Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

«Талант жана тагдыр: Бакен Кыдыкеева»

«Кыргызсериал» чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмеси» мамлекеттик мекемеси СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, таланттуу актриса Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгынын урматына “Талант жана тагдыр: Бакен Кыдыкеева” аттуу автобиографиялык сериалын тартты. Биринчи сезону тартылып бүтүп, бет ачары болуп өттү. Алдыда экинчи, үчүнчү сезондору тартылмакчы.

1-сезон 5 сериядан туруп, Бакен Кыдыкееванын бала чагынан тартып, театрга келгени, чыгармачылык жолунун алгачкы жылдарындагы окуяларды камтыган.

Б.Кыдыкеева чыгармачылык жолун 1936-жылы Жаш көрүүчүлөр театрынан баштаган. Сахнага 13 жашында чыккан. Лопе де Веганын «Койлуу булак» драмасында Лауренсиянын ролун аткарган. Фильмде Бакен Кыдыкееванын 7-классты бүтүп эле ата-энесине айтпай театрга кирип алганы, ага атасынын каршы чыкканы баяндалат. Б.Кыдыкеева атасынын каршылыгынан улам театрдан чыгуу үчүн арыз жазганы жумушка барса, жаңы роль сунушташат. Болочоктогу атактуу актриса эч кимге билгизбей сахнага чыгып, ролду майын чыгара аткарат. Андан соң атасы кызынын таланты тууралуу гезит бетинен окуп, ага чыгармачылык менен алектенүүгө макулдук берет. Ошондон баштап ал кызынын туруктуу күйөрманы болуп, өмүрүнүн аягына чейин ар бир жаңы спектаклине гүл көтөрүп барууну адат кылып алган.

“Өткөн жылы Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгы белгиленди. Бул маараке биздин өлкөдө гана эмес Өзбекстанда, Түркияда, Азербайжанда да жыл бою белгиленди. 100 жылдыкка карата Жаныш Кулманбетовдун сценарийи боюнча сериал тартууну чечтик. Алгач, 4 серия тартабыз деп пландаганбыз. Бирок, өндүрүшкө киргенде 5 серия болуп чыкты. Себеби, Бакен Кыдыкеева тууралуу материал абдан көп. Бакен эжени 4-5 серияга батырыш мүмкүн эмес. Мына ошондуктан, 1-2-3-сезонго чейин барат го деп ойлонуп жатабыз. Кийинки сезондун сериялары дагы көбүрөк (8 же 12) болот”, – дейт “Кыргызсериалдын” жетекчиси жана сериалдык башкы продюссери Жеңишгүл Өзбекова.

Өзүнүн чыгармачылык жолунда сахна жылдызы ар кандай бут тосууларга кабылып, эки жолу театрдан айдалып, ал жактан үч-төрт жылдай чыгып калган. Учурунда анын 60 жылга жакын эмгегине тиешелүү баа берилген эмес. Жеке жашоосунда да өйдө-ылдый болуп, 33 жаштагы кызынан айрылып калган. Кыргыздын карлыгач актрисасы 70 жаш курагында жол кырсыгынан көз жумган.

“Талант жана тагдыр” сериялынын сценарийи драматург, театр таануучу, театр жана кино режиссеру Жаныш Кулмамбетовго таандык. Ж. Кулманбетов буга чейин да Бакен Кыдыкееванын өмүрү, чыгармачылык жолу жөнүндө пьеса жазып, спектаклдер коюлуп келгени белгилүү.

“Ошол пьесаны чоң фильмге айлантууну ойлонуп жүргөм. 1,5 сааттык толук метраждуу кино тартууну пландап, сценарийин да даярдап койгом. Бирок, 1,5 сааттык фильм-ге Бакен Кыдыкееванын бүтүндөй өмүрүн, чыгармачылыгын, драмалык тагдырын батыруу өтө кыйынга турат экен. Ошондуктан, сериалга айлантууну эп көрдүм.

Б.Кыдыкееванын өмүрү, чыгармачылыгын кийинки муунга айтуу жеткирүү негизги максатыбыз. Анткени, биз таланттарды сыйлаганды, барктаганды үйрөнгөн эл болушубуз керек. Эгерде биз талантты сыйлай алсак, улут катары биздин өнүккөнүбүз айкын болот. Буюрса алдыда эки сезон тартылат. 1-сезон 1942-жыл менен эле аяктады. Анда Б. Кыдыкеева болгону 18-19 жашта. Андан ары Б. Кыдыкееванын триумфу турат. Мисалы, 1940-жылдардын ортосунан баштап дээрлик 25 жылга созулган Бакен Кыдыкееванын доору жатат. Ошол эле учурда анын театрдан куулуп кеткени, 1958-жылы Москвага декадага баргандагы кейиштүү, драмалуу учурлары турат. Б. Кыдыкеевага бериле турган наам анын кесиптештеринин аракети менен берилбей калганы ж.б.у.с кейиштүү учурлар бар.

Мына ушулардын бардыгы алдыдагы сезондордо камтылыш керек. Ошондой эле Б. Кыдыкееванын өмүрүнүн финалдык бөлүгү өтө татаал, өтө драмалуу экенин биздин муун жакшы билет. Эми бизден кийинки муундун аң сезимине таасир бере тургандай абалда иштелип чыгышы керек”,-дейт Жаныш Кулмамбетов.

Бакен Кыдыкееванын ролун –Жаңыл Султангазиева аткарган. Ал  Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин көркөм өнөр факультетинде Театралдык инскусство бөлүмүндө 3-курста окуйт. «Мен сабакта отургам. Жаныш Кулманбетов агай жаныма келип: «Сени бирөөгө абдан окшоштуруп жатам. Сени сүрөткө тартып алайынчы, режиссерго көрсөтөт элем»,- мени сүрөткө тартып алды. Башында кайсы кино үчүн, кайсы роль үчүн экенин айткан эмес. Кийин Бакен Кыдыкеева тууралуу кино тартканы жатканын айтып, кастингге чакырды. Кудайдын буйругу менен барып катышып өтүп кеттим»,-дейт Ж. Султангазиева.

«Фильмдин жаралышын бет ачарга келген көрүүчүлөр абдан кызыгуу менен кабыл алышты. Бул биз үчүн кубаныч тартуулады. Бакен Кыдыкеева тууралуу сериалдын тартылышы эң жакшы иш болду. Ушундай тарыхый кинонун тартылышына салым кошкон инсандарга ыраазычылык айтам», – дейт режиссер Тынчтыкбек Акималиев.

Анара Арзыбай кызы, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар