Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Кыргызча сүйлөгөн лифттер

SKY Industrial Group компаниясы 2024-жылы лифттерге кыргыз тилин орнотту. Эми сиз лифтке кирсеңиз комуз күүсү жаңырып, кыргызча сүйлөп тосуп алат. Бул тууралуу ишкананын жетекчиси Рахат Жунушбаева  компаниянын жылды жыйынтыктоочу маалымат жыйынында айтып берди.

Бишкектеги Союздун учурунда салынган көп кабаттуу үйлөрдүн лифтеринин 70%ы эскилиги жеткен. Учурда аларды алмаштыруу маселеси курч турат. Ошондой эле жыл сайын жаңы үйлөр курулуп жатат. Андыктан учурда сапаттуу, заманбап Sky Elevators Group компаниясынын лифттери өлкө боюнча мамлекеттик жана жеке менчик сектордогу жаңы ачылган объектилерге орнотулуп жатат.

“Лифттердин сапаты, коопсуздугу эл аралык стандарттарга толук жооп берет. Өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе – лифтте кыргыз тили орнотулду, башкача айтканда кирген кишини  кыргызча сүйлөп тосуп алат”, – деп билдирди ишкананын жетекчиси Рахат Жунушбаева.

«Ошондой эле быйыл биз “Скай Тунук” тазалоочу өндүрүш жабдууларын ишке киргиздик. Бул – Кыргызстанда сууну кайра иштетүү боюнча инновациялык чечим болду. “Тунук” тазалоочу өндүрүш жабдуулары саркынды сууларды кайра иштетип, тазалап берет. Бул долбоор Кыргызстандын дарыяларын жана көлдөрүн таза сактоого чоң өбөлгө түзөт. Ысык-Көлгө жана Чүйгө, Ошко саркынды сууларды тазалоочу өндүрүш жабдууларын койдук. Жалпы эле экологияны, Ысык-Көлдү сактап калууда биздин салымыбыз зор”, – деди ал.

Ошондой эле компания кайрымдуулук иштерин да жүргүзүп келет.  Алып айтсак, SKY Industrial Group компаниясынын лифти “Алтын балалык” борборуна белек катары орнотулду. “Биздин лифттер реабилитациядан өтүп жаткан балдардын жашоосун  жеңилдетип жатканы биз үчүн чоң сыймык. Балдардын ден соолугу жана аларга түзүлгөн шарт –  биздин жаркын келечекке карай жол. Башкаларды да мындай демилгелерди колдоого  шыктандырдык”, – дейт Рахат Жунушбаева.

2024-жылы Sky Elevators Group компаниясы жалпы 150 лифт чыгарып, инновациялык жана жергиликтүү өндүрүштө улуттук лидер  катары өз позициясын бекемдеди. Кыргызстандын таза, ыңгайлуу жана жаңы технологиялык келечеги үчүн мынадан дагы чоң иштерди жасайт деген ишеничтебиз.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар