Биз дарыгерге чейинки жардамга арналган «Эгерде … болсо эмне кылуу керек?» деген материалдар сериясын жарыялоону улантабыз. Долбоордун авторлору Жашоо Медиа ден соолук жөнүндө маалыматтык порталы. Бүгүн Бишкектин Тез жардам борборунун дарыгери Александра Васильева сөөк муундан чыгып кеткен учурда жана сыныкта эмне кылуу керектиги жөнүндө айтып берет.
Муундан чыгып кетүү
Сөөк муундан чыгып кеткенде эч качан өз алдынча салууга аракет кылбаш керек. Жабыркаган дене бөлүктү кандай турса ошондой абалда таңуу керек.
Шишикти жана ооруну басаңдатуу үчүн жабыркаган муунга муздак басуу керек.
Жабыркаган адамга кесипкөй жардам көрсөтүү үчүн тез жардам чакыргыла же сынык-жаракат бөлүмүнө өз алдынча жеткиргиле.
Сынык
Сынык болгондо жабыркаган жерге мүмкүн болушунча тезирээк шак-шак коюу маанилүү. Бул үчүн дөң-гөлөктү же башка каражаттарды (тактай, союл) колдонгула.
Дөңгөлөк сынган жердин жогору жана ылдый жагынан эки муунду камтышы керек. Мисалы, жото жилик сынган болсо, анда бут кетменди жана тизени кошо таңуу зарыл.
Кан айланууну бузбаш үчүн бутту таңууну эң ылдый жагынан баштап, андан кийин жогору жагына өтүү керек. Таңуунун ар бир орому мурунку оромду жарымынан басып оролууга тийиш.
Кошумча кеңештер:
Кол чыгып кеткенде муунга күч келтирүүнү азайтуу үчүн колго кошумча колдой турган таңуу койсо болот.
Кабыргалар, төш сөөк же кый сүбөө сынган болсо, жаракатты күчөтпөө үчүн жабыркаган адам мүмкүн болушунча жеңил дем алышы керек.
Жашоо Медиа деген эмне? Бул ден соо-лукка, жеке натыйжалуулукка жана өзүнө кам көрүү маселелерине арналган маалыматтык портал. Анын миссиясы – жашоонун сапатын жакшыртуу, зыяндуу адаттар менен күрөшүү боюнча текшерилген сунуштамаларды ж.б. окурмандарга берүү. Сиздер Жашоо Медиа порталынан эксперттер жазган макалаларды, өзүн өзү өнүктүрүү жана физикалык жана эмоционалдык бакубатчылыкты колдоо боюнча практикалык кеңештерди таба аласыздар.
Сайт: https://jashoo.media/