Вторник, 24 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Мунарбек багынткан бийиктиктер

Мушкер Мунарбек 1996-жылы 1-январда Ош шаарында туулган. Жердиги Өзгөн районунун Тоо-Дыйкан айылынан болот. Атасы  Сейитбек Токтосунов – жеке ишкер, апасы Сапаргүл Туманова – үй кожойкеси. Мунарбек беш бир туугандын төртүнчүсү. Агалары Жыргалбек менен Кыялбек, эжеси Венера, иниси Баястан аны колдоого алган күйөрмандары. 

Мунарбек сегиз жашынан бокс менен машыга баштап, уландар, жаштар жана эр азаматтар арасында өлкөбүздүн тандалма командасынын мүчөсү болуп, намыс талашып келет.

Мунарбек Ош мамлекеттик университетинин дене тарбия факультетин бүтүргөн. “Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебери” ардак наамдын ээси.

Ал 2023-жылы Ташкентте өткөн Дүйнө чемпионатында төрт жолу жеңишке жетип, жарым финалга чыккан. Бирок жарым финалда болочок чемпион Абдумалик Халоковго (Өзбекстан) утулуп, коло медаль тагынган. Кыргызстандын тарыхында бокс боюнча биринчи өкүлү дүйнө чемпионатында үчүнчү орунду ээлеп, жеңиш сересине чыгып, өлкө туусу алгач ирет көтөрүлгөн.

Андан соң Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет бокс боюнча дүйнө чемпионатында коло байге уткан Мунарбекке  Президент Садыр Жапаров Ош шаарынан эки бөлмөлүү батир белек кылган.

Ошондой эле ал 2022-жылкы Азия оюндарынын катышуучусу, Ливенцев турниринин (2023) жана Испания-дагы Boxam (2024) турниринин жеңүүчүсү болуп саналат.  2023-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын мыкты спортчусу аталган.

Мунарбек Сейитбек уулу 2024-жылы Олимпиадалык жолдомо үчүн биринчи беттешинде украиналык Айдер Абдураимовго утулуп калган. Бирок акыркы мүмкүнчүлүктү пайдаланып, индиялык Сачином Сивахом менен беттешип, аны 5:0 эсебинде жеңип, Париж Олимпиада оюндарына жолдомо  алган эле.

Мушкер Мунарбек Франциядагы Олимпиадага жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаевсиз баргандыктан аны Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Данияр Төлөгөн уулу коштоп, кеп-кеңештерин айтып жүргөн.  Анын экинчи машыктыруучусу катары өзбекстандык Акмал Хасанов чыгып, эки элдин достугуна көпүрө болуп, колдоого алган.

Париж олимпиадасынын бокс таймашуулары курч мүнөздө өтүп, Мунарбек  57 килограммга чейинки салмакта күч сынашты. 1-августка караган түнү  сегизден бир финалда дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси, кубалык Орта Родригес дель Рей Сайдел Иванды үч раундга толук жеткирбей, мөөнөтүнөн мурда 3:2 эсебинде жеңди.

Мунарбектин чейрек финалдагы кезектеги атаандашы 2021-жылы бокс боюнча дүйнө чемпиону болгон, АКШнын чемпиону, Панамерика оюндарында алтын медаль уткан 21 жаштагы америкалык Жамал Харви болду.  4-августтагы чейрек финалда дагы кыргызстандык мушкер Мунарбек 3:2 эсебинде утуп, жарым финалга чыккан эле.  9-августта Европа оюндарынын чемпиону, Европа чемпионатынын күмүш жана коло байге ээси, Болгариянын атынан чыккан жердиги кубалык Хавьер Ибаньес менен беттешип, кыл чайнашкан таймашууда 4:1 эсебинде утуп алып, Мунарбек баш байгеге талапкер болгон.

Мунарбектин финалга жолу жеңил болгон жок. Ал өз тайпасында күчтүү атаандаштарга туш келип, баарын жеңди.

Финалда дүйнө жана Азия чемпиону, Азия оюндарынын жеңүүчүсү, өзбекстандык Абдумалик Халоков менен беттешип, атаандашына алтын байгени алдырып койду. Муну менен Мунарбек Сейитбек уулу күмүш медаль тагынып, Кыргызстандын тарыхында бокс боюнча Олимпиада оюндарында алгачкы байге уткан мушкер болуп калды. Тарыхый жеңиш үчүн Президент Садыр Жапаров 10 млн.сом жана KIA EV 9 үлгүсүндөгү автоунаа белек кылды. Президент белек кылган автоунааны Мунарбек атасына тартуулаган. Ош облусунун, Ош мэриясынын жетекчилери дагы урмат-сый көрсөтүшүп, 3 бөлмөлүү батир белек кылышкан.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын бокс федерациясынын түзүлгөнүнө быйыл 97 жыл толду. Ал эми Мунарбектин ийгилиги кылымга тете федерациянын тарыхындагы эң зор ийгилик, жетишкендик.

Кабыл МАКЕШОВ,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
спорттук баяндамачы

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар