Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Ипотекалык батирлер ээлерине берилди

Бүгүн мамлекеттик ипотеканын алкагында дагы 510 бишкектик үй-бүлө турак жайлуу болду.

№47 колониянын ордуна салынган “Мурас” комплексиндеги бир жана үч бөлмөлүү батирлер өз ээлерине берилди.

Мамлекеттик ипотекалык компания батирлердин көбү мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, мамлекеттик кызматкерлерге жана мигранттарга берилгенин билдирди. Эми мындан ары үйлөр электрондук тизме менен гана берилерин айтты.

“Туура түшүнүңүздөр, мурда “Социалдык ипотека” деген түшүнүк жок болгон. Анын ордуна минкабдын чечими менен айрым социалдык категориядагы жарандарыбызга артыкчылык берилген, бул — мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, көп балалуу үй-бүлөлөр, жалгыз бой энелер. Биз аларды аттап өтө албайбыз”, — деди МИК.

Бардык блоктордун курулушу 2026-жылдын 4-кварталында соңуна чыгаруу пландалууда.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар