“Азыркы балдар башкача” деген сөздү көп эле угуп калабыз. Көпчүлүк балдардын манипуляция, психологиялык жаракат, укуктары боюнча кабарлары бар. Буларды интернет аркылуу үйрөнүп жатышканын айтпасак да белгилүү.
Ошондой эле интернет айдыңында ата-энелер үчүн дагы толтура кеңештер, сунуштар, нормалар бар. Бирок алар бири-бирине карама-каршы келген учурлар көп. Бир булакта катуу көзөмөлдүн маанилүүлүгү, экинчисинде болсо балдарга толук эркиндик берүү керектиги жазылат. Ошентип, кайсы ыкманы колдонобуз, кимге ишенебиз бала тарбиялоодо дегеле кантип ортолукту карманса болот? – деген суроолор туулат.
Бул маселе боюнча балдар жазуучусу, окумуштуу педагог, Кыргыз эл жазуучусу Сулайман РЫСБАЕВден өз пикирин билдирүүсүн өтүндүм. Ал бала тарбия-лоо менен багуунун айырмасын билбей жүргөн ата-энелер көп экендигин айтып: “Учурда баласын элде жоктой кийинтип, элде жок телефон алып берип, обу жок бөпөлөп, орусча сүйлөп, англисче тарбиялап жаткандардын – анын натыйжасы кандай болорун ойлонуша электери бар, ошентсе эле жакшы ата-эне болуп калса, мен каршы эмесмин.
Кыз балага да, эркек балага да, бала кезинде угуп, калыптанып, адам болор эреже-тартиптерди, кыз балага уяттуу болууну, эркек балага эрктүү болууну үйрөтүү, “жаман айтпай – жакшы жок” деген кыргыз макалындай, кезек келгенде катуу айтуу да, мактоо да, колдоо да, эркелетүү да керек” – деди.
Ал эми балдар психологу Шаанигүл РАХИМБЕКОВА ата-эне болуу жоопкерчилигин алган адамдарга маалыматтын көптүгү же бала тарбия-лоонун белгилүү системасы жок экенин шылтоо кылуу туура эмес экендигин айтат.
“Азыркы ата-энелерге оор болуп жатат”, – дегендин экинчи тарабын карап көрүш керек. Сөзсүз түрдө жубайлар экөө тең жоопкерчиликти толук сезгенде, ата-эне статусуна даяр болгондо балалуу болуш керек. Андан кийин кандай баланын ата-энеси болгусу келет деген маселе жаралат. Эгерде өзүнүн жашоосунун автору боло ала турган адамды тарбиялагысы келсе, анда ата-эне өзү үлгү көрсөтүшү керек” – дейт.
Ошондой эле “Бизди ата-энебиз урушуп эле чоңойткон. Биз психологиялык жаракат албай эле, жакшы эле жүрөбүз дегендер” тууралуу: “Андай тарбия көргөндөр чоң адам болуп жетилгенде дагы баары бир жан дүйнөсүндө өксүктөрү калат. Ал адам өзүн бактылуу сезеби деген суроо да жаралат. Балким ошол жаракаттарынын үстүнөн иштесе, бактылуулукка ээ болот. Ал эми “биздин апабыз уруп-сабап эле чоңойткон, мына адам болбодукпу” дегендердин өзүнө менин суроом бар” – деди Рахимбекова.
5 баланын апасы Калипа ЖОЛДОШБЕКОВА кызык окуясы менен бөлүштү.
“Бир жолу 9 жаштагы кызыма “Сен жакшы кызсың да, үйлөрдү жыйначы” десем, “жыйнабасам жаман кыз болуп каламбы, манипуляция кылбаңызчы” десе, баарыбыз күлүп жибериптирбиз”.
Андан сырткары, азыркы балдар өзгөрдү деген пикирге кошулуп: “Чынында эле азыркы балдардын дүйнө таанымы башкача. Баарын интернеттен тез үйрөнүшөт. Бирок, муну жаман дебейм. Анткени алар бизге караганда сезимтал, боорукер. Мен ата-энеме “силерди жакшы көрөм же эмнеге маанайыңыз жок деп айта алчу эмесмин, азыр да айта албайм. “Ата-энең сүйлөйт, сен угасың” деген эски тарбия баланын ата-энеге сый-урматын өстүргөн бирок, кандайдыр бир чек дагы коюп койгон деп ойлойм, – деди.
Ал эми башталгыч класстын мугалими Бактыгүл ИСКАКОВА интернеттин өнүгүшү жана ааламдашуунун таа-сири ата-эне менен баланын мамилесине таасир эткенин айтып, бирок: “Негизи балдар дайыма кыялдануучу, изилдөөчү, таң калуучу бойдон калат. Болгону алардын мүнөзү, жүрүм-туруму чоңдордон, айлана-чөйрөдөн таасирленет” – деп, балдар өзгөрдү деген пикирге кошулбасын айтты.
Азыркы ата-энелер балдарына болушам деп мугалимди урушуп ашыкча бөпөлөп жаткан жокпу? – деген суроомо:
“Бир жагынан, ата-энелер балдарынын коопсуздугу үчүн кабатырланганын түшүнсө болот. Башка жагынан алганда, айрым учурда балдардын жоопкерчиликти, тартипти үйрөнүүсүнө тоскоол болушу мүмкүн. Мурдагыдай ата-энеден коркуп, тынч болуп чоңойгону туура деп айтууга да болбойт. Бала өз оюн ачык айтканы жакшы. Болгону ата-энелер менен мугалимдер биргелешип иштешүүсү керек”, – деп жооп берди.
Эми дүйнөлүк бала тарбиялоо жана билим берүү тажрыйбаларына кыскача кайрылып көрөлү. Бул жагынан күчтүү деп саналган Финляндия өлкөлөрүндө бала тар-биялоодо тең салмактуулукту сактоого өзгөчө көңүл бурулат. Тактап айтканда, тартипти жана эмоционалдык жакындыкты айкалыштырган системалары бар.
Кыргызстанда кандай? Бул маселе боюнча кайрадан окумуштуу-педагог Сулайман РЫСБАЕВдин оюн сурап көрдүм.
“Учурда, “тарбия идеологиясы бизде тактала элек” десек болот. Совет мезгилиндегидей, мектепте “мыкты октябрят”, “мыкты пионер”, “мыкты комсомол” деген түшүнүктөр, алардын эрежелериндей рычагдар мектептерибизде жок. Эмнеге үйрөтөбүз, кайсы багытка карай тарбиялайбыз? – деген суроолор көп деди окумуштуу. Ал тургай, билим берүү системасында дагы окуучунун, ата-эненин, мугалимдин укуктары жана милдеттери мамлекеттик деңгээлде такталбагандыгын айтып, моралдык-этикалык кодекстердин зарылдыгын кошумчалады.
Ошондой эле, “Азыр “ишенген кожоң сууга акса, алды-алдыңдан тал карма” деген жол менен бара жатабыз. Ошондуктан, балдарыбызды биз эмес, “коом жана интернет тарбиялап жатат”, – деген баасын берди.
Жыйынтыктап кетсек, баланы тарбиялоодо үй-бүлөлүк, коомдук жана маданий шарттардын бирдей таасири чоң экендиги эске алынышы керек.
Уулжан Бейшенбекова, «Кыргыз Туусу»