20-21-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда Президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен III элдик курултай өтүп, анын ишине 698 делегат катышты. Эки күндүк иш-чарада 150 делегат баяндама жасап, жалпысынан 2 миңдей суроо-сунуштар түштү.
Өлкө аймагынан келишкен курултай делегаттары жер-жерлердеги инфратүзүмдөрдү өнүктүрүү, суу менен камсыздоону жакшыртуу, айыл чарбасын жана ишкердикти колдоо, мугалимдерди, дарыгерлерди жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды социалдык жактан коргоо сыяктуу маселелерди чечүүнү сунушташты. Өзгөчө көңүл ар кайсы региондордо майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялык борборлорду курууга бурулду.
Мындан тышкары, ата мекендик продукцияны экспорттоо, кайра иштетүү, азык-түлүк коопсуздугу жана минералдык жер семирткичтерди өндүрүү боюнча заводдорду куруу темалары көтөрүлдү. Делегаттар ошондой эле шаарларды өнүктүрүүгө каражат бөлүү жана чет өлкөдө жүргөн жарандардын көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүү, анын ичинде виза режимин жеңилдетүү боюнча сунуштар менен кайрылышты.
Президент Садыр Жапаров Курултайды жыйынтыктап жатып, делегаттардын суроолоруна жооп берип, өлкөнүн өнүгүүсүнүн ар кандай аспектилерине кеңири токтолду.
Аягында үчүнчү Элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынды.
Курултай соңунда баяндалган резолюцияда саясий-экономикалык, социалдык көйгөйлөр, кадрдык саясат, билим берүү, укук коргоо, экология, саламаттык сактоо тармагындагы маселелер, улуттук баалуулуктар жана башка көйгөйлөр көтөрүлгөнү белгиленди.
Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаев резолюция боюнча талдоо жүрүп, иш пландар даярдаларын билдирди. Бул документ президент Садыр Жапаровго сунушталып, ал тескемеге кол коёт. Андан соң резолюциянын аткарылышын Элдик курултайдын катчылыгы, президенттин администрациясы жана Министрлер Кабинети көзөмөлгө аларын кошумчалады.
Курултайга катышкан 698 делегаттын 539у эркектер, 161и аялдар жана 61 делегат Кыргызстанда жашаган башка улуттун өкүлдөрү. Делегаттардын арасында диний конфессиялардын жана чет өлкөлөрдө жүргөн мигранттардын өкүлдөрү болду. 30 делегат Орусиядан, АКШдан, Канададан, Түркиядан, Германиядан, Түштүк Кореядан, Казакстандан, Чехиядан, Италиядан жана Улуу Британиядан келген диаспоралардын жана мекендештер бирикмелеринин өкүлдөрү болушту.
III Элдик курултайдын биринчи күнүндө (20-декабрда) Президент Садыр Жапаров курултайдын катышуучуларына кайрылуу жасап, анда негизги реформалардын жыйынтыгын чыгарып, өлкөнү өнүктүрүү пландарын айтып өттү. Негизги көңүл коррупцияга каршы күрөшүү, экономикалык өсүш, чек ара маселелерин жөнгө салуу, ишкерликти колдоо, социалдык коргоону чыңдоо, ошондой эле билим берүү жана саламаттыкты сактоо үчүн шарттарды жакшыртууга бурулду. Төмөндө Президент Садыр Жапаровдун кайрылуусунун олуттуу жерлерин жарыяладык.
“Кыргыз-тажик чек арасы толугу менен чечилди”
“Кыргыз-тажик чек арасы толугу менен чечилди. Коңшубуз Тажикстан менен чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыкты. Чек ара маселелери боюнча дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн, тынч-тыкты жана туруктуулукту бекем сактоонун аркасында ийгиликтерге жетиштик. Бул биздин өлкө үчүн тарыхый мааниге ээ. Чек ара маселесинин 100 пайыз чечилиши менен эл аралык кызматташууларда жаңы мейкиндиктерди ачып, чек арага жакын жайгашкан аймактардын гана эмес, бүтүндөй республикабыздын ишенимдүү өнүгүшүнө бекем мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Чек арага жакын жайгашкан аймакта жашаган мекендештерибиздин коопсуздугу түзүлдү. Мурда чек араларда бөлүнүү сызыгы болуп келсе, бүгүн ал биригүүнүн жана кызматташуунун символу болуп калды”.
“Мамлекеттин уурдалган мүлктөрү кайра кайтарылууда”
«Мамлекеттин күч органдарынын мындай аракеттери баарына эле жага берген жок. «Менчиктин укугу бузулуу-да, ишкерликке тоскоолдуктарды жаратуу-да” деген сыяктуу шылтоолорду коомчулукка жайылтуу аракетин көргөндөр да болууда.
Алар мыйзамсыз ээлеген байлык-мүлктөрүнөн ажырагандар экенин жакшы билесиздер. Бул жерде мен, мамлекет мыйзамдуу түрдө алынган мүлккө эч качан кол салбастыгын так белгилегим келет.
Бирок кыянаттык кылып бекер, уурдоо, алдоо жолдору аркылуу байыгандар жазаланбай жүргөн жыргал жашоолорунун убактысы бүткөнүн, элдин байлыгы элге кайтарылып жатканын түшүнүүлөрү керек.
Биз уурдалгандарды жөн эле кайтарып жатканыбыз жок, биз элдин мамлекетке болгон ишенимин кайтарып жатабыз. Бул кадамдар акыйкаттуулук жана ар бир жарандын, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн принципиалдуу күрөш болуп саналат”.
“Камбар-Ата-1 ГЭСи ишке ашып жаткан кыял”
Мамлекет башчысы кайрылуусунда өлкө энергетикалык жактан көз каранды болбой, өзүн-өзү камсыздоого өтөрүн баса белгиледи.
“Камбар-Ата-1 ГЭСи – муундан-муунга аңыз болуп айтылып, көптөн күткөн дол-боор эле. Бул кыял дагы реалдуу ишке ашууда. Жүздөгөн жылдар бою биздин ырыс-кыбызга айланган суу ресурсу келечекте өлкөбүздү алдыга жылдырган, экономиканы өнүктүргөн, энергия менен камсыз кылган жана электр кубатын экспорттоочу күчкө айланат”.
“Кытай – Кыргызстан –Өзбекстан темир жолунун курулушу 27-декабрда башталат”
“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу” долбоору буга чейин ондогон жылдар бою текчелерде чаң басып келген.
Биз бул долбоорго киришкенибизде ага ишенбегендер, атүгүл бул жолду куруу “жомок” деп шылдыңдап күлгөндөр болду эле. Азыр ал жомок эмес экенине, ишке ашып жаткан кадимки долбоор экенине баарыңыздар күбө болуп жатасыздар.
27-декабрь күнү бул жолдун расмий курулуш иштери башталат. Бул жол Чыгыш менен Батышты байланыштырган стратегия-лык көпүрө болот. Соода, туризм жана өнөр жай үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат”.
“Малдын асылын багалы”
“Экономикалык жактан жетишкен мамлекеттердин биринде да 20-25 кг эт берген койлорду, 150-200 кг эт берген, күнүгө 5-10 литр сүт берген уйларды кармап, багышпайт деле. Минтип мал багууга жумшаган эмгектерин актабай турган, кирешесиз ишке барышпайт. Бизде болсо ушундай койлор менен уйларды малым деп кармап жүрө бергендер арбын.
Кыргызда “Жайытты малдын тили эмес, туягы жейт” деген сөз бар. Мындай өзүн-өзү актабаган малды кармоодо кайтарым болбогондон сырткары, жайыттарыбыз талкаланып, экологияга зыян келтирүүдөбүз. Мал чарбасындагы мындай абалды өзгөртүүгө Айыл чарба министрлиги чукул киришүүсү керек. Айрым бир көз караштары жетик фермерлерибиз асыл тукум уйларды, асыл тукум койлорду багып өстүрүшүүдө.
Бирок ал республика боюнча массалык түрдө жайылтыла элек.
Бүгүн өнүккөн өлкөлөрдө орточо 1000-1500 кг эт берген, күнүгө 20 литрден кем эмес сүт берген уйларды, 100-150 кг чейин эт берген койлорду багуу катардагы эле көрүнүш болуп калган.
Бизде малдын башын массалык түрдө асылдандырууга жеткенде, өзүбүздү эле камсыздабай, коңшу мамлекеттерге эт, сүт экспорттоого, мамлекетибиздин экономикасын көтөрүүгө, элдин жашоо-турмушун жакшыртууга туруктуу иш жасаган болобуз”.
“Экономикалык өсүш жаңы тарыхый чектерди багындырууда”
“2020-жылы ички дүң продукциянын көлөмү 639 млрд. сомду түзсө, биз быйыл 1,5 трилл. сомдук чекке жетүүнү пландап жатабыз. Бул кыска убакыттын ичинде өлкө экономикасынын көлөмүн 2,5 эсеге көбөйттүк дегенди билдирет. Албетте, бул чек эмес. 2025-жылы ички дүң продукциянын көлөмү бир триллион сегиз жүз миллиард сомдон ашат. Бул 2020-жылга салыштырмалуу экономикалык ресурстар үч эсеге көбөйөт дегенди билдирет. Жылдан-жылга өлкөнүн бюджети да тездик менен өсүүдө.
Бюджет 2020-жылы 247 млрд. сомду түзгөн. Быйыл жылдын аягына чейин 687 млрд. сомго жеткиребиз, бул 2020-жылдын көрсөткүчүнөн дээрлик үч эсе жогору. 2025-жылы 700 млрд. сомдон ашырып, муну менен биз өлкөнүн финансылык өзөгүн мындан ары да бекемдей беребиз”.
“Жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу –артыкчылыктуу багыт”
“Жакынкы жылдары өлкө боюнча 40 миңден ашуун жаңы батирлерди куруп бүтүрөбүз. Миңдеген үй-бүлөлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, жаңы жашоо-го реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү жаратууга аракеттенүүдөбүз. Биз турак жайды мындан да жеткиликтүү кылуу, аймактардын экономикасын чыңдоо жана үй-бүлөлөрдүн узак мөөнөттүү бакубаттуулугун камсыз кылуу үчүн ипотекалык турак жай курулушун каржылоону мындан ары да уланта беребиз”.
“Көп балалуу үй-бүлөлөргө көрүлгөн камкордук”
Мамлекет башчысы белгилегендей, 2026-жылдын 1-январынан тартып өлкөнүн бийик тоолуу жана алыскы аймактарында туруктуу жашаган көп балалуу энелерге финансылык төлөмдөрдү берүү пландаштырылууда.
Алсак:
– төртүнчү балага –100 миң сом;
– бешинчи балага – 600 миң сом;
– жетинчи балага – 1 млн. сом;
– сегизинчи балага – 1 млн. 200 миң сом;
– тогузунчу балага –1 млн. 500 миң сом;
– онунчу жана андан көп балага –2 млн. сом берилет.
Белгиленгендей, мындай көп балалуу болгондорду колдоо – келечекте Кыргызстандын бакубаттуулугуна болгон инвестиция болуп калмакчы.
“3 жыл ичинде 35 миңге жакын үй-бүлөгө көмөк көрсөтүлдү”
“Социалдык келишим долбоору ийгиликтүү ишке ашырылууда. Анын алкагында 3 жыл ичинде аз камсыз болгон 35 миңге жакын үй-бүлөгө кайтарымсыз негизде 100 миң сомдон берилди. Жалпысынан 3,3 млрд. сом каражат бөлүнгөн. 2025-жылы кошумча дагы 20 миң үй-бүлөгө көмөк көрсөтүлөт. Жеке ишкерлердин иш баштоосуна жана финансылык көз карандысыздыгына мүмкүнчүлүк түзүп беребиз. 2024-жылдын сентябрынан тартып социалдык келишим долбоорунун катышуучулары үчүн колдоонун жаңы механизми киргизилди. Тактап айтканда, 3 жылдык мөөнөткө 200 миң сомго чейинки пайызсыз насыя берилүүдө. Ошондой эле ата-энесинин камкордугусуз калган жетим балдарга дагы өзгөчө көңүл буруудабыз. 2024-жылдын июль айынан баштап, келечекке салым аттуу топтомо эсеби ишке киргизилди. Мунун менен биз 2 миң 930 баланын жеке эсебине 500 миң сомдон каражат топтолуусуна шарт түздүк. Алар бул каражатты 18 жашка чыкканда колдоно алат. Ошентип биз социалдык жактан аярлуу катмарларга бир жолку гана колдоо көрсөтпөстөн, алардын мындан аркы өнүүгүсүнө тиешелүү шарттарды түзүп жатабыз”.
III Элдик курултайдын экинчи күнүндө Президент Садыр Жапаров курултайда көтөрүлгөн маселелер боюнча түшүндүрмө берди жана Элдик
курултайдын делегаттарынын берген суроолоруна жооп берди.
“Сөз эркиндиги жок дегендердин, өздөрүнүн сөз эркиндиги жок”
“Сөз эркиндиги жок деген сайттардын өздөрүнүн сөз эркиндиги жок, анткени толугу менен тышкы кожоюндарына баш ийишет”, – деп белгиледи Садыр Жапаров өз сөзүндө. Ал ошондой эле чет өлкөлөрдөн НПОлорго, ММКларга келген каражаттар боюнча маалыматтар менен бөлүшө кетти:
“Кактус Медиа” маалымат агенттиги 2021-жылы 35 000 АКШ долларын “Сорос” фондунан алган. 2022-жылы 23 185 АКШ долларын “Интерньюстан” жана 22 250 АКШ долларын “Сорос” фондунан алган. “Клооп Медиа” 2021-жылы Демократияны колдоо фондунан 585 500 АКШ долларын алган. Ал эми 2022-жылы 25 250 АКШ долларын АКШнын элчилигинен, 9 305 АКШ долларын “Сорос” фондунан, 23 185 АКШ долларын “Интерньюстан” жана 8 миллион сом ыктыярдуу кайрымдуулук түрүндө алышкан.
“Азаттык” 2023-жылы 2 270 000 АКШ долларын Демократияны колдоо фондунан, 2024-жылы болсо – 2 297 000 АКШ доллар алган.
“Говори ТВ” 2021-жылы 34 000 АКШ долларын жана 83 627 еврону Демократия үчүн Европа фондунан алган. “Политклиника” маалымат агенттиги 2020-жылы 41 800 АКШ долларын алган. 2021-жылы — 54 000 АКШ долларын алган.
“Кылым Шамы” уюму 2018-жылдан 8 586 844 сом алган.
“Бул акчалардын эсеби, отчету шарттуу түрдө эле жазылат экен. Алардын тышкы спонсорлору болсо “Ооба, жакшы иштеп жатышат” деп калышат. Бул жактан кылган иштери болсо жалаң жалган маалыматты таратмай, жамандык издемей, бирөөнүн аброюна далилсиз шек келтирмей. Анан алар сотко берсе, сөз эркиндигине кысым болуп жатат деп кыйкырып чыгышат”, – деди Президент.
Мамлекет башчысы АКШнын Мамлекеттик департаментинин жетекчилигине кайрылды: “Эгер акча каражаттарды кайда жумшай турганыңарды билбей жатсаңыздар, бизге, мамлекетке түз эле берсеңиздер. Биз дарегине жеткирип, эффективдүү колдонушун камсыз кылабыз. Журналистиканы жогорку деңгээлге көтөрүш керек болсо – көтөрөбүз. Сөз эркиндигин толук камсыздоо керек болсо, толук камсыз кылганга кепилдик беребиз”.
“Аймактардын жашоочулары үчүн ипотекалык турак жайдын жеткиликтүүлүгү камсыздалат”
Мамлекет башчысы учурда облустук маанидеги шаарларда, орто жана ири шаарларда үйлөр курулуп, ошондой эле айыл жерлеринде инфраструктура өнүгүп жатканын айтты. Ал кийин бара-бара ипотекалык компанияга айылдагы үйлөрдү дагы буйрутма берсе, 20-25 жылга бөлүп төлөө менен эски үйлөрдү бузуп, жаңы үйлөрдү салып бергенге мүмкүнчүлүгү жетерин белгиледи.
Президент турак жай менен камсыз кылуу процессин тездетүү үчүн кезекте турган жарандарга нарктын 50%ын төлөп, калган сумманы 15 жылга ипотекага жол-жоболоштуруу шартында кезексиз турак жай алууга мүмкүндүк берүүчү программалар иштелип чыкканын билдирди. Мамлекет башчысы мындай программалар турак жай шарттарын жакшыртууга жардам берүү үчүн иштелип чыкканын кошумчалады.
“Кыргыз авиациясы кара тизмеден чыгат”
«Биз Париж, Берлин, Чикаго, Куала-Лумпур шаарларына жана башка өлкөлөргө түз аба каттамын киргизүүнү пландаштырып жатабыз. Азыр сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Рес-публиканын аймактарындагы бардык аэропортторубузду эл аралык стандартка жооп бере турган кылып ишке киргизип алсак, 2025-жылы май айында акыркы текшерүү келет. Мына ошонун жыйынтыгы менен кара тизмеден чыгабыз деп турабыз. Чыккандан кийин жогоруда аталган шаарларга түз учуу мүмкүнчүлүгү пайда болот деп пландап жатабыз».
Мечиттердеги QR-код, даават тууралуу
Президент белгилегендей, мындан ары ар бир мечитке QR-код төлөөчү электрондук программа киргизилет.
“Битир садаканы кутучага салып кетишет, бирок ал кутучада канча каражат топтолгонун жана кайсы жакка кетип жатканын эч ким билбейт. Канчасы муфтиятка жеткизилет, канчасын өзү алат белгисиз. Эми ар бир мечитте QR-код менен төлөөчү электрондук программа киргизилет. Силер барып QR-код менен төлөйсүңөр, ал муфтияттын жеке эсебине түшөт. Андан соң, муфтият менен Аалымдар кеңеши кеңешип каражатты каякка жумшарын чечет”, – деди ал.
Ошондой эле даават айтууга өзгөртүүлөр киргизилет.“Кыргызстанда 80ден ашуун улут жашайт. Алардын 80 пайызы мусулмандар. Бирок, бүгүнкү күндө ушул 80 пайыз 15 уюмга кирип алганбыз. Азыр XXI кылымда жашап жатабыз. Телефон ар бириңердин колуңарда бар. Мына ошол жактан даваат айта берсеңер болот.
Кадр даярдоо маселеси
Мамлекет башчынын айтымында, СССР убагында бул маселеге өзгөчө көңүл бурулган. Союз кулагандан кийин кадр маселеси негизги көйгөйгө айланган.
«Ошондуктан биз «Акылман» лицейин ачтык, анда эң акылдуу балдар окуп жатышат. Учурда лицейде 140ка жакын окуучу билим алат. «Акылманды» аяктагандан кийин бул балдар чет өлкөдөн билим алышат. Бирок андан кийин мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн иштөө шарты коюлат», – деди Президент.
Бишкекте, Ошто томолой жетимдерге үй курулат
Бишкек менен Ош шаарларына томолой жетимдер убактылуу жашаганга эки үй курулат. Президент белгилегендей, былтыртан бери долбоорун даярдап, булактары табылды. Февраль-март айларында эки көп кабаттуу үйдүн курулушу башталат.
«Мектептерди аяктаган бүтүрүүчүлөр 18 жашка чыккандан кийин ошол үйлөрдө жашайт. 3-5 жыл жашайбы алар убактылуу жашап турат. Үйлүү-жайлуу болгондо, бошотуп кете берет. Кайра кийинкилери келип жашай бергендей кылып, мамлекеттин эсебинен куруп берүүнү пландаштырып жатабыз».
Кеминге 80 миң батирлүү жашыл шаар курулат
Быйылкы жылдын март айынан баштап Кеминде 80 миң батирлүү жашыл шаар курула баштайт. Президент белгилегендей, Кеминге жашыл шаар куруу үчүн болжол менен 1 млрд. долларга жакын каражат Улуттук банкта турат.
“Көмүрдөн баш тартууга аракет кылып жатабыз. Жашыл шаарларды куруп баштайбыз. Ысык-Көлдөн келе жаткан жолдогу Кемин шаарында контейнер менен курчалып турган 400 гектар жерге быйылкы жылдын март айынан баштап 80 миң батирлүү жашыл шаар курулуп баштайт. Ошол каражатты жумшап, алдыдагы 3 жылдын ичинде ал жерге 9 кабаттуу үйлөрдү салып бүтүрөбүз. 9 кабаттуу үйлөр тез курулат”, – деди Садыр Жапаров.
“Өзүңөр шайлоого барбай, анан шайланган депутаттын ишине нааразы болбогула”
Президент жергиликтүү кеңештерге болгон соңку шайлоолор 30 пайыз-га жетпеген шайлоочулардын катышуу-сун көрсөткөнүн белгилеп, аксакалдар жаштарды үгүттөп, шайлоого катышуунун маанилүүлүгүн жана алардын туура тан-доосун түшүндүрүп, алар менен иштешүүсү керектигин айтты..
«Өзүңөр шайлоого барбай, анан шайланган депутаттын ишине нааразы болбогула. Бүгүнкү күндө бардык шайлоо системасы автоматташтырылган жана ага шайлоо участогуна баруу жана добуш берүү процессин кошкондо эң көп дегенде 30 мүнөт гана талап кылынат».
“Жакында Бишкекте миңге жакын ипотекалык батир берилет”
Бишкекте жакынкы күндөрү 1 миңге жакын ипотекалык батир өз ээлерине тапшырылат. Мамлекет башчысынын айтымында, батирлер өлкөнүн батыш тарабында курулуп жаткан «Мурас» кичи районунан берилет.
Ал белгилегендей, азыр облустардан тартып кичи шаарлардын борборлоруна чейин ипотекалык турак жайлар курулуп жатат, келечекте ипотекалык үйлөр айыл жерлерине чейин жетет.
«Мамлекеттик ипотекалык компания тездик менен байып жана өнүгүп бара жаткан компания. Компания келечекте муктаждык жана суроо-талап болсо 25 жылга бөлүп төлөө шарты менен айылдарга чейин там куруп берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот», – деди Президент.
Даярдагандар: Болот ТАШТАНАЛИЕВ, Темирбек АЛЫМБЕКОВ