Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Элет өнүксө – эл өнүгөт

Акыркы жылдардагы маалымат боюнча республиканын калкынын 65,1%ы элет жергесинде, 34,9%ы шаарларда жашайт. 2018-жылга салыштырмалуу айыл калкы 400 миң чамалуу, шаар калкы 300 миңге өскөн. “Элет өнүксө – эл өнүгөт” деген учкул кептин өзөгү ушул сандарга катылгандай.

Жаңы жыл алдында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеўешинин жыйыны өтүп, анда айрым продукцияларды өлкөгө импорттоого убактылуу чектөөлөрдү киргизүү, айрым мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүн импорттоого чектөөлөрдү узартуу, мал жандыктарын экспорттоого квота берүү сыяктуу маселелерге өзгөчө көўүл бурулду. Бул министрликтеги кадыресе иштердин бири.

Министр Бакыт Төрөбаев айыл жана суу чарба тармагын көтөрүүгө чын ыкласын коюп, элеттик элдин ыраазылыгына арзыган демилгелердин башында турганын белгилеп коюуга тийишпиз. Алсак,  Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин демилгеси менен республикада жалпысынан 169 машина-трактордук станция (МТС) уюштурулду. Анын ичинен 59у муниципалдык, 110у жеке менчик ишкана. Бул МТСтерде 3700гө жакын айыл чарба техникалары бар. Нарында – 27, Ысык-Көлдө – 31, Ошто – 16, Баткенде – 10, Чүйдө – 38, Таласта – 22, Жалал-Абадда – 25 МТС уюшулуп, жыл аягына чейин өлкө аймактарында дагы 3 МТС уюштуруу болжолдонууда.

Билим берүүнү китепсиз, китепканаларсыз элестете албагандай эле, айыл чарбасын айыл чарба техникаларысыз элестетүүгө мүмкүн эмес. Демек, 169 МТС чек болбош керек. Өткөндө 1990-жылдары Агроөнөр министринин биринчи орун басары болуп иштеген Улугбек Жээналиев менен сүйлөшүп калдым. Ал киши жер жана агрардык реформа идеясын алгачкылардан болуп республикалык масштабда айтып чыккан, муну Б.Талгарбеков да тастыктайт. Ошол киши айтат, “Азыр Батышта айыл чарба техникалары жана жерди иштетүү технологиясы аябай өнүгүп кетти. Бүгүн да баягыдай эле отчет үчүн мынча гектар жер айдалып-себилди, мынча гектардан баланчадан түшүм алынды деген кейпибизде кете берсек, анда айыл чарбасын көтөрө албайбыз, айыл чарбасын көтөрө албасак, элет элинин жашоо деңгээлин көтөрүп жатабыз дегенибиз бекер. Батышта улам жаңы технологияларды колдонуу менен бир гектардан 10 гектардын түшүмүн алып жатышат. Аларда малдын туягын санап, 5-10 литр сүт берген уйду бакпайт. Себеби, сүтү аз уй мал ээси үчүн чыгаша. Уй жайында жайытка чыкканы менен кышында кол карайт. Ал берген сүтүнө караганда көбүрөөк жейт. Бизде эмне, малды жайытка айдап ийип, өзү үйдө жамбаштап жатканына маашыр. Бул жалкоонун иши. Беш уйду баккыча бир уй бак. Үйүңдөгү сарайыңан чыгарбай, акырынан жем-чөбүңдү үзбөй баксаң, күнүнө 40 литр сүт берсе, литри 30 сомдон болсо, күн сайын 1200 сом чөнтөгүңө түшөт. Жемин да, чөбүн да актайт, ээсине да артат. Демек, элет жергесин көтөрүү – мамлекеттин эле иши эмес, элеттиктер өзү да өз жашоосун жакшыртуунун жолдорун ойлошу, ошол кадамдарга барууга тийиш. Бул үчүн айылдарда айыл чарба кооперативдери түзүлүп, айдоо жерлерин эл биргелешип иштетүү керек. Ошондо гана которуштуруп айдоого мүмкүн болот. Таласта төө буурчак айдай берип, айдоо талааларынын кунары качып, жарыбаган түшүм берип калыптыр. Бирок жер ээлери – фермерлер болбой эле төө буурчак айдап жатканын көрүп, аябай өкүндүм” дейт.

Бул элеттиктер үчүн, айыл чарбасы үчүн күйгөндөн айтылган кеп. Статмаалыматтарга таянсак, быйыл  январь-ноябрь айында республикада 1 млн. 692,5 миў тонна сүт өндүрүлүп, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 38208 тоннага же 2,4 пайызга сүт көбүрөөк экен. Албетте, бул кубанычтуу нерсе деңизчи, бирок да, эгер биз республика боюнча сүт багытындагы асыл тукум уйларды өстүрүп, сүт өндүргөндө кандай болоор эле деген ой пайда болот. Демек, ойлончу маселе бар, эгер Беларусиядагыдай чоң-чоң сүт-товар фермаларын түзүп, сүт өндүрүү тармагын жолго койсок, анда өзүбүзгө кенен жетип, кошуна Кытайга сүт товарларын экспорттоого мүмкүнчүлүктөр жаралмак. Учурда жеке ишкерлерибиз сүт багытындагы голштин, швиц тукумундагы уйларды апкелип, өздөрүнүн ийгиликтери менен бизди кубантып жатат. Ошентсе да, ал ишкерлер мамлекеттин колдоосуна муктаждай сезилет. Дегенибиз, жеке ишкерлерибиздин сүт товар фермаларындагы сүт багытындагы уйдун башы араң эле 100гө жетип, көбү 20-30 уй менен ченелгени абдан өкүнүчтүү. Биз Чүй облусунун эки жеринде, Ошто, Жалал-Абадда, Баткенде, Көлдө, Нарында, Таласта жок дегенде бирден 1000-1500 баш сүт багытындагы уйлар багылган сүт товар фермаларын түзүп, сүт өндүргөн болсок, чет өлкөнүн сүт азыктарын жебей, өзүбүздүн экологиялык жактан таза азыктарыбызды жеп калмакпыз.

Чынында, акыркы жылдарда айыл чарбасын каржылоого көп көңүл бурулуп, «Айыл чарбасын каржылоо -12» долбоорунун алкагында үзгүлтүксүз иштер жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө 11344 дыйканга жеўилдетилген насыя берилген. Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 475540,0 миў сомго 1430 насыя, мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 4054030,0 миў сомго 9914 насыя, бардыгы болуп 2 категория боюнча 4529570,0 миў сомго 11344 насыя. Бул албетте жакшы. Ал эми насыя алгандар аны кандай пайдаланып жатат, бул башка маселе.

Быйылкы кубанычтуу көрүнүштөрдүн бири кант кызылчасынын жалпы дүў түшүмү 870,2 миў тоннаны түзгөнү болду. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 249,2 миў тоннага көп экени, мындан 120 миў тонна кант өндүрүүгө мүмкүндүк болгондуктан, өлкөнүн ички керектөөсүн толук камсыз кыла тургандыгы айтылып жатат.

Бу да болсо, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин уюштуруу иштеринин жыйынтыгы катары бааласак болот. Мына ушул ийгиликтүү иштердин артында эмгек адамы турганы талашсыз. Өлкөдө кандай ийгиликтер болсо, аны эмгек жана эмгек адамдары жасайт. Алардын бири Жети-Өгүз районунун Саруу айыл аймагынын тургуну Азамат Мажиков деген багбаныбыз быйыл алча багынан эле 2 млн. сомдон ашуун киреше тааптыр. Айтымда Азаматтын мөмө-жемиш багынын жалпы аянты 75 гектарды түзсө, 22 гектар аянты гилас багы. Анда “Кокон”, “Валовая-3”, “Регина” сорттору өсөт. 1 гектар аянтта 330 түп дарагы бар. 1 түптөн орточо 45 кг., гектарынан орточо – 1500 цн. түшүм алган. Түшүмүнүн көбү Россия, Казакстанга экспорттолгон.

Дагы бир каарманыбыз жеке ишкер, “Юнекс курулуш” ЖЧКнын башкы директору Сарымса уулу Эркинбек негизинен эки багытта иш алпарат. Бири – көрктөндүрүү-жашылдандыруу иштери. Эркинбектин “Юнекс курулуш” фирмасы акыркы жылдарда кен казылып жаткан аймактардын экологиясын сактап калуу багытында ыраттуу иш алпарып, алсак Жерүйдө көрктөндүрүү-жашылдандыруу иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле Бишкек мэриясынын “Жашылдандыруу” чарбасы менен кызматташып, борбор калаабыз жашыл шаарга айланып, бир кездеги “Жашыл шаар” атагын алышы үчүн ак кызматын кылып, көчөт отургузуп, көчөт менен камсыздоодо.

“Юнекс курулуштун” экинчи иш багыты сугат системасын калыбына келтирүү иштери. Сарымса уулу Эркинбек жетектеген фирма Кемин, Ысык-Көл, Тоң, Нарын, Ат-Башы, Жумгал, Ак-Талаа, Токтогул, Талас, Кемин суу чарба башкармалыктары менен келишим негизинде сугат системасын калыбына келтирүү боюнча чоң-чоң иштерди жасаган. Каналдарды салып, куурларды төшөгөн. Жол салуу иштерин “Юнекс курулуштун” ишинин үчүнчү багыты катары карасак болот. Азыр алар Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №32 жол тейлөө ишканасы менен келишимдин негизинде жол кыймылын жакшыртуу иштерине активдүү катышып, Чолок деген объектте жол салып жатышат. “Чолок аябай коркунучтуу жол болчу. Аны көп подрядчиктер албай коюптур. Биз алып жол салып жатабыз”, – дейт Эркинбек. Алар мындан тышкары Чоң-Кемин мамлекеттик коругунун токойчуларына контейнерлерден үй жасап берүү иштерин колго алган экен.

Минтип иш жүрүп, өнүгүүгө багыт алып жатканыбыз, элет жергеси жаңыланып жатканы көз кубантат. Буюрса, кийинки жылы мындан да көп ийгиликтер болгусу бардыр…

Болотбек Таштаналиев, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар