөнүмдүн көптүгү  мени жаздырбай жаткырбады. Бул кезде менин айланамдын баары көңүлсүз, бош көрүнүп, жалгыз кубанычым ой болор эле.

– Түптөгү айыл чарба техникумда чогуу окуган курсташтарыңыз сиздин мыкты ырдаганыңызды, драмалык ийримге активдүү катышканыңызды, ал турсун кыздын ролун да ойноп калган учуруңуз болгонун айтышат.

– “Куйручук” деген бир пьеса коюп, башкы ролдордо Капар, Боталиев, мен – үчөөбүз ойнодук. Ой, ошондогудай уялган эместирмин. Айсулуу кылып койду. Амал жок, көнбөскө боло турган эмес. Ичибизде бир аял жок.

– Көптөрдүн эсинде тамашакөй, оюнкараак жигит катары калыпсыз. «Шум бала», «чечек» деп улуулар эркелетип коюшчу экен. Сахнада роль ойносоңуз, ыр жазсаңыз, жүргөн жериңизде баарынын көңүлүнүн борборунда болсоңуз… Далай кыздардын жүрөгүнө чок салсаңыз керек, Мукай ага?

– Жолдошко жагыш үчүн дүйнөң болуш керек эмес, жигит болуш керек. Мен жар деген нерсени журттан кем сүйбөймүн.

– Өмүрлүк түгөйүңүз баркыңызды биле алдыбы?

– Канчалык сүйгөн жарың болбосун, жигиттин кадырына чыга турган жигит гана. Аялдын жакшы-жаманын баарыдан мурун үй тутушу менен балдарынын тарбиясынан баамдаш керек. Жаман катындардын үйү бозокордукундай тартипсиз божурап жатат да, балдары сууга сийген тентек болот. Жакшыда бул экөөнүн бири да
болбойт.

– Жашоодо адам көп учурда эмнеден бузулат?

– Адамды буза турган үч нерсе бар – ичимдик, жүрүш, дөөлөт. Ичимдиктин эч нерсеге теңебей турган бир «касиети»: жөнөкөйдө жылдап, айлап жетпей турган кишилер менен заматта тааныштырат.

Бөрк алдында не болбойт? Душманды айрып жүр. Колуңдан келип турганда бөйпөңдөп, бак тайган күнү баса берген киши дос болбойт.

Боону молотилканын оозуна кармай берсең, буудайы кайсы, куурайы кайсы – баары кетет. Ошол сыяктуу бул дүйнөдөгү акмакка да, момунга да, зулумга да, генийге да – турмуш бирдей орток.

– Өмүрдө, чыгармачылыкта жаңы-лыштык кетирген учуруңуз болдубу?

– Катасы болбогон кишиде акыл да, ой да болбойт.

– Автобиографиялык «Узак жол» романыңызды басманын редакторлору романда автордун таптык көз карашы жоктугун, ата-тегинде эзүүчү таптар бар экендигин айтып, кайтарып берген экен.

– Уйкусуздук, акмактардын жанды кашайтканы, жок жерден чыккан талаш-тартыш, күндөлүк сансыз забота, дагы толуп жаткан ушундайлар мени далай асыл чыгармалардан каңтарды.

Баарлык убакты, кайраты, күч-кубаты мээнетке, негизги кесибине жумшалган адамдын арманы барбы? Ал мен шоордунун мындайынын теңинен көбү каны-жаны жалаң акмактар менен алышып өттү. Күндөлүк сансыз ирик-чирик менен майда-баратка кор болду. Кайран өмүр, кайран күч, кайран убакыт, кайран кор болгон талант!!!

– Замандын ырайы ошондой болбодубу.

–  …днын бир сотрудниги мени бир айдан бери кыйноого алып жүрөт. Кечөө көңүлүмдү бузгандыгы ошончолук, таң аткыча бир көз ирмебей, кайнаган ачуу менен алышып чыктым. Акты каралап, караны актап жүргөндөр көп. Айыптуу, сөз кыла турган, күлө турган өздөрү туруп, өзгөлөрдү айыптап, сөккөндөр, күлгөндөр көп. Бирөөлөрдүн айыпталышы күнөөдөн эмес да, акталышы менен макталышы жазыксыздыгынан эмес.

Тагдырды качан эле болсо чындык менен адилеттик чече бербейт. Кайта көп убактарда куулар менен митаамдар өтүп кетет. Кокус камалып калсам, ушунда бир топ жолдошторум менин актыгыма көзү жетип туруп эле, кайра мени каралаган кишиге кошулуп, согоор эле.

– Эч кимге ишенбей жашоо кыйын эмеспи?

– Совет өкмөтүнүн адылдыгына өлгөнчө ишенем. Ал, айрым кишилердин баарына ишене бербеймин (Кайра кээ бирөөнөн корком да). Анткени далайлардын ичинен мени бөйдөсүнөн өлтүрүп коё тургандар да бар.

– Германиянын СССРге кол салганын карапайым эл кандай кабыл алды?

– Бир колхозчу мага мындай дейт: «Сталиндин сөзүн уккандан кийин журт ушундай бир толкуду дейсиз… «Же өлүм, же өмүр», «Эгер тигилер алчу болсо, биз баягы кулдукка кайра барат турбайбызбы?», «Аскерге жаз» деп жүргөндөр мындан көп. Эл ошондой толкуган эместир». Дагы бир колхозчу айтат: «Ушу мен көптөн бери күтөм – аскерге чакырбай койду. Бир жолу мына муну чакырды эле, кинишкаңды мага бер десем, болбой койду».

– «Согуш башталгандан бери жумуштан көңүлүм тынып отурган бир минута да болгон жок» деп күндөлүккө 1941-жылдын 9-августунда жазган экенсиз.

– Согуш башталганына төрт ай. Тарых билбеген, адам айткыс окуя… Ушул заманда коомго кол кабыш кылбаган, жүрөгү сокпогон, ачынбаган, кенебеген жазуучулардыкы журт алдында кечилбей турган улуу кылмыш! Бетине сүрткөн кара көө. Бизде мындай адамдар барбы? Көп!

– Зайыбыңыз Бурулча эже Мукайдын «бир нерсени бүтүшү тозок, токсон оңдоп, токсон көчүрчү» деп айтканы бар экен.

– Ушу күндө жазуучулар өтө көп жазышат. Бирок, ошолордукун окуй келсең, көбүнүкү чийки, тили чоркок, саясы мааниси тайыз гана бир супсак сөз болуп чыга келет. Мунун негизги себеби – билимдин тайкылыгында жатпайбы. Көркөм сөздүн күчү мысльда
гана.

Бизде он миң жолу ыр жазган акындар көп. Бирок, кайгылуу жери – ошол он миңдеген жолдун бир жолу сөздөрү түзүк, орду менен коюлбайт. Образ жок, жан жок, адамга жагар сөз жок.

Анык акын, жазуучу кыргыздан али чыккан жок. Ушул күнкү басма бетин бербей жайнап кеткендердин баары халтура десе да болот. Адамдын мээсине конор эчтеме жок. Баштан-аяк сабатсыз, эмгексиз, окуусуз акын болгонду тарыхтан көргөнүм ушул. Көбүнүн кесиби көрүнгөн жерде отура калып ыр жазуу, жараксыз, топон, кур сөздөрүн док уруп, күчтөп окутуп, атагын чыгаруу, мактануу, “мен жазуучу!” деп төшүн койгулап, өзүн өзү көтөрүү. Бул келечегин терең ойлобогон, адабияттын эмне экенине түшүнбөгөндөрдүн кылары.

Киши деген бирөө менен аңгемелеш-кенинде кумардан чыгарып, үлгү көрсөтүп, акыл-азат берээр эле. Биздин акмак-халтурщиктердин ченине барганда менин бүткөн боюм дүркүрөп, чоочуркап турат. Булар менен учурашканда кандай «акыл, кеп» чыгаары мага күн мурун белгилүү: жапайы мамиле, наадан тил, арсыз акыл, түккө тургус балалык пикир. Аягында киши менен сүйлөшкөндөй болбой, каның кайнап, жаның кашайып, көңүлүң бузулуп, ошолордун ичине жолукканга өкүнүп чыгасың. Муну бир эле эмес, миң ирет тажрыйбадан кечирдик.

– Турмуштун өйдө-ылдыйын көп көргөн адамсыз. Башыңыздан өткөн кай учурлар сизди көбүрөөк таасирлентти, чыгарма жазууга түрткү берди?

– Менин башыма маанилүү жакшы пикирлер баарынан камсыз, ойсуз болуп, ыракаттанып чалкамдан жатканда эмес, качан да жаным кейип, кыйынчылыктар менен алпурушуп жүргөндө келе турган.

– Туулуп-өскөн жериңизди дайым сагынат окшойсуз. «Ысык-Көлдү көптөн бери бир көрүүгө зармын» деп согуш башталган күндөрү жазыпсыз.

– Эгер мен кайнаган ысык, кумдуу чөл, кыртышсыз жерди көрбөсөм, Ысык-Көлдүн баркын билбес элем. Бирок менин өмүрүмдүн көбү Ысык-Көлдөн бөтөн жерде өттү. Шаардан тойгонум ушунчалык, кыштакка барып алсам, экинчи өмүрүмдө кайра келбес элем.

– Маңдайга эмне жазылганын билбейбиз деп коёбуз…

– Кандай даанышман болбосун, адамдын колунан келбей турган бир нерсе бар, ал эртеңки күнү, келечекте керт башы кандай абалга түшөөрүн билбегендик. Бул көбүн эсе мурун күтпөгөн, ойлобогон жерден кезигет. Адамдын мындайдан кутула турган кези – жалгыз өлүм.

Суроо салган
Курманбек МАМБЕТОВ,
«Кыргыз Туусу»

 

РЕДАКЦИЯДАН: Буга чейин гезитте жарыяланган Юсуп Абдрахманов (««Исповедь Юсупа Абдрахманова: о власти, судьбе народа и одиночестве»), Касым Тыныстанов (Касым ТЫНЫСТАНОВ: «МЕН АКМЫН! – Диалог сквозь время с первым кыргызским профессором») менен маектерди төмөнкү ссылкаларды ачып, окусаңыздар
болот:

https://kyrgyztuusu.kg/archives/35219

https://kyrgyztuusu.kg/archives/36321

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз