Бүгүн, Бишкек шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын резолюциясынын негизинде «23-октябрь – эл аралык Ак илбирс күнү» катары кабыл алынгандыгына байланыштуу иш-чара өткөрүлдү.
Ага тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев, Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программасынын координаторлору, эл аралык донорлор жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү катышты.
Иш-чарада Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программанын алкагында өлкө аймагында жашаган ак илбирстин санын аныктоо боюнча комплекстүү баалоонун жыйынтыгы чыгарылды.
Баалоо 2020-2024-жылдар аралыгында заманбап методдорду колдонуу менен жүргүзүлгөн. Маалыматтар фотокапкандардын жардамы менен чогултулгандыгын Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программанын эл аралык координатору Костуб Шарма билдирди.
«Окумуштуулар 125 миң чарчы километрден ашык аймактарды изилдешти. 875тен ашык фотокапкандар орнотулду. Изилдөөнүн жыйынтыгында Кыргызстанда 234төн 349га чейин ак илбирс бар экендиги аныкталды. Орточо эсеп менен ак илбирстин саны 285 деп белгиленди», — деди ал.
Ошондой эле, Костуб Шарма бул жыйынтыктар экосистеманы коргоо канчалык маанилүү экендигин жана ак илбирстин санын көбөйтүү үчүн комплекстүү иштерди жүргүзүүгө өбөлгө түзөрүн кошумчалады.
Эскерте кетсек, жакында эле Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясында «23-октябрь – эл аралык Ак илбирс күнү» деп жарыялоо боюнча резолюция кабыл алынган. Бул олуттуу демилге Кыргыз Республикасы тарабынан көтөрүлүп, БУУга мүчө 193 мамлекеттин колдоосуна ээ болгон.
Кабыл алынган резолюция бардык мүчө мамлекеттерди, БУУнун системасына кирген мекемелерди, эл аралык жана региондук уюмдарды, бейөкмөт уюмдарды, жарандык коомду, жеке секторду жана бардык кызыкдар тараптарды эл аралык күндү жыл сайын белгилөөгө чакырат.