Вторник, 24 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

“Эгерде кан акса эмне кылуу керек?”

Биз дарыгерге чейинки жардамга арналган «Эгерде … болсо эмне кылуу керек?» деген материалдар сериясын жарыялоону улантабыз. Долбоордун авторлору — Жашоо Медиа ден соолук жөнүндө маалыматтык порталы. Бүгүн Бишкектин Тез жардам борборунун дарыгери Александра Васильева кан агуу болгон учурда кандай жардам көрсөтүү керектиги жөнүндө айтып берет. 

Кан агуу артериялык, веналык жана капиллярдык болуп бөлүнөт. Ар бир түр өзгөчө мамилени талап кылат.

Артериялык кан агууда кандын өңү ачык-кызыл болот, катуу диртилдеп агып чыгат. Бул тез арада чоймо боо менен бууп токтотууну талап кылган эң кооптуу кан агуу.

  1. Канды токтотуу үчүн жараатты жогору жагынан чоймо боо менен байлаш керек. Териге зыян келтирбеш үчүн байлоонун алдына жумшак кездеме коюу зарыл.
  2. Чоймо боо менен байлагандан кийин анын коюлган убактысын так жазып коюу керек – жайкысын байлоону 2 сааттан ашырбай коет, ал эми кышында 1 сааттан ашырбоо керек.
  3. Кандын агышы токтотулгандан кийин жабыркаган адамды токтоосуз түрдө ооруканага жеткирүү зарыл.

Венадан кан агуу – кандын кочкул-кызыл түсү жана жай агып чы-гуусу менен мүнөздүү.

  1. Венадан кан агууну токтотуу үчүн кыса тургандай таңуу керек. Мында чоймо боо керек эмес, анткени бул колу-буттун кан айлануусунун бузулушуна алып келиши мүмкүн.
  2. Жараатка стерилдүү тампон же марлини коюу жана кан агууну токтото турган басым түзүлгүдөй бинт менен бекем таңуу керек.

Кан агуунун эң жеңил түрү – капиллярдык каноо, анда кан сызылып чыгат жана абдан жай агат. Адатта бул бир аз кесип алуудан же тытылуудан келип чыгат. Жараатты суутек кычкылы менен жакшы жууп, стерилдүү таңуу жетиштүү. Кээ бир учурларда, мисалы, терең кесип алганда жакшыраак таңуу үчүн бир нече катар бинт коюу керек.

Жашоо Медиа деген эмне? Бул ден соолукка, жеке натыйжалуулукка жана өзүнө кам көрүү маселелерине арналган маалыматтык портал. Анын миссиясы – жашоонун сапатын жакшыртуу, зыяндуу адаттар менен күрөшүү боюнча текшерилген сунуштамаларды ж.б. окурмандарга берүү. Сиздер Жашоо Медиа порталынан эксперттер жазган макалаларды, өзүн-өзү өнүктүрүү, физикалык жана эмоционалдык бакубатчылыкты колдоо боюнча практикалык кеңештерди таба аласыздар.

Сайт: https://jashoo.media/

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар